Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:48

С.Абдрахманов: кыргыздар кыйын кезеңде казак элине кол сунган


Казакстандык саясатчы Серик Абдрахманов "Азаттыкка" интервью берди
Казакстандык саясатчы Серик Абдрахманов "Азаттыкка" интервью берди

Кыргызстандагы окуяларга биринчи кезекте коңшулаш өлкөлөр кылдат көз салууда. Казакстандагы “Адилет” партиясынын вице-президенти, мурдагы парламент мүчөсү Серик Абдрахманов Казакстан чек арасын жаппашы керек эле деп белгилейт.

- Серик мырза, Кыргызстанда соңку кездери бир катар чоң окуялар болуп кетти. Убактылуу өкмөт азыр кырдаалды жөнгө салууга аракет кылып жатканын билдирүүдө. Сиздер кандай баа берип жатасыздар Кыргызстандагы окуяларга?

Эми менин оюм мындай. Азыр биз убактылуу өкмөттү күнөөлөгөнгө, айыптоого ашыкпашыбыз керек. Кыргызстанда калк көчөгө чыгууга аргасыз болду. Анткени мурдагы өкмөт, Курманбек Бакиевдин өкмөтү калкты катуу ызалантты. Калктын нааразылыгы чектен чыгып кетти. 2005-жылкы жоогазын ыңкылабы маалында берген убадаларына Бакиев турбады. Ушунун баарын эске алып, азыркы убактылуу өкмөт Акаев, Бакиев кетирген каталарды кайталабай түз турушу керек. Бир боор калкка айтаарым, алдыңкы кыргыз саясатчыларынын көбүн жакшы билем, мурдагы каталарды кайталай көрбөгүлө.

- Эми убактылуу өкмөт эл турмушу, же стабилдүүлүк жагы болобу, колунан келген аракетин жасап жатканын айтууда. Бирок кыргыз экономикасынын, эл турмушунун акыбалы азыр коңшулаш Казакстан менен Өзбекстанга да көз каранды болуп атпайбы. Бул эки өлкө чек араны ачпай, ортодо эл кыйналууда. Бул кандай саясат?

Менин оюмча, Казакстан ушу боордош кыргыздардын революциялык деминен, рухунан кичине сестенип турган шекилдүү, коркуп жатыр ачыгын айтсак. Менимче, биз эч нерседен коркпошубуз керек. Тагдыр, тарых ушундай болду. Биз чек араны жаппашыбыз керек эле. Карапайым элдин жолун тосуп, ортодогу карым-катнашты токтотпошубуз керек.

1930-жылдары биз катуу кыйналганда, казак эли ачарчылыктан кырылып атканда, кыргыздын чек арасы, кыргыздын эшиги биз үчүн ачык болгон. Менин ата-энем кичинекей кезинде ошол кыргызга барып күн көргөн экен. Ал жерде айрымдары жылдап туруп калып, ошонун аркасында аман калган. Ошондуктан азыр кыргыз калкы кыйналып атканда, биз эшигибизди жаап алганыбыз жарабаган иш. Минтип убактылуу өкмөт кыйналып турганда, коңшулаш элдин экономикасы бутуна туруп кетишине, тиричилик жасап кетишине шарт түзүп, колдон келген жардамыбызды беришибиз керек.

- Ушундай пикирлериңизди казак бийликтерине жеткире аласыздарбы?

- Эми биз аны айтып эле атабыз. Биздин бийлик азыркы күндө калктан кол үзүп четтеп кетти. Калкын унутуп баратат. Кыргыздардын сабагы бизге кичине пайда берип атат. Калкын унутпай, ар дайым эсине түйүп, калкы менен бирге болуу керектигин кыргыз боордоштор бизге сабак кылып үйрөтүп атыр. Ошондуктан биз бийликке өз пикирибизди айтып, көмөктөшүүгө үндөп жатырбыз.

- Казакстанда Кыргызстандагы окуялар кандай чагылдырып атат? Кай тарабына басым жасалууда?

- Бизде эркин, көз карандысыз маалымат каражаттары бар го. Алар дурус берип жатышат. Болгонун болгондой көргөзүп, кыргыз калкынын сөзүн жеткирип атат. Бул жагынан алганда, басма сөздө кыргыздарды каралоо жок. Расмий маалымат каражаттары, албетте, бир жактуу көрсөткөн учурлар бар. Бирок Казакстанда кыргыз калкын каралоо, жамандоо жок десек болот. Кээ бир саясатчылар бар убактылуу өкмөттү сындап аткан, бирок жалпысынан кыргыздагы окуялар тууралуу калыс маалымат бизге жетип атат. Эми илгертен малы да аралаш, жайлоосу бир эки калкты бири-биринен итерип, эшик-терезени жаап алганыбыз жарабайт. Буюрса, саясатчыларга акыл кирип, кыргыз элине бейкуттук, бакубат жашоо жалгашып кетсин дегеген тилек менен чек араны да ачып калаар. Биз ошону тилейбиз.

Рахмат маегиңизге.
  • 16x9 Image

    Венера Сагындык кызы

    «Эркин Европа/Азаттык» радиосунун кыргыз кызматынын жетекчиси. 1995-жылдан тартып «Азаттыктын» Кыргызстандагы кабарчысы, IWPR уюмунда журналист болуп иштеген. Кыргызстандагы жана чөлкөмдөгү окуялар тууралуу макалалары кыргыз, орус жана англис тилдеринде жарыяланган. КМУУнун тарых факультетин жана аспирантурасын аяктаган.​

     

XS
SM
MD
LG