Линктер

шаршемби, 7-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 22:30

Ушул тапта өлкөнүн банк тармагы кандай абалда? “Азаттыктын” таңкы түз обосунда банк тармагындагы абал тууралуу банк тармагынын адиси, маркетолог Улан Оторбаев айтып берди.

“Азаттык”: - Учурда Кыргызстандын банк тармагы кандай абалда? 7-апрелден кийин айрым ири банктардын иши солгундап, тыштан башкаруу киргизилген эле. Бул башка банктарга таасирин тийгизген жокпу?

Улан Оторбаев: - Жалпысынан алып карасак, 7-апрелдеги окуялар Кыргызстандын банк тармагына олуттуу таасир тийгизген жок деп айтсак болот, айрым учурларды эске албаганда. Ошентсе да бардык эле банктар өз мойнуна алган милдеттердин көбүн аткарып эле атышат.

Бирок банктардын иши саясий абалга, өлкөдөгү башка түрдүү шарттарга да байланыштуу болот. Банк секторунун өнүгүшү ошондой шарттардан көз каранды. Өлкөдөгү кырдаалга карабай банктар өз кардарларынын алдындагы милдеттерин аткарып, банктар стабилдүү эле иштеп атышат.

“Азаттык”: - Ушу кезге чейин Кыргызстандагы банктарда берилчү насыялардын пайыздык өлчөмү кыйла эле жогору. Балким жаңы банктарды алып келүү, мыйзамдык жеңилдиктер аркылуу ушул пайыздардын өлчөмүн азайтса болоттур?

Улан Оторбаев: - Туура. Батыш өлкөлөрүнө же өнүккөн чыгыш мамлекеттерине салыштырсак, Кыргызстандын банк системасы алардын шарттары менен атаандаша албайт. Бизде жылдык пайыздар бир топ эле жогору. Маселен, батыш өлкөлөрүндө насыялар жыйырма жылга берилип, жылдык пайызы абдан эле төмөн. Бизде болсо насыя эң көп сегиз-он жылга берилип, жылдык пайызы жогору болуп атат.

Ошондуктан биздин банктардагы насыялардын жылдык пайызы аз, мөөнөтү узак болсо элге да жеңил болмок эле. Мамлекет тараптан да бул багытта жаңы программалар киргизилсе жакшы болмок. Мисалы, мамлекет арзан турак жайларды салуу боюнча банктар менен биргеликте программаларды ишке ашырса жакшы болмок. Мамлекет өзү гарант катары чыгып берсе аябай эле чоң жардам бермек. Бизде болсо банктар эмнеге узак мөөнөткө насыя беришпейт деген суроолор көп. Банктарда деле узак мөөнөткө созулган депозиттери, акча каражаттары да болушу керек.

Азаттык”: - Банктардагы ошол жылдык пайыздарды салыштырып айтсаңыз. Бизде жалпысынан жылдык пайыздар кандай, башка өлкөлөрдө кандай?

Улан Оторбаев: - Эгер салыштырып карасак, бизде аманаттар жана депозиттер боюнча жылдык пайыздар бир топ эле жогору. Бизде мисалы аманаттар боюнча жылдык пайыз 17 пайызга чейин жетип атат. Кардар аны көрүп жакшы экен деп ойлошу мүмкүн. Батышта болсо бул көрсөткүч беш пайыздан ашпайт. Бул жөнөкөй кардарга жакпашы мүмкүн. Бирок пайыз канчалык төмөн болсо, банктын ошончолук туруктуулугун, бекемдигин көрсөтөт. Анын көп жыл иштей турганын, аманатчылардын салган акчаларына кепил боло аларын билдирет.

Кыргызстанда да ошол пайыздарды төмөндөтүү керек деген багытта Улуттук банк долбоорлорду иштеп чыгып атат. Төмөндөтсө жакшы болмок.

Чынында, Кыргызстанда банк системасында жарыш пайда болгон. Кардарларды тартуу үчүн банктар жылдык пайыздарды көтөрүшкөн. Бирок анын да өзүнүн коркунучтары бар. Анткени банк ошол пайыздарды кийин төлөп бериши керек да. Төлөө маалы келгенде банктар кыйналып, иши токтоп калышы да мүмкүн. Ошондуктан аманатчылар үчүн жылдык пайыздарды, аны менен катар насыялардын жылдык пайызын да төмөндөтүү керек.

“Азаттык”: - Рахмат маегиңизге!
XS
SM
MD
LG