Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 21:05

Бишкекте бийлик менен оппозицияны ымалага чакырган форум өтөт


Текебаев менен Атамбаев.
Текебаев менен Атамбаев.

Форумду Кыргызстан демократиялык кыймылы уюштуруп жатат. Аталган уюмдун төрагасы Турсунбек Акун “Азаттык” радиосуна билдиргендей, бүгүнкү жыйынга бийлик өкүлдөрү, оппозиция, жарандык коом, депутаттар, эксперттер чакырылды. Анда бийлик менен оппозицияга мунаса табууга чакырык ташталат.

Президент Алмазбек Атамбаев менен "Ата Мекен" фракциясынын лидери, депутат Өмүрбек Текебаев баштаган мурдагы санаалаштардын ортосунда пикир келишпестик бийликтин Баш мыйзамды өзгөртүү аракетинен кийин күчөгөн болчу. Текебаев соңку маалымат жыйынында колунда президент жана анын айланасындагылар боюнча дагы бир топ чуулгандуу маалыматтар бар экенин жарыялаган. Бишкек шаарынын мэри Албек Ибраимов буга чейин жубайына катталган жери, анын Атамбаевге сатылышы боюнча айткандарынан улам Текебаевди сотко берерин билдирген. (NT)

XS
SM
MD
LG