Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 12:17

Сөңгөк клеткаларын изилдөөдөгү жаңы ачылыш


Түйүлдүктөн алынган сөңгөк клеткалар (микроскоптон караганда)

Түйүлдүктөн алынган сөңгөк клеткалар (микроскоптон караганда)

Канадалык жана британиялык илимпоздор сөңгөк клеткалар тармагында жаңы жетишкендик жөнүндө айтышууда. Эми сөзсүз эле эмбрион эмес, адамдын терисинен алынган клеткаларды өзгөртүп туруп колдонсо болот. Мурда сөңгөк клеткалар адамдын түйүлдүгүнөн алынып, бул ыкма этикалык себептерден улам бир топ сынга кабылып келген.

Сөңгөк клеткалар бөлүнгөндө эки клетка пайда болот. Бирөө “эне клетканы” кайталайт, экинчиси болсо өзгөрө алат. Жөнөкөй клеткалардан айырмаланып, сөңгөк клеткалар соңсуз бөлүнө беришет. Алардын жардамы менен бир катар тубаса жана башка дарттарды, соңку изилдөөлөргө караганда жүрөк, нерв системасын, инсульт, кант диабети, генетикалык илдеттерди дарыласа болот. Жөнөкөйлөштүрүп айтканда, сөңгөк клеткалар жабыркаган клеткаларды алмаштыра алышат.

Сөңгөк клеткалар адамдын түйүлдүгүнөн алынгандыктан, бул ыкма бир топ талаш тартыш жаратып келген. Эми талаштарга чекит койсо болчудай.

2007-жылы эле япониялык жана америкалык окумуштуулар адамдын терисинен алынган клетканы сөңгөк клеткасына айландыруу жолун табышканын жар салышкан. Бирок ал үчүн ошол клеткага түрдүү 4 генден турган вирус киргизилүүгө тийиш. Вирус рак генине айланып кетиши ыктымал деген чочулоолордон улам, ошондой жол менен өндүрүлгөн клеткалар практикада колдонулган эмес.

Эдинбург жана Торонто университеттеринин илимпоздору болсо териден алынган клеткаларды өзгөртүп, эмбриондун формасына чейин жеткирүү жолун табышканын ырасташууда. Клетка пациенттин өзүнүн терисинен алынгадыктан, алардын ДНКсы бирдей болот. Демек аны адамдын иммундук системасы кабыл албай коет деген тобокелдик жоюлат.

Эдинбургдагы илимий иштерди жүргүзгөн топтун жетекчиси профессор Иэн Уилмут ачылышты – “туура багыттагы маанилүү кадам” деп баалады. Япониялык окумуштуулардын ачылышынан кийин ал сөңгөк клеткаларын эмбриондон өндүрүү жолунан баш тартканын жарыялаган. Баса, профессор Уилмут өз кезинде Долли деген койду клондоштурган топтун башында турган.

Репродукциялык Этика тобунун мүчөсү Жозефин Куинтавалле сөңгөк клетакларды адамдын түйүлдүгүн жок кылбай эле өндүрүү ыкмасын кубаттады. Ал белгилегендей, Европанын жарымы эмбриондорду клондоо жолуна каршы, жаңы ачылышты болсо проблемасыз пайдаланса болот.

Ошол эле этикалык маселелерден улам, АКШнын мурдагы президенти Жорж Буш сөңгөк клеткаларын изилдөөгө жумшалган өкмөттүк акчаны кыскартып салган. Вашингтон адамдын жашоосу ал түйүлдүк кезинде эле башталат деген ойлорго кошулаарын билдирген. Башкалар болсо сөңгөк клеткалардын жардамы менен канчалаган орулардын өмүрүн сактап калса болот, өкмөт бул багыттагы илимий иштерди финансылаш керек деп айтып келишти. Жаңы президент Обама Алцгеймер өңдүү илдеттерди дарылоо жолдорун табуу үчүн сөңгөк клеткаларды изилдөөнү колдойт.

Кандай болбосун, сөңгөк клеткалар тармагындагы ийгиликтер балким, чындап эле медицинадагы революцияга алып келээр. Андай мисалдардын бири былтыр жайында орун алган. Испанияда трахеясы жабыркаган бир аялга өзүнүн сөңгөк клеткаларынан жасалган орган трансплантацияланган. 30 жаштагы колумбиялык аял бир нече кадамдан кийин эле дем ала албай, ынтыгып калчу. Адатта трансплантацияда эң көп кыйынчылык организм жаңы органды кабыл албай койгондо жаралат. Ал эми орган адамдын өз клеткаларынан жасалса, ал иммундук системага айкалышат.

Барселонадагы операцияны жүргүзгөн топтун мүчөсү профессор Энтони Холландер дарыгерлердин ийгилигин мындайча белгилеген:

-Сөңгөк клеткалар илими менен ткандар инженериясынын жетишкендиктерин жүзөгө ашырдык. Бул ирет бул жөн гана убада болгон жок. Биз койгон максатыбызга жеттик.

Ал эми Эдинбург университетинин профессору Уилми териден алынган клаткаларды практикада колдонуу үчүн убакыт зарыл дейт.

  • 16x9 Image

    Айнура Жекше кызы

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, котормочу. Кыргыз улуттук университетинин чет тилдер факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG