Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 00:33

Сталиндин Горидеги эстелиги орун алмашты


Горинин ортосундагы мына бул постаментте Сталиндин айкели турчу

Горинин ортосундагы мына бул постаментте Сталиндин айкели турчу

25-июнда Иосиф Сталиндин Грузиянын Гори шаарынын борбордук аянтындагы айкели башка орунга жылдырылды.

Совет өкмөтүнө жан дилин берип кызмат кылган грузин ишкерлеринин эстеликтерин жок кылуу 20 жыл мурда Серго Оржоникидзенин айкелин кулатуудан башталган. Оржоникидзени көпчүлүк грузиндер Кызыл армиянын Грузияны басып алуусуна көмөктөшкөн чыккынчы ирети билишет. Андан кийин Владимир Лениндин эстелиги кулатылган болсо, жыйырма жылдан кийин кезек Иосиф Сталиндин Гори шаарынын ортосундагы айкелине да жетти.

25-июндун түнүндө эстелик Сталин өзү туулган үйдүн, тагыраак айтканда, Сталиндин үй-музейинин короосуна көчүрүлдү. “Өкмөт Горинин борбордук аянтындагы Сталиндин айкелинин ордуна Орусиянын баскынчылыгында жана советтик репрессиядан курман болгондорго эстелик орнотот,”-дейт Тбилисидеги Илья Чавчавадзе атындагы мамлекеттик университеттин профессору Гия Нодия.

Сталиндин эстелиги борбордук аянттан алынгандан кийин

Ошентип бир кезде дүйнөнүн үшүн алган диктатордун бедизи турган жайга анын буйругунан өлгөн адамдарга арналган эстелик тургузулмакчы. Сталиндин эстелигин борбордук аянттан алып салуу, прфессор Нодиянын пикиринче, “Грузиядагы саясый өзгөрүүлөрдүн маанилүү бөлүгү саналат”. Себеби “бир жагынан коммунисттик режимди таанууну мүнөздөсө, экинчи жактан өлкө күнкорсуздук жолуна ишенимдүү түшкөнүн шарданалайт”.

“Сталиндин монументи Оржоникидзеге коюлган эстеликтен эмне үчүн узак турду? Болбосо, Сталиндин Грузия алдындагы айыбы Оржоникидзеникиден аз эмес беле” деген тбилисилик илимпоз: “Сталин грузиндер үчүн коммунисттик бийликтин символу эмес, улуттун сыймыгы болду. Ал грузиндер үчүн тарыхтагы эң кубаттуу грузин жана 20 кылымдагы чоң согуштун жеңүүчүсү болду. Сталин, өзгөчө, Грузияны эки кылым башкарган өлкөнү былк этпей кармап турду. Күнкорсуз өлкө алсыз болуп турганда, Сталин грузиндер үчүн психологиялык компенсация болуп турду”, -деп түшүндүрөт.


Гия Нодиянын байкашынча, Грузиянын күнкорсуздугу жөнүндөгү идея жалпы калктын мүдөөсүнө айлангандан кийин Сталин улуттун сыймыгы деген түшүнүк жаңылыш экенин адамдар акырындап аңдап, Сталин коммунисттик системанын жана орус империясынын баатыры экенине көздөрү жеткен. Ал эми 2008-жылы Россиянын Грузияга басып кириши, ага удаа эле Россияда Сталиндин культун кайра калыбына келтирүү аркети грузиндерге Сталиндын чыныгы тарыхый ордун түшүнүүгө жакшы өбөлгө болгон. Ошон үчүн Сталиндин айкелин алууга каршы бир адам лам деген эмес деген профессор Нодия бул жышаанды мындайча чечмелейт:

-Бул эмнени билдирет? Биринчиден, Саакашвилинин өкмөтү эстеликти алып, тобокелге барып жатабыз деп ойлогон. Бул өкмөттүн өзүнө ишенип калганын, атүгүл популярдуу эмес, бирок зарыл кадамды жасай аларын түшүндүрөт. Экинчиден, Грузияда калк Сталинди мурдакыдай сүйбөгөнүн көрсөттү. Бул өлкөнүн өзүн өзү сыйлаганын да күбөлөйт.

Бул тема тбилисилик профессордун көз карашын чагылдырган макаланын негизинде даярдалды жана “Азаттыктын” көз карашын билдирбейт.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG