Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:47

Түркияда 12 жыл мыйзамсыз жашап жүргөн кыргызстандык кармалды


Turkey, Istanbul - Bay View Golden Horn and the Marmara Sea, 14Jul2016
Turkey, Istanbul - Bay View Golden Horn and the Marmara Sea, 14Jul2016

Түркияга 12 жыл мурун турист катары келип, ушул кезге чейин Кыргызстанга кетпей иштеп жүргөн 57 жаштагы сүрөтчү Мурат Исраилов Анталиянын Серик районунда кармалды. Бул тууралу Hurriyet басылмасы маалымдады.

Визасынын убактысы эчак өтүп кеткен сүрөтчү 10 жылдан бери Түркиянын ар түрдүү аймактарында жашап эмгектенип келген. Акыркы эки жылдан бери туруктуу Анталияда жашап, ижарага алган батиринде сүрөт тартып жүргөн.

Полиция Мурат Исраиловду көчөдө токтотуп паспортун сураганда көп жылдан бери визасы бүтүп калганына күбө болгон. Полициядагы сурагы бүткөн соң Кыргызстанга депортацияланат. (ElB)

XS
SM
MD
LG