Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 15:21

ЮНЕП Сочидеги курулуштарды сынга алды


Премьер-министр Владимир Путин жана Бүткүл дүйнөлүк жапайы жаратылыш фондусунун орус бөлүмүнүн директору Игор Честин (оңдон экинчи) былтыр күздө Сочиде экологиялык жагдайды талкуулашкан эле.

Премьер-министр Владимир Путин жана Бүткүл дүйнөлүк жапайы жаратылыш фондусунун орус бөлүмүнүн директору Игор Честин (оңдон экинчи) былтыр күздө Сочиде экологиялык жагдайды талкуулашкан эле.

Улуттар Уюмунун айлана-чөйрөнү коргоо программасы (ЮНЕП) Сочиде Олимпиада курулуштарында экологдордун талаптарын эске албай жатканы үчүн орус бийликтерин сынга алды. Доклад шейшемби күнү жарыяланды. Курулуштун өзүндө да жагдай сыдыргыга салгандай сыйда эмес.

ЮНЕПтин доклады январдагы эксперттик текшерүүнүн натыйжаларына таянып даярдалды.

Документте курулуштар ушу тушта эле табигый чөйрөгө орду толгус зыян келтиргени айтылат: жан-жаныбарлардын, айрыкча аюулар менен илбээсиндердин жатак-жайлары бузулду. Мзымта суусуна чоң коркунуч туулду, анын жээктерин бойлото жол салынып, жапайы токойлор майкандалды. Сочидеги улуттук парктын аймагын кеңейтүүгө убада берген бийликтер бул маселе боюнча алиге чейин тийиштүү чечим кабыл алыша элек.

Бүткүл дүйнөлүк жапайы жаратылыш фонду жана "Гринпис" уюму алардын сунуштары таптакыр таңазар алынбаганы үчүн "Олимпстрой" мамкорпорациясы менен кызматташкандан баш тартышкан.

ЮНЕПТин докладын комментариялагандан жогорку даражалуу орус чиновниктери баш тартышты. Вице-премьер Дмитрий Козак өткөн аптада экологдорго кайрылып, олимпиада долбоорун "ойрон кылганга" аракет кылбастан, конструктивдүү позицияга өткөнгө чакырган эле.

"Январдын этегинде ЮНЕПтин инспекторлору келип-кетишти, алардын докладында экологиялык чоң проблемалар белгиленген жок. Тескерисинче, россиялык коомдук уюмдардын калыссыздыгы жадесе ЮНЕПТин инспекторлорун да таң калтырды", -деп ырастаган Козак.

Курулуштун өзүндө да баары ойдогудай жүрүп жатат деп айтканга болбойт. Жакында эле жүздөн ашуун жумушчулар иш таштап, бир нече айдан бери айлык акылар төлөнө электигине, бул аз келгенсип антисанитариялык шарттарда жашап жатышканына даттанышты.

Алардын бири Игор Печорин алты айдан бери 15 миң рубл зайыр акысын ала албай жатканын бышыктады. "Бир нече ирет толук өлчөмдө төлөп берүүнү талап кылып, арыз жаздым. Алар мага он миңин гана беришти, келишим боюнча 25 миң алышым керек эле. Курулушка мен Алтайдан келген элем, үй-бүлөм бар",-дейт ал.

Курулуштагы бир катар иштерге Mockonversprom компаниясы көзөмөлдүк кылат. Анын башкы директору Валерий Морозов мындай проблема бар экенин, аны азыр прокурорлор териштирип жатканын тастыктады. "Курулуш обекттеринде кол учунан иш кылганга көнүп алган субподрядчылар пайда болушту, алар кандай болсо долбоорго илээшип алууну, эптеп акча өөнөп калууну көздөп жатышат. Алардын көбүндө каражаттын баары жумушчуларга эмес, менеджерлер менен фирма ээлеринин чөнтөгүнө түшүүдө",- дейт Морозов.

Глобализация проблемалар институтунун директору, белгилүү экономист Михаил Делягин кара жумушта арзан күчтөрдү эксплуатациялап, алардын эсебинен байымай орус коомунда жаңы жолойго айланып калганын белгиледи. "Ири компаниялар биздин коомдо адамдар укуксуз экенин эң сонун билишет. Ошондуктан чакан бир мөөнөткө жалданып ишке киргендер үчүн жасалган иштин реалдуу көлөмүнөн алда канча аз акча төлөшөт",- дейт ал.

Сочидеги Олимпиаданын өзүнө гана орус өкмөтү 7 миллиард доллар каражат сарптоону чечкен. Мындан тышкары ага байланышкан курулуштарга, алардын ичинде Москва-Сочи тутумундагы темир жол өңдүү кошумча долбоорлорго дагы 30 миллиард доллар акча пландалган.
XS
SM
MD
LG