Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 13:34

Берлин дубалы кулагандан жыйырма жыл өтпөй Европада тосмонун жаңы түрү пайда болду. Европа биримдигинин чыгыштагы коңшулары Европага ээн-эркин кире албай, виза алууда катаал талаптарга туш болушту.

Андай талаптар мыйзамсыз миграцияга каршы күрөшүү үчүн коюлду делгени менен аны кайра карап чыгуу керектигин айткандар бар. Көптөгөн чыгыш европалыктар шенген визасын алуу үчүн чоң суммада жең алдынан пара беришери айтылат. Анткени Евробиримдиктеги кандай гана айлык-акы болбосун алардын мекениндеги тапкан акчасынан кыйла жогору.

1990-жылдардын башында Украина, Беларус жана Молдованын батыштагы чегаралары ачылып, элдери Польша, Венгрия сыяктуу батыштагы кошуналарына ээн-эркин каттап калган кыска аралык болгон. Кийин Польша, Словакия, Венргия сыяктуу Чыгыш Европа мамлекеттери Евробиримдикке киргенден кийин ал чегаралар кайрадан жабылган. Анткени алар 25 өлкөнү өзүнө камтыган Шенген аймагынын эрежелерине баш ийиш керек болду.

Кавказдагы Европага жакын өлкөлөрдүн эли ошол кыска аралыкта ачык турган чегараны да пайдалана алышкан жок.

Балкан жарым аралындагы бир катар өлкөлөрдүн эли да СССР кулаган маалда Европа боюнча эркин жүрүүгө мүмкүнчүлүк алганы менен кийинчерээк шенген аймагына кирбей калып, виза алууга мажбур болушту.

Евробиримдик мурдагы советтер өлкөлөрү үчүн эле жыл сайын 100 миңдеген визаларды чыгарышат. Анын негизги максаты экономикалык кызыкчылыктарга, жаңы, арзан жумушчу күчүнө байланыштуу дешет. Шенген аймагына өтүү кыялы Европанын эң эле жарды өлкөсү болгон Молдовада абдан күчтүү. Бул өлкөдө тышта жүргөн эмгек мигранттары жөнөткөн каражат мамлекеттин ички пайдасынан ашып түшөт.

Ырасмий түрдө бардык эле өлкөлөрдө Шенген визасы 60 евро турат. Молдовада 90 күндүк виза ырасмий түрдө 35 евро турганы менен аны алуу абдан эле кыйын дешет. Шенген аймагында жүргөн молдовалык атын атагысы келбеген аял «Азаттыктын» суроолоруна жооп берип жатып, учурунда визаны таанышы аркылуу 2000 долларга сатып алганын айтат.

«Азыр алар визаны бери дегенде 4000 еврого сатып алышат. Бирок аны алганы менен Италияга келип эмне кыларын деле жакшы билишпейт. Мен учурунда 1800 доллар төлөгөн болсом, азыр алар мисалы, Италияга жетип алыш үчүн 4000 евро төлөшөт»,- дейт молдовалык атын атагысы келбеген эмгек мигранты.

Шенген аймагы ошентип кансыз согуш доорунан кийин кайра пайда болгон Европанын көрүнбөгөн дубалына айланды. Польшадан тарта Атлантика океанына чейинки созулган аймак өзүн күчтүү биримдик сезгени менен анын сыртындагылар башкача карап, ич күйдүлүк мамиле да бар дешет.

Балкан жарым аралындагы өлкөлөрдө шенген визасын парасыз эле алышкан менен аны алуу кыйла татаал экендигин айтышат. Коюлган талаптарды аткаруу да кыйла убакыт талап кылат.

«Азаттыктын» Белграддагы кабарчысы Бранка Тривич балкандыктардын виза маселеси тууралуу буларды айтат:

«Шенген визасын алыш оңой эмес. Сиз мисалы, жакшы жумушта иштеген жаш жигит болсоңуз да, жөн эле саякаттап, дүйнөнү кыдыргыңыз келип атса да виза алыш оор. Аны алыш үчүн көп документтерди чогултуш керек жана бул шылдыңдоодой туюлат. Көп учурда эч нерсени түшүндүрбөй туруп эле виза берүүдөн баш тартышат»,- дейт Бранка Тривич.

Булардын бардыгы Европа биримдигинин өзүндө да ар дайым тартышылып келет. Маселен, биримдикке кийинчерээк кирген Польша чыгыштагы коңшулары үчүн визасыз режим киргизүү сунушун колдоп келсе, Германия, Франция сыяктуу биримдиктин эски мүчөлөрү ага каршы чыгышууда.

XS
SM
MD
LG