Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 10:57

Терроризмдин булагы жакырчылыкпы же байлыкпы?


Террордук уюм катары таанылган Өзбекстан Ислам кыймылынын лидери Тахир Юлдашев
Террордук уюм катары таанылган Өзбекстан Ислам кыймылынын лидери Тахир Юлдашев

Терроризмге каршы күрөштө мамлекеттик уюмдардын, жарандык коомдун жана ишкер чөйрөнүн кызматташтыгын арттыруу ЕККУ Бишкекте уюштурган конференциянын башкы максаты болуп саналат.

“Терроризмге каршы күрөштө мамлекеттик органдар менен жарандык коом жана ишкер чөйрөнүн өнөктөштүгү” деп аталган Борбор Азиялык конференцияны ЕККУ, Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги жана Улуттук коопсуздук комитети менен бирге өткөрүп жатат. Алар негизги үч багытты- терроризмге каршы күрөштө мамлекеттик мекемелер менен жарандык коомдун жана ишкер чөйрөнүн кызматташуу формалары менен ыкмаларын талкууга алышууда.

БУУнун террорго каршы күрөш боюнча комитетинин аткаруучу директоратынын башкы юристи Сара Гринблаттын айтымында, БУУнун бул багытта кызматташууга укуктук негиз берген 16 эл аралык конвенциясы бар. Бирок көп мамлекеттер аны ратификациялап, ишке ашырууга ыкшоолук кылган учурлар арбын.


АКШнын терроризм менен күрөшүү кызматташтыгы боюнча борборунун директору Алистер Миллердин айтымында, маалымдуулукту күчөтүп, жарандык коомду тартуу жана алардын иштөөсүнө мамлекеттердин шарт түзүп берүүсү абдан зарыл.

Бул жагдайдан алганда Борбор Азияда коңшу мамлекеттердин чек араларынын тактала электиги, баңги соодасынын күчөшү жана адам укуктары корголбой, мыйзам үстөмдүгүнүн жоктугу абалды ого бетер күчөтүп жатат.


Кыргызстандын Улуттук коопсуздук комитетинин терроризмге каршы күрөш башкармасынын башчысы Орозалы Атчабаровдун айтымында, террористтик уюмдар иш багыты менен ыкмасын тез-тез өзгөртүп, маалымат технологиясынын улам жаңы жетишкендиктерин мыкты өздөштүргөн интернационалдык түзүмгө айланып баратат. Алар ар кандай аттарга жамынуу менен ишин Интернет аркылуу жүргүзүүдө:


-Айрым маалыматтар боюнча азыр террористтердин 4 миңден ашык вебсайттары иштеп жатат. Андай көрүнүштөн Кыргызсан жана бизге коңшу мамлекеттер куру эмес. Жакында эле өзүн жамааттар деп атаган топтор пайда болду. Алар вебсайттар аркылуу эле террористтик радикалдуу топторду түзүшүп, Казакстандын Кордай облустунда теракт жасоо үчүн бир нече жайларды тандап коюшкан. Эки мамлекеттин тартип коргоо органдарынын биргелешкен аракетинин негизинде жардыргыч заттар, курал-жарактар жана террорго зарыл башка жабдыктар алынып, бир нече мүчөсү кармалды.


Орозалы Атчабаровдун маалыматы боюнча мындай топтор куралчан топтордун мүчөлөрүн гана даярдабастан, экстремисттик регионалдык топторду даярдап, өлкөлөр аралык иш жүргүзгөн баңги жана уюшкан кылмыш топтору менен биригип жатышат. Мындай ирилешүүгө региондо саясий туруктуулуктун жоктугу, экономикалык кыйынчылык жана социалдык көйгөйлөр өбөлгө түзүп, жумушсуз, билимсиз калктын өкүлдөрү террорчул топторго тартылып кетип жатат.

КМШнын парламенттер аралык ассамблеясынын “Өнүгүү менен демократияга байкоо салуу” эл аралык институтунун Бишкектеги бөлүмүнүн директору Икболжан Мирсаидов мындай ойго макул эмес. Анын баамында, террорчулуктун токтобой жатышы маалыматтык түшүндүрүү иштеринин жоктугунан болуп жатат:


-Терроризмдин өнүгүүсү боюнча ар кандай божомолдор көп. Анын бири терроризмге кедейлер тартылып жатат деген божомол. Ал туура эмес, аны жокко чыгарышыбыз керек.Терроризмге кедей эмес, байлар тартылып, терроризм алар үчүн бизнес болуп калды. Алар жан кечтилерди товар катары сатып алып жатышат. Анан терроризмге тартылгандардын көбү өтө билимдүү адамдар. Алар көп маалыматты ала алышат жана иштетип, тарата алышат. Андан тышкары терроризмдин идеологиясынын күчтүү болуп жаткандыгынын башкы себеби- адамдын сезимине таасир бере алгандыгында. Демек, биз ушулардын тамырын таап, аны балта менен керте чапкандай кылбай кылдат күрөшүшүбүз, ар бир адамдын сезимине таасир
бере турган маалымат менен камсыз кылуу жолун табышыбыз зарыл.


Конференцияда терроризмге каршы күрөштө жарандык коомдун мүмкүнчүлүгүн кеңири пайдалануу баса белгиленди. “Кыргыз-Консепт” компаниясынын жетекчиси Эмил Үмөталиевдин баамында, ал үчүн мамлекеттер мыйзамдын үстөмдүгүн камсыз кылуусу жана мыйзамдарды кабыл алууда жарандык коомду талкууга тартып, адам укуктарын коргоону күчөтүүсү керек.


-Эгер мамлекет адам укугун коргоп, алардын коопсуздугун камсыз кылса эл өзү терроризмге берилбей, ага тарткан күчтөрдү мамлекетке киргизбей туруп берет. Анан кабыл алынган мыйзамдын аткарылышын мамлекет камсыз кылып, мамлекеттик бийлик өкүлдөрү өзүлөрү так аткарып жана аткарууну талап кылып турса эл аны коргоого алат. Эгер мыйзам аткарылбаса эл таяныч менен ишеничти башка жактан издеп калат. Эл бал эмизген сунуштарга тез берилип, кошулуп кетет. Ошондуктан мыйзам үстөмдүгү менен адам укугун коргоо зарыл.

XS
SM
MD
LG