Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:19

Өзбекстан ШКУнун аскерий машыгууларына катышпайт


Өзбек парламентинин жогорку палатасы - Сенат өлкөнүн Шанхай кызматташтык уюму менен кызматташуусу жөнүндө жаңы мыйзам кабыл алды.


1-сентябрда Сенат бекиткен бул мыйзам байкоочуларды ШКУнун терроризмге каршы машыгууларына катышуусун чектейт.


Сенаторлор өзбекстандык аскерий байкоочуларды ШКУнун терроризмге каршы күрөшүү боюнча машыгууларына жиберүүсүн чектөөнүн жөнүн - Өзбек Республикасында аскерлерди тыш өлкөлөргө жөнөтүүгө тыйуу салган мыйзам бар экени менен

2005-жылкы Анжиян окуясынан кийин Карши-Ханабад аэродромунан чыгарылган АКШлык аскерлер Өзбекстанга кайра келери мүмкүн деген кеп-сөздөр кайра жанданды...

түшүндүрүштү. Өзбек Сенаты ШКУ менен кызматташуу жөнүндөгү жаңы мыйзамды кабыл алгандан бир нече ай
Президент Каримов эзели АКШ менен жакындашса, Россияга мүнөзүн көрсөтө баштайт.
илгери же жай башында Өзбекстан КМШ өлкөлөрүнүн Жамааттык коопсуздук келишими уюмунун тез аракеттенүүчү күчтөрүн түзүү тууралуу келишимге кол койуудан баш тарткан. Буга катар ырасмий Ташкент Жамааттык коопсуздук келишиминен чыгуу ниетин билдирген.

“ИнфоШОС.ру” интернет басылмасынын башкы редактору Татьяна Синицина Өзбекстандын Шанхай кызматташуу уюмунун контртерризм боюнча аскерий машыгууларына өз байкоочуларын чектөөсүн кадыресе көрүнүш деп баалайт:

-Муну демарш деп кабыл алып болбойт. Минтип айтып, маселени жылмалагым келбейт. Себеби ШКУ өз мүчөлөрүнүн көз карашына түшүнүү менен мамиле жасайт. Ар кимдин башкалардан жашырган өз картасы бар.

Синицина береги сөзүнө Өзбекстандын Тышкы иштер министрлиги Кыргызстандын түштүгүндө Россиянын аскерий базасын ачуу-региондогу кырдаалды бейстабилдештирет деген билдирүү жасаганын да кошумчалай кетти.

ШКУнун Кыргызстанда өткөн соңку машыгуусуна өзбек тараптан даражалуу офицерлер келип, аскерлер катышкан эмес. Ошон үчүн өзбек тарап азыр бир аз тыныгып, абалга сырттан көз салууну чечкендир деп боолгойт Синицина.

Ташкенттик серепчи Фархат Талипов Сенаттын өзбекстандык аскерий байкоочуларды ШКУнун терроризмге каршы машыгууларына катышуусун чектөөсү - Республиканын Тышкы саясат жөнүндөгү мыйзамына байланыштуу экенин айтат:

-1990-жылдары Өзбекстандын Тышкы саясаты жөнүндө мыйзам кабыл алынган. Ага ылайык, өлкө НАТО, Жамааттык кызматташтык келишими сыяктуу уюмдар менен аскерий эмес багытта кызматташып, бирок аскерий иштерден четте турат. Береги кадамды ушул нуктан түшүнүү зарыл.

Деген менен, байкоочулар Өзбекстан быйыл жаздан тарта АКШ жана Европа Биримдиги менен жакындаша баштаганын белгилешет. Атап айтканда, өткөн айда АКШ Куралдуу күчтөрүнүн Борбордук командачылыгынын башчысы, генерал Дэвид Петреус Ташкенде президент Каримов менен кездешти. Анын артынан эле АКШ-Өзбекстан арасында аскерий-техникалык кызматташуу жөнүндөгү келишимге кол коюлду. Удаа эле 2005-жылкы Анжиян окуясынан кийин Карши-Ханабад аэродромунан чыгарылган АКШлык аскерлер Өзбекстанга кайра келери мүмкүн деген кеп-сөздөр кайра жанданды.

XS
SM
MD
LG