Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:25

Украинада ири курал-жарак кампасы өрттөнүүдө


Кампадагы өрттүн түтүнү
Кампадагы өрттүн түтүнү

Украинанын Харьков облусунда бейшембиге оогон түнү ок-дары кампасы өрттөнүүдө. Өрт арасында жарылуулар да болуп жатат.

"Азаттыктын" украин кызматынын расмийлерге таянып кабарлашынча, азырынча жаракат алгандар же курмандыктар жок. Оро-парада жашаган 20 миң адам коопсуз жайга көчүрүлдү. Аймакта бардык учактар үчүн аба мейкиндиги жабылып, темир жол кыймылы, газ берүү токтотулду.

Бейшембидеги чукул брифингде Украина коргоо министри Степан Полторак өрттүн кесепеттеринин бири катары “диверсия, анын ичинде пилотсуз учак аркылуу жарылма зат ташталышы мүмкүн” деди.

Коргоо министрлиги бардык аскер арсеналдарын кайтарууну күчөттү. Премьер-министр Владимир Гройсмандын айтымында, кырсык болгон Балаклея шаарындагы база өкмөттүк аскерлер менен жикчилдер согушуп аткан тилкеден 100 чакырым ыраакта.

368 гектар аянттагы бул кампада миңдеген тонна ок-дары, артиллерия жана ракеталар сакталчу.

Ушу тапта база аймагынын үчтөн бири өрттөнүп жатканы кабарланууда.

XS
SM
MD
LG