Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 00:46

Сочинин шаар башчылыгы бийлик өкүлүнө тийди


РОссия -- Сочинин шаар башчылыгын "Бирдиктүү Россия" партиясынын талапкери Анатолий Пахомов утуп алды.
РОссия -- Сочинин шаар башчылыгын "Бирдиктүү Россия" партиясынын талапкери Анатолий Пахомов утуп алды.

Сочинин шаар башчылыгын жекшемби күнкү шайлоодо бийлик партиясынын өкүлү утуп алды. Бирок анын атаандаштары добуштардын кайра саналышын талап кылганы жатышат.

Алгачкы ырасмий маалыматтар "Бирдиктүү Россия" партиясынын талапкери Анатолий Пахомов добуштардын 77 процентин алганын ырастады.

Шайлоочулардын 13 проценти оппозициялык талапкер, "Тилектештик" кыймылынын өкүлү Борис Немцовду, дагы 7 процентке жакыны коммунисттердин кандидаты Юрий Дзаганияны колдошкон.

Курорт шаардын башчылыгына баары болуп алты киши талапкер болушкан. Мандатка жеткен Пахомов калааны беш жыл башкарат,эмдиги жылы Ванкувердин шаар башчысы ага 2014-жылдагы кышкы Олимпиаданын туусун тапшырат.

Пахомов эки ай мурда убактылуу шаар башчы болуп дайындалган.Анын жекшемби күнкү жеңишин атаандаштардын айрымдары, айрыкча "Тилектештик" кыймылынын теңтөрагасы Борис Немцов моюндабай,добуштардын кайра саналышын талап кылганы жатат.

Орус өкмөтүнүн мурдагы найып-премьеринин шайлоо штабы өз маалыматтарына таянып, Пахомов - 46, Немцов – 35 процент добуш алган,ошондуктан шайлоонун экинчи айлампасы болушу керек деп ырастоодо.

Немцовдун эсебинде шаардык шайлоочулардын 30 проценттейи эртелеп добуш бергенге аргасыз болгон. "Аларга кысым жасалганы,мажбурлашканы, коркутуп-үркүтүшкөнү бизге маалым, - деп айтты ал "Азаттыкка". - Иштен бошотобуз,маяналарын кыскартабыз деп опузалашкан. Сочиде жумушсуздук өсүп кетти,эл өп-чап жалыйна менен эптеп жан багат,ар ким өз иш ордунан ажырап калгысы келбейт,ушундай кырдаалда эртелеп добуш бергенге арагсыз болгондорду түшүнсө болот".

Немцовдун командасы эртелеп бүллүтөн таштагандар менен жекшемби күнкү добуштарды өз-өзүнчө кайра санап чыгуу зарыл деп талап кылышууда.

Компартиянын өкүлдөрү болсо бийлик Пахомовду күн мурунтан эле шаар башчылыгына дайындап коюп, шайлоону тек гана көз будамайлаш үчүн өткөрүштү дешет.

Алардын талапкери Юрий Дзагания саясий өнөктүктө административдик ресурс болуп көрбөгөндөй масштабда колдонулганын белгилеп, атаандаштарга кала берсе коммерциялык негизде деле теле жана радио эфирден чыкканга тыюу салынганына, муну эркин жана демократиялык шайлоо дегенге дегеле болбой турганына өктөөсүн айтты.

XS
SM
MD
LG