Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 21:09

Бычактын мизиндеги өмүрлөр...


Сыргак Абдылдаев бычакталып, ооруканада жаткан убагы. 2009-жылдын март айы.
Сыргак Абдылдаев бычакталып, ооруканада жаткан убагы. 2009-жылдын март айы.

Швецияда бозгунда жүргөн журналист Сыргак Абдылдаев коомчулукка ачык кат менен кайрылды. Ал өз катында маркум депутат Руслан Шаботоевди кимдер өлтүрткөнүн билерин, ошондой эле Медет Садыркулов, Сергей Слепченко, Геннадий Павлюктун өлүмдөрү бири-бирине байланыштуу экендигин айткан.

Журналист Сыргак Абдылдаев өз кайрылуусунда эки жылдан бери ооз ачпоого аргасыз болуп келаткан маалыматтардын аз гана бөлүгүн ачыкка чыгарганын баса белгилейт. Кесиптеши Геннадий Павлюктун өлүмү ачык кат жазуусуна себепчи болгонун айткан журналист, өзүнүн бычакталышы менен мурдагы президенттик администрация башчысы Медет Садыркуловдун, аналитик Сергей Слепченконун жана журналист Геннадий Павлюктун өлүмүнүн байланышы бар экенин айтат.

Ошондой эле ал Социал-демократтар фракциясынын депутаты болуп турган Руслан Шаботоевдин өлүмү саясий буюртма экенин жана иликтөөлөрүнүн негизинде ким аны буюртканын түшүнгөнүн белгилейт.

Айта кетсек, былтыр 13-мартка караган түнү Бишкектин четинде өрттөнгөн “Lexus LX 570” маркасындагы авто унаа табылып, ичинен күйгөн үч дене чыккан. Кийин ал күйгөн денелер мурдагы президенттин администрация башчысы Медет Садыркулов, мурдагы эл аралык стратегиялык изилдөө институтунун директору Сергей Слепченко жана айдоочу Кубат Сулаймоновго таандык экендиги аныкталган.

Ырасмий версия боюнча ал үчөөнүн өлүмүнө “жол кырсыгы” деген аныктама берилип, алар отурган унааны сүздү делген “Audi 100” унаасынын айдоочусу Өмүрбек Осмонов 12 жылга эркинен ажыратылган.
Ушул аралыкта 26 кылмыштын ичинен, бүгүнкү күндө тогузу сотко берилди. Бирок соттордун бардык чечимдеринин жыйынтыгына караганда, бир дагы жерде ошол кылмыштар кесиптик ишмердүүлүктөрүнө байланышканы көрсөтүлгөн эмес.
М.Конгантиев

Оппозиция өкүлдөрү болсо булардын өлүмүн бийликтен көрүп келишет. Анткени, бийликтен кеткенден кийин М.Садыркулов оппозиция өкүлдөрү жана эркин журналисттер менен жолугушууларды өткөрө баштаган эле.

Эми С. Абдылдаев дагы табышмактуу өлүмдөрдүн четин ачып, М. Садыркулов анын “21 кылым” аттуу оппозициялык интернет долбоорун каржыламакчы болуп жүргөнүн айтып чыкты. Ошондой эле ал Алматыда жок кылынган журналист Геннадий Павлюк да М.Садыркуловдун өлүмүн иликтеп жүргөнүн, аны өз оозунан укканын айтат.

Кыргызстанда саясий ишмерлер менен катар эркин журналисттерди да өлтүрүү, сабоо фактылары көбөйүп баратканы тууралуу жарандык коомчулук, эл аралык уюмдар да тынчсызданууларын билдирип келатышат.

Ал эми тергөө-иликтөө органдары жогорудагы фактылардын көбүн тоноо иретинде жасалган катардагы кылмыш катары баалап келишет.

Ички иштер министри Молдомуса Конгантиев, 2005-жылдан берки журналисттерге кол салуу фактылары тууралуу буларды айтат:
Молдомуса Конгантиев

- Ушул аралыкта 26 кылмыштын ичинен, бүгүнкү күндө тогузу сотко берилди. Бирок соттордун бардык чечимдеринин жыйынтыгына караганда, бир дагы жерде ошол кылмыштар кесиптик ишмердүүлүктөрүнө байланышканы көрсөтүлгөн эмес. Мен да айтып кетишим керек. Булардын бардыгы эле журналисттердин кесибине байланашкан деп айта албайм. Анткени, бардык кылмыштар түн ичинде, жумуштан кийинки маалдарда болуп атат. Анан алардын көбү уюлдук телефондорду, күрмө, тумактарды тоноо сыяктуу мүнөзгө ээ.

Бириккен элдик кыймылдын саясий кеңешинин мүчөсү, “Улуу Биримдик” партиясынын жетекчиси Эмил Каптагаевдин пикиринде, чет жерде жүргөнү менен Сыргак Абдылдаевдын өмүрүнө дале коркунуч бар. Ошол себептүү ал билгендеринин бардыгын толук айта албай атат:
Эмил Каптагаев

- Өзү журналист катары тапкан материалдарынын көбүн чыгарган жок. Азыр да болсо ал өз өмүрү үчүн кооптонуп отурат. Менин оюмча, Сыргактын айтканындай бул өлүмдөрдүн байланышы бар. Ал байланыштын баары келип эле бүгүнкү түзүлүп калган бийлик режимине такалат. М.Садыркулов болобу, Г.Павлюкпу же Сыргак өзүбү – булардын бардыгынын кыймыл аракети, журналист же саясатчы катары ишмердүүлүктөрү азыркы бийликке каршы болуп атпайбы. Сыргак айтып аткан байланыш ошол.

Эскерте кетсек, былтыр 3-мартта “Репортер-Бишкек” гезитинде иштеген журналист Сыргак Абдылдаевди ошол эле гезиттин редакциясынын алдында, кечки саат жетилерде бычактап кетишкен. 21 жолу бычак жегенине карабай ал тирүү калып, ооруканадан чыкканында да коркутуп-үркүтүүлөргө туш болгон. Кийинчерээк чет жерден баш калка сурап, өлкөдөн чыгып кеткен.

Ички иштер министрлиги 2005-жылдан бери журналисттерге кол салган 26 факты катталганын, алардын дээрлик басымдуу бөлүгү жөнөкөй тоноо максатында жасалганын айтууда. Ал эми “Журналисттер” коомдук бирикмесинин эсебинде ал сан эки эсе көптүк кылат жана алардын көбү журналисттердин кесиптик ишмердүүлүгүнө байланыштуу.

XS
SM
MD
LG