Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 12:39

Швеция+Польшанын чакырыгын АКШ менен Россия угабы?


Ядролук куралдуу дүйнө өлкөлөрү. Диаграмма.

Ядролук куралдуу дүйнө өлкөлөрү. Диаграмма.

Швеция жана Польша Европадагы ядролук тактикалык куралдарды кыскартууну өтүнүп, АКШ менен Россияга кайрылды.

Бул эки өлкө Россия кыска аралыкка жетчү ядролук ракеталарын Евробиримдикке чектеш аймактардан, атап айтканда Калинград облусунан жана Кольск жарым аралынан чыгарып кетүүгө тийиш, ошондой эле болочокто мындай куралдар биротоло жок кылыныш керек деп эсептешет.

Россиянын президенти жана башкы командачысы Дмитрий Медведев жаңы аскерий техниканы көрүүдө. Москва. 14-январь 2010
АКШ жана Россияга Европадагы ядролук тактикалык куралдарын кыскартуу өтүнүчү менен Швециянын тышкы иштер министри Карл Билд жана Польшанын тышкы иштер министри Радек Сикроски кайрылышты.

Эки министрдин ядролук куралсыздануу боюнча Парижде шейшемби күнү ачылчу эл аралык конференцияны утурлай жазган каты “The New York Times" жана "International Herald Tribune" гезиттеринде чыкты.

“Global Zero” деп аталган анти-ядролук жыйынга саясатчылар, коопсуздук маселеси боюнча мурдакы кеңешчилер, отставкадагы аскер башчылар, экономисттер, илимпоздор жана көркөм өнөр адамдары болуп, 200дөн ашуун адам катышат,

Билд жана Сикорски ядролук тактикалык куралдарды “өткөн коркунучтуу мезгилдин коркунучтуу саркындысы” деп аташып, Москва менен Вашингтонду андай кыска аралыкка жетүүчү ядролук ракеталарды сүйлөшүүлөр аркылуу же бир жактуу түрдө жок кылууга чакырышат. Себеби бүгүн жана эртең Европада коопсуздук маселелерин жөндөөдө ядролук куралды пайдалануунун зарылдыгы жок”, деп жазышат алар. Бул кадам, кайрылууда айтылганга караганда, "жалпы ядролук куралдарды кыскартуунун алкагында жүргүзүлүп, Европадагы коопсуздуктун жакшыртылган архитектурасына болгон ишенимди бекемдемек".
АКШнын ракеталарды уруп түшүрчү "Patriot" системасы, 31-март 2009


Швеция жана Польшанын ишениминде, Россия ядролук тактикалык ракеталарын Европа Биримдигине чек аралаш аймактардан, айрыкча, Калинград облусунан жана Колск жарым аралынын чыгарып кетүү боюнча өзүнө милдеттенме алуусу шарт. Бул кадам “тийиштүү сандагы ядролук тактикалык ракеталарды сактоочу жайларды жок кылуу менен коштолууга тийиш”.

Билд жана Сикорски ядролук стратегиялык куралдар сыяктуу эле ядролук тактикалык куралдарды да макулдашып көзөмөлгө алчу мезгил келди деп санашат.

АКШ жана Россия ортосунда өткөн жылдан бери стратегиялык куралдарды кыскартуу боюнча сүйлөшүүлөр жүрүүдө. Жаңы келишим Стратегиялык куралдарды азайтуу жөнүндөгү 1991-жылы кол коюлган жана мөөнөтү былтыр декабрда бүткөн келишим - СТАРТты алмаштырыш керек.

Ян Дэвис Брюсселде жайгашкан Коопсуздук маалыматтары боюнча эл аралык кызмат - Европа изилдөө жана кеңеш берүү тобунун талдоочусу. Анын сөзүнчө, жаңы СТАРТ келишими ядролук куралдардын корун кыскартууга кенен жол ачуусу керек:

- Дүйнөлүк масштабдан алганда, кеп 23 миңдей ядролук дүрмөт жөнүндө жүрүүдө. Алардын 90 проценти россиялыктар менен америкалыктарга таандык. Бул эки чоң оюнчусуз ядролук дүрмөттөрдү минималдык деңгээлге же ар тарапта 1 миңден аз болгон абалга жетишүү мүмкүн эмес. Буга жетишилсе, ядролук куралы бар башка өлкөлөр менен чогуу алаамат куралды биротоло жок кылуунун жолдорун талкуулоо мүмкүн болот.

Ядролук куралдарды жайылтпоо жана куралсыздануу боюнча эл аралык комиссиянын соңку изилдөөсүнө караганда, АКШнын Батыш Европада 200дөй ядролук ракетасы бар. Ал эми Россия өлкө батышында 2 миңдей ракетаны кармайт.

Президент Жорж Буш тушунда АКШ узак аралыкка учуучу ракеталардын мүмкүн болчу чабуулуна каршы Польша жана Чехияга стратегиялык ракеталардан коргонуу системасын жайгаштырууну пландаган эле. Москва мындай система Россиянын коопсуздугуна коркунуч туудурат дегенден улам, президент Барак Обама береги планды токтоткон. Бирок Польшанын өтүнүчү боюнча өлкөгө орто аралыкка учуучу ракеталарды жок кылчу “Пэтриот” системасыны жайгаштырмак болууда. Варшавада Россия өтө агрессивдүү тышкы саясат жүргүзүүдө, ошон үчүн Москва непада кол салышы мүмкүн деп чочушат.
XS
SM
MD
LG