Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 17:10

Сыргак Абдылдаев: Мага саясий кычаштык менен кол салышты


Бишкектеги №4 ооруканада жаткан журналист Cыргак Абдылдаев 5-мартта кечинде реанимация бөлүмүнөн палатага которулду. Дарыгерлер анын абалы жакшыра баштаганын айтышууда. Кирген-чыккан адамдар менен сүйлөшүп жатат. Палатага баш баккан "Азаттыктын" кабарчысына Сыргак Абдылдаев анын өмүрүнө кол салуу саясий буюртма болушу мүмкүн деп ойлоп жатканын айтып берди.

- Сыргак, абалың кандай? Дарыгерлер кандай карап атат?

-Мени ооруканада жатканда жакшы карап жатышат. Саясий-криминалдык факторго байланыштуу болгондуктан мага өзгөчө көңүл бөлүү менен дарылап жатышат.

-Сыргак мырза сизди келтектеп кеткен окуянын чоо жайын өз оозуңуздан уксак.

-Ошол окуя болгонго чейин Чолпон Жакыповадан интервью алганмын. Ошол жерде артымдан аңдуу жүргөнүн байкадым. Азырынча мен тергөөнүн кызыкчылыгы үчүн сырдын баарын ачык айта албаймын. Артымдан кимдир бирөөнүн түшкөнү бир ай мурда эле белгилүү болгон. Аңдуу системалуу түрдө болгон, кээде жөө, кээде машина менен аңдышкан.

-Өчөшкөн адамдарыңыз бар беле? Сизге кол салуунун артында кандай себеп-мотивдер болушу мүмкүн?

-Мен өзүм мурдагы аскер чалгынчысымын, мен муну кадимкидей эле оперативдүү байкоо салып жүрөт деп ойлогонмун. Мен андай эле фигура эмесмин. Маалымат чогултуп материал жазып жүргөн эле журналистмин. Мен муну ошондуктан саясий заказ болушу мүмкүн деп ойлойм. Азырынча бир версияга токтоло элекмин. Кандайдыр бир буйрук болушу мүмкүн. Бирок мен анын чыныгы мотивдерин көрбөй жатам. Мага ойлонгонго убакыт керек. Ошол кырдаалды бүт талдап чыгышым керек.

- Сыргак мырза өзүңүз деле кылмыш дүйнөсү туралуу түшүнүгүм бар деп жатасыз. Сизди бычактагандар атайын машыккан кишилердей көрүнгөн жокпу?


- Бычак менен он алты жолу профессонал адам гана ура алат. Ошондой бир көрсөтмө болгон. Белгисиз адамдардын тобу бирөөнүн буйругун гана аткарышты. Алар буйруктан тышкары эч нерсе жасаган жок.

- Сизди буюрган адамдардын табылып жазаланышына көзүң жетеби?

- Жок. Оштук журналист Сайиповдун өлүмү боюнча кылмыштын бети ачылбагандай эле мени уруп-сабагандар деле табылбайт.

- Мурда дагы Сизге кол салуулар болгон турбайбы?

- 2007-жылы 7-кичирайонунда чакан базардын жанында болгон эле кол салуу. Ал жолу милиция менин арызымды алуу баш тарткан болчу. Эч кандай тергөө жүргүзүлгөн эмес. Анда Коргоо министрлигинин чалгындоо башкармасынын офицери болчумун. Бул иш дагы менин кесиптик ишмердигиме түздөн түз байланыштуу болгон.

- Ким кабар берди, ооруканага ким алып келди?

-Мени тез жардам алып келди. Каяктан билбейм, эсимди жоготуп коюпмун.

-Канча балаң бар?

- Кичинекей кызым бар.

- Канчага чыкктың?

- Кырк алтыдамын.

- Эми жакшы болуп кет анда .

- Ыракмат, ыракмат.

XS
SM
MD
LG