Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 00:39

Чүш-ш! Дубалда кулак бар...


Жогорку Кеңеш “Изин суутпай издөө иши жөнүндө” жана “Электр, почта байланыштары жөнүндө” мыйзамдарга өзгөртүү киргизүүдө
Жогорку Кеңеш “Изин суутпай издөө иши жөнүндө” жана “Электр, почта байланыштары жөнүндө” мыйзамдарга өзгөртүү киргизүүдө

Жогорку Кеңеш “Изин суутпай издөө иши жөнүндө” жана “Электр, почта байланыштары жөнүндө” мыйзамдарга өзгөртүү киргизүүдө. Ага ылайык УКК баштаган күч органдары бардык байланыш каражаттарын тыкыр көзөмөлдөп, кылмыштарды изин суутпай ачууга жол ачылмакчы.

Бирок буга каршы чыккандар эми саясий себептер менен кайсы бир адамдардын телефондору тыңшоого алынып, жарандардын жеке турмушуна сүңгүп кирүү күчөөрүн айтышууда.

Жогорку Кеңештеги “Ак жол” фракциясынын мүчөсү Турдукан Жумабекова баш болгон депутаттык топ сунуш кылган мыйзам долбоордун биринчи окууда кабыл алынышы айрым саясий чөйрөлөрдүн, укук коргоочулардын тынчын алууда. “Изин суутпай издөө иши жөнүндө” жана “Электр, почта байланыштары жөнүндө” деп аталган мыйзамдар өзгөртүлүп, эми Улуттук коопсуздук кызматы
Бул мыйзам – Кыргызстандагы оперативдүү чалгындоого укугу бар күч органдардын байланыш каналдары аркылуу изин суутпай издөө иштерин жакшы жолго коюшуна жардам берет.
Турдукан Жумабекова
баштаган органдар байланыштын бардык түрлөрүн көзөмөлдөй турган күчкө ээ болмокчу. Ал үчүн атайын техникалык каражаттарды ишке киргизүү да каралган. Демилгечилердин айтымында, бул мыйзам ишке кирсе тартип коргоочулардын иштери жеңилдеп, террорчулардын, экстремисттик уюмдардын телефондон сүйлөшүүлөрүн, электрондук маалымат алмашууларын көзөмөлдөө жеңил болмок.

Бирок бир катар депутаттар, саясий ишмерлер жана укук коргоочулар аталган мыйзам долбоор кыйла эле чийки болуп калганын айтышууда. Маселен, эми оппозициядагы саясатчылардын бардык байланыштары тыкыр көзөмөлдөнүп калат деген чочулоолор бар.

Мыйзам долбоордун демилгечилеринин бири Турдукан Жумабекованын айтымында, кайсы бир шектүүлөрдү тыңшоо, байланыштарын көзөмөлдөө Башкы прокуратуранын уруксаты менен жасалат. Террорчулар, кылмышкерлер күчөп аткан шартта мындай мыйзам керек болуп турат:
Турдукан Жумабекова

- Бул мыйзам – Кыргызстандагы оперативдүү чалгындоого укугу бар күч органдардын байланыш каналдары аркылуу изин суутпай издөө иштерин жакшы жолго коюшуна жардам берет. Байланыштын заманбап техникалык тутумдарын кеңири киргизүү керек. Изин суутпай издөө иштеринин усулдарын мыкты жана мыйзам базасынын алкагында жүргүзүү керек болуп турат.

Жогорку Кеңештин бир катар депутаттары мыйзам долбоордо так көрсөтүлбөгөн бир катар кемчиликтер бар экенин да айтышты. Депутат Динара Молдошеванын айтымында, байланышты көзөмөлдөй турган 2,5 миллион доллардын тегерегинде бааланган техникалык каражатты сатып алуу байланыш
Бизде муну көбүнчө оппозициялык маанайдагы саясатчыларды текшерүү, алардын почтолорун кароо, аңдып-тыңшоодо колдонушмакчы.
А.Шыкмаматов
оператолорунун мойнуна жүктөлгөн. Мындай шартта уюлдук операторлор сүйлөшүүнүн бааларын дагы кымбаттатышы ыктымал.

“Ата Мекен” партиясынын аппарат башчысы Алмамбет Шыкмаматовдун пикиринде, эгер чындап эле террорчу-экстремисттер тарабынан коркунуч туулса атайын кызматтар изин суутпай изилдеп, алардын байланыштарын көзөмөлдөгөнү туура. Бирок Кыргызстанда бул иш-чара такыр тескери иштерге пайдаланылышы мүмкүн:
Алмамбет Шыкмаматов

- Бизде муну көбүнчө оппозициялык маанайдагы саясатчыларды текшерүү, алардын почтолорун кароо, аңдып-тыңшоодо колдонушмакчы. Ал эми ал саясатчылар мамлекеттин улуттук кызыкчылыгына эч кандай коркунуч туудурган жок да. Ошондуктан аларды сотко кантип айтышат. “Буларды оппозициялык ишмердүүлүктөрү үчүн тыңшашыбыз керек”,- деп айтышса уят жана мыйзамсыз болуп калбайбы. Андыктан булар каалаганын жасай беришет...

“Интернет саясаттын жарандык демилгеси” коомдук корунун жетекчиси Таттуу Мамбеталиеванын айтымында, эми бул мыйзам боюнча кайсы бир уюлдук оператордун абонентине карата кылмыш иши козголсо, ошол тейлөө кызматын көрсөткөн ишкананын иши токтотулушу да мүмкүн. Мындай болуп калса башка миңдеген абонеттер байланышсыз калуусу ыктымал. “Ушул сыяктуу кемчиликтери бар бул мыйзамды жакшылап оңдоп-түзөө керек” дейт Т.Мамбаталиева.

XS
SM
MD
LG