Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 10:19

Мындан 10 жыл мурун НАТО аскерлери Сербияга абадан чабуул коюшкан. Бул чара серб күчтөрүнүн Косовонун албан калкына каршы зордук-зомбулугуна жооп иретинде көрүлгөн. Белградда көптөрү аны “Батыштын агрессиясы” катары баалашса, Приштинанын тургундары чабуулдар репрессивдүү доорго чекит койгон дешүүдө.

Адам укуктарын коргоо уюмдарынын маалыматына ылайык, НАТОнун 11 жумага созулган кампаниясы 500дөй бейкүнөө адамдын өмүрүн алып кеткен. Чабуулдан Сербия, анын ал кездеги провинциясы Косово жана Монтенегродогу инфраструктура талкаланган. Белграддагы расмий адамдар болсо курман болгондордун саны мындан да көп, атап айтканда 3 миң кишиге жетет деп ырастап келишет.
Сербиянын коргоо министри Драган Сутановач Ройтерс агенттигине НАТОнун операциясы чоң катачылык болгонун айтат:

- Менин ошол кездеги пикирим өзгөргөн жок. Ал - альянстын чоң катасы болду деп эсептейм. Бомбалоолор орун албашы керек эле. Миң жылдыктар, кылымдар тогошкон маалда бир улуттун бомбалоого кабылышы табиятка каршы келген нерсе деп ойлойм. Мен бир улут дегенде ошол кездеги Югославияда жашаган бардык жарандарды айтып жатам.

Азыр эгемен өлкө болуп калган Косоводо болсо ал кездеги окуяларга таптакыр башкача баа берилет. Премьер-министр Хашим Тачи НАТОнун чабуулдары алдында косоволук албандар серб күчтөрүнөн нечендеген запкы чегишкенин эске салат:

- НАТОнун интервенциясы эларалык коомчулуктун маанилүү чечими болуп калды. Биз Рамбуйе (Rambouillet) келишимине кол койгонбуз. Косово согуштун кучагында болчу. Сербдер карапайым элди депортациялап жаткан. Биздин күрөш эларалык коомчулуктун колдоосун таба алды. Интервенция туура убакытта жасалды, анын аркасы менен Косово эркиндикке жетишти.

Франциянын Рамбуйе деген жеринде эларалык арачылардын жардамы менен жетишилген тынчтык келишимине Югославиянын ал кездеги президенти Слободан Милошевич, Косоводогу албандардын эгемендүүлүк кыймылынын лидерлеринен айырмаланып, кол коюудан баш тарткан.

Приштиналык жазуучу Риза Грейцевчинин ырастоосунда, албандыктар үчүн НАТОнун чабуулдары Белградга каршы согуштун башталашын гана эмес Белграддын кысым көрсөтүүсүнө чекит койгон жараяндын башатын билдирет.

Албан эли, жаштар жана карылар эң кубаттуу аскерий уюмга – НАТО, Батыш өлкөлөрүнө, Америка жана алардын шериктерине ыраазы. Алар кылмышты жана Сербиянын албан элине каршы геноцидин жазалоого катышышты.

Киийн Милошевичке Улуттар уюмунун согуш трибуналы согуш кылмыштары жана геноцид үчүн күнөө таккан. Ал өкүм чыгарыла электе Гаагадагы түрмөдө каза болгону менен, сербиялык 5 расмий адам Косоводогу кылмыштары үчүн айыптуу деп табылып, өткөн айда 15 жылдан 22 жылга чейин түрмөгө кесилишти. Бирок 1999-жылы Сербиянын президенти болуп турган Милан Милутинович акталды. Судьялар серб куралдуу күчтөрүнүн жогорку командачысы иш жүзүндө Милошевич болчу деген бүтүмгө келишти.

1990-жылдары “Эркин Европа/Азаттык” радиосунун Югослав редакциясынын директору болуп иштеген Ненад Пейичтин айтымында, сербдердин көбү азыр деле НАТОнун чабуулдарына Милошевичтин саясаты алып келгенин моюнга алгысы келбейт.

  • 16x9 Image

    Айнура Жекше кызы

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, котормочу. Кыргыз улуттук университетинин чет тилдер факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG