Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:59

Америкалык капитанды сомалилик каракчылардан бошотуу аракети көрүлүүдө


Сомалилик каракчылар акыркы ирээт ушул кемеге кол салышты.
Сомалилик каракчылар акыркы ирээт ушул кемеге кол салышты.

Сомалиде деңиз каракчылары америкалык кеменин капитанын барымтада кармашууда. Учурда ал аймакта АКШнын согуштук кемеси жүрөт. Бул - деңиз каракчыларынын Сомалинин жээктеринен жүк тарткан кемелерге жасаган соңку кол салуусу, бирок америкалык жарандын алгачкы ирээт барымтага алынуусу болду.

“Маэрск Алабама” деп аталган кеме Кениянын Момбаса портун көздөй бара жаткан экен. Экипажы 20 адамдан турган кемеге Сомали менен Угандага багытталган азык-түлүк жардамы да жүктөлгөн эле. Каракчылар кемеге 8-апрель, шаршембинин таңында кол салышкан. Кол салуудан кийин эмне болгону так белгисиз. Балким кеменин капитаны Ричард Филлипс экипаждын калган мүчөлөрүнүн коопсуздугу үчүн каракчыларга өзү багынып бергендей. Кеме кайра экипаждын колуна өткөн, ал эми капитанды каракчылар куткаргыч кайык менен алып кетишкен.

Кемеге ээлик кылган компаниянын өкүлү Кевин Спирс мындай дейт:

- Капитанды аман-эсен кайтарып алуу - биздин башкы максат. Биз акыркы кездери жасагандардын баары окуянын тынч аяктоо мүмкүнчүлүгүн көбөйтүүгө багытталды.

Айтор шаршембинин таңындагы окуя акыркы 200 жыл ичинде америкалык моряктарга жасалган алгачкы кол салуу болду. Мамлекеттик катчы Хиллари Клинтон аны мындайча комментарийледи:

- Биз терең тынчыздандык жана кырдаалга жакындан байкоо салуудабыз. Ал эми жалпысынан дүйнө бул балакетти - каракчылыкты токтотуу үчүн жапа тырмак аракеттенүүсү абзел.

Анткен менен жасаганга караганда, муну айтуу оңой өңдөнөт. Сомалинин жээктеринде өткөн жылы эле каракчылардын кол салуусу 200%га өстү, жүздөгөн моряктар барымтага алынды, аларды бошотуу үчүн миллиондогон доллар кун төлөндү. Кеме менен жүк ташыган компаниялар мындан улам ири жоготууларга учурады, адистердин айтымында, жүктү камсыздандыруу үчүн кеткен чыгымдар да көбөйдү.

АКШ, Орусия, Кытай жана башка өлкөлөрдүн Аден булуңун кайтарган кемелери мерчемделген бир нече кол салууларга жол берген жок. Бирок аймак абдан эле кеңири болгондуктан, баардык жерге эле күзөт коюу мүмкүн эмес.

Каракчылар да кол түшүп калбоо үчүн жаңы аргаларды издегени байкалууда. Маселен “Маэрск Алабама” кемесине алар жээктен бир нече жүз чакырым ичкериде кол салышкан.

Бирок каракчыларды кармаган күндө да аларга чара көрүү маселеси өзүнчө көйгөй. Франция менен Нидерлания кармалгандарды өз аймагына алып келген, бирок аларды сот жообуна тартууга келгенде укуктук суроолор чыгууда.

Эксперттер болсо каракчылага каршы күрөштү деңизде эмес, жерде жүргүзүү керектигин белгилешет. Жүк ташуунун коопсуздугуна адистешкен Cargo International Security басылмасынын редактору Ян Тейлор мындай дейт:

- Бул кургак менен байланышкан көйгөй. Анткени алар (сомалиликтер) узактан бери тыңгылыктуу өкмөткө ээ эмес, өлкө колбашчылар тарабынан башкалырып келүүдө. Африканын батышындагы жапайычылык чыгыш жээктерине өттү. Биринчи кезекте ушул көйгөйдү чечүү керек. Эгер маселе узак мезгилге мерчемделүү менен чечилүүсүн көздөсөңүз, Сомалинин өзүндө мыйзам үстөмдүгүн орнотуунун кандайдыр бир аргасын табуу зарыл.

Сомали - ондогон жылдар бою жарандык согуштан башы чыкпаган өлкө. 1991-жылдан бери туруктуу жана натыйжалуу иштеген өкмөт болгон эмес. Учурда Сомалинин жаңы президенти бар. Шейх Шариф Шейх Ахмед улуттук биримдик өкмөтүн башкаруусу керек. Шейх Ахмед мурда АКШ “ал-Каида” менен байланышы бар согушкерлерге башпаанек берген үчүн айыптаган исламчыл топтун жетекчилеринин бири деп эсептелүүчү.

Ал азыр байистүү багытты кармангандай көрүнөт, бирок Сомалинин “ал-Шабаб” аттуу исламчыл жана радикал топтору бийликти алуу үчүн күрөштү уланта берерин убада кылышкан. Ушуга окшогон жагдайларды эске алганда, Сомалидеги каракчылык көйгөйүн чечүү алыскы келечектин маселеси өңдөнөт.
  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG