Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 06:05

Саберинин тагдыры жаатында Иран түрдүү пикир айтууда


АКШнын мамлекеттик катчысы Хиллари Клинтон камактагы теги АКШлык ирандык журналист Роксана Саберинин саламаттыгы жаатында тынчсыздануусун билдирди. Анын айтымында, журналисттин тагдыры туурасында Иран бийликтери карама-каршылыктуу маалыматтарды берип жатышат.

Өткөн апта бейшемби күнү сенатта сөз сүйлөп жатып Хиллари Клинтон, Саберинин ал-абалын билип туруу үчүн бардык маалымат булактарын пайдаланышканын билдирди. Бирок анын айтымында, учурда ырасмий Тегеран теги америкалык ирандык журналистти бошотуу же бошотпоо тууралуу так кесе маалымат бербей жаткандыктан камактагы Саберинин мындан аркы тагдыры дале белгисиз бойдон кала берүүдө:

«Биз Иран бийлигинен ар качан аралашма жоопторду угуп келатабыз. Бир туруп алар аны бошотобуз дешет, бир туруп бир айдан кийин же билдирүүбүздү даярдап атабыз дешет. Менимче бул, Иран өкмөтү менен иш алып баруу кандай оор экенин ачык көрсөтүп турат.Анткени алар адам укуктары жана эл аралык стандарттар деген нерселерге сыйбаган эмелер»,- дейт мамлекеттик катчы Клинтон.

Роксана Сабери өзүнүн 32 жаш курагын 26-апрелде түрмөдө тосту. Аны январь айында АКШнын пайдасына тыңчылык кылган деген айып менен Иран бийликтери сегиз жылга түрмөгө кесишкен. Ырасмий Вашингтон андай кинени дароо четке каккан.

Өткөн аптада Ирандын башкы прокуратурасынын өкүлү Хассан Хаддат камактагы Саберинин ачкачылык жарыялап жаткандыгы тууралуу маалыматтарды четке кагып, Тегерандагы Евин аттуу түрмөдө жаткан Саберинин саламаттыгы жакшы экенин билдирген.

Бирок камактагы журналисттин атасы Реза Саберинин маалыматына караганда, Роксана Сабери эки аптадан бери ачкачылык жарыялап жаткандыктан абдан көп салмагын жоготту:

«Биз билгендей Роксана азыр ачкачылык кармап отурат. Өзү да ошентип айтып атат. Бирок эмнегедир сот бийлиги андай маалыматты четке кагууда. Түрмө докдуру ошондой жыйынтыкка келген имиш. Бирок чындык андай эмес. Роксана мага ачкачылыгын улантып атканын, бир жума ичинде 5-6 киллограмм жоготконун айтты. Ал сууга менен шекерден башка эч нерсе оозуна албай атыптыр. Биз менен сүйлөшкөндө анын колдору калтырап турду. Абдан арыктап кетекндиктен биздин жардамыбыз менен гана отура алды. Чындык мына ушундай»,- деди Реза Сабери.

Ал арада Париждеги «Чегарасыз кабарчылар» уюмунун төрт мүчөсү Париждеги Иран аба жолдорунун кеңсеси алдында ачкачылык кармап отурушат. Алар камактагы Саберини тез арада бошотууну талап кылышууда. Бирок Ирандын баш прокурорунун айтымында, Саберини оңой-олтоң эч ким бошо албайт. Эгер ага өлкөнүн руханий лидери Али Хаменеи кечирим берсе гана бошотулушу ыктымал.

XS
SM
MD
LG