Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 05-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 08:56

Серб парламенти кыргынды айыптады


Босния -- Сребреницада кыргынга учураган мусулмандардын тизмеси 2005-жылы ташка чегеленип жазылды. Анда сегиз миңден ашуун кишинин ысымы бар.

Босния -- Сребреницада кыргынга учураган мусулмандардын тизмеси 2005-жылы ташка чегеленип жазылды. Анда сегиз миңден ашуун кишинин ысымы бар.

Сербиянын парламенти 1995-жылы Сребреницадагы кызыл кыргынды айыптаган резолюция кабыл алды. Аны 250 депутаттын 127си колдоду. Бирок документте аталган окуя "геноцид" деп аталбайт.

Резолюцияда мындан он беш жыл илгери июлда Босниядагы Сребреница шаарында сегиз миңдей босниялык мусулманды боо түшүрүп атып салган кыянат кескин айыпталат, Сербия кызыл кыргынды токтотуп кала албаганы үчүн ошол ойрондуу окуяда опот болгондордон, алардын азыркы урпактарынан депутаттар парламент атынан кечирим сурашат. Мындан тышкары генерал Радко Младичти таап, камакка алуу керектиги баса белгиленет.

Резолюциянын долбоорун парламентке "Европалык Сербия үчүн" фракциясы сунуш кылган эле. Кызуу талаш-тартыштардан кийин документтин акыры кабыл алынганына алымсынган башкаруучу коалициянын мүчөсү, социал-демократтар лигасынын лидери Ненад Чанак бул кадам иштин башталышы гана экенин билдирди. "Бүгүнкү резолюция өткөн тарыхтагы музтоонун сыртка чыккан эле чокусу. Аскерий бул кылмыштын оор жүгүн биз болочоктогу муундарга калтырып кете албайбыз",-деп айтты ал.

Резолюцияда серб парламенти Сребреницадагы кызыл кыргынды "Эл аралык соттун чечиминдеги аныктама боюнча" айыптай турганы айтылат. Мунун өзү, эл аралык укуктар боюнча адис, белграддык профессор Радослав Стояновичтин айтымында, Сербиянын парламенти аталган окуяны "геноцид" катары кыйыр түрдө тааныганын тастыктайт.

"Не дегенде Эл арлык сот өзүнүн 2007-жылдагы токтомунда Сребреницадагы окуяны геноцид деп атаган", - дейт ал.

Эл аралык сот өз токтомунда бул кыргындын жоопкерчилигин Сербияга жүктөгөн эмес, болгону Белградды дүйнөлүк экинчи согуштан кийинки эң ырайымсыз бул ишти токтотуп калуу үчүн эч кандай чараларды көргөн эмес деп гана көрсөткөн.

1995-жылы Сребреницада босниялык мусулмандар үчүн качкындар лагери уюштурулуп, шаар Улуттар Уюмунун анклабы болуп жарыяланган. Буга карабастан босниялык сербдердин ошо кездеги аскер башчысы Радко Младич шаарды алганга буйрук берген.

"1995-жылы 11-июлда биз сербдер Сребреницаны алдык. Мен бу шаарды сербдерге белек кылым берем, акыры бизге ушинтип түрктөрдөн өч алган күн да келди",- деп айткан ал шаарга кирген күнү.

Көп өтпөй босниялык эркектананын баарын, алардын ичинде он сегизге толо элек өспүрүмдөрдү кошо жүк ташуучу машиналарга салып, шаардын сыртына алып чыгып кетишкен. Кийин айкын болгондой, алардын баарын түгөл атып, атайын казылган аңдарга көмүп салышкан экен.

Босниялык сербдердин ошо кездеги президенти Радован Каражич менен аскер башчысы Радко Младич түздөн-түз Сербияга баш ийген эмес, бирок Белграддын колдоосуна таянган. Каражич азыр Гаагадагы түрмөдө, Младич ушул кезге чейин табыла элек.

Сербиянын азыркы президенти Борис Тадич 2005-жылы Сребреницадагы кыргындын он жылдык азасына катышып, өз атынан кечирим сураган жана мунусу үчүн Белградда кескин сынга алынган. Парламенттин жаңы кабыл алынган резолюциясы Белградга эмдиги жылы Евросоюзга мүчөлүккө талапкер болгонго мүмкүндүк ачат.

Сербиядагы оппозиция, арийне, резолюцияны айыптады. Демпартиянын лидери Милош Алигрудич бул резолюцияны "Сербиянын бетине жабылган өчпөс көө" катары баалады. Ал эми "Жаңы Сербия" фракциясынын жетекчиси Велимир Илич: "Эмне үчүн жалгыз гана Сребреницаны бөлүп көрсөтүшүбүз зарыл да, Балкандагы калган башка кылмыштар айыпталбайт? Эмне үчүн жалгыз биздин урпактар гана жууса кеткис кара тамга менен калышы керек?"- деп билдирди.
XS
SM
MD
LG