Линктер

шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 14:35

Чочконун сасык тумоосу суроо-жооптордо


Чочконун сасык тумоосуна каршы жаңы вакцина табыла элек, бирок кадимки сасык тумоонун "Tamiflu" жана "Relenza" деген дарылары баштапкы баскычта колдонулса таасир берери айтылууда.

Чочконун сасык тумоосуна каршы жаңы вакцина табыла элек, бирок кадимки сасык тумоонун "Tamiflu" жана "Relenza" деген дарылары баштапкы баскычта колдонулса таасир берери айтылууда.

Мексикадан башталган чочконун сасык тумоосу азыр Европа менен Азияны көздөй да жайылууда. Мексикага коңшу АКШда адам майып болгон алгачкы учур катталды. Чочконун сасык тумоосу деген эмне, адамга ал кандай шартта жугуусу мүмкүн жана кантип коргонуу керек?

“Азаттык жана Эркин Европа” радиосунун ушул өңдүү суроолоруна Британиядагы Абердин (Aberdeen) университетинин ардактуу профессору, микробиолог Хью Пеннингтон (Hugh Pennington) жооп берди.

“Азаттык”: - Урматтуу профессор, адегенде эле айтсаңыз чочконун сасык тумоосу деген эмне, бул сасык тумоо вирусунун жаңы түрүбү?

Пеннингтон: - Бул жаңы вирустун чочко вирусу деп аталып калуусу анда чочконун сасык тумоосуна тийиштүү вирустун компоненттери бар экендигинде. Компоненттердин бири Америкадагы чочко сасык тумоосунун вирусунан, башкалары Европа менен Азияныкынан келгендер. Бирок ага катар адамдын, куштун сасык тумоосунун компоненттери да бар. Демек, бул -дүйнөнү айланып жүргөн, бири чочкого, экинчиси канаттууга, үчүнчүсү адамга тиешелүү түрдүү вирустардын аралашмасы, жаңы вирус.

“Азаттык”: - Ал кантип жаралат, биз ал тууралуу буга чейин эле билчи белек?

Пеннингтон: - Биз ал кайдан чыкканын жана кантип жаралганын чынында билбейбиз. Бул - божомол, балким жөндүү нерсе. Чочко өзүндөгү вируска кошумча, адамдын жана канаттуунун да вирусун жуктуруп алган. Биз буга чейин эле билгендей, чочко жаныбар катары ошол түрдүү вирустар аралашып, жаңы вирус жаралуучу жай болот алат. Мурда ушул нерсе чочкодо эмес, куштарда, адамдарда учураган. Түрдүү тектерден келген вирустар бир жаныбарга же адамга жуккан соң, өздөрүн калыбына келтирүү аркылуу жаңы вирусту жарата алат.

“Азаттык”: - Демек адамдардын эң алгачкысы аны чочкодон жуктуруп алуусу мүмкүнбү?

Пеннингтон: - Муну балким эч убакта биле албайбыз. Анткени көп учурларда биз ушул өңдүү нерселердин изине түшүүгө аракеттенгенде, баары тереңдеп, аягын таппай калабыз. Адамдар бул вирус чочкодо кездешээр – кездешпесин аныктоого аракеттенет, бирок мен буга өтө деле оптимист эмесмин. Бул балким болгон, бирок тилекке каршы качан болгонун эч ким айта албайт.

“Азаттык”: - Бирок азыр вирус адамдан-адамга өтүп жатат да ?

Пеннингтон: - Ооба, бул - вирустун жаңылыгы. Чочколор да сасык тумоого чалдыгарын биз узактан бери эле билебиз. Биринчи аныктамалар 1930-жылдары эле пайда болгон. Чочко баккан адамдардын сасык тумоо вирусун алардан жуктуруп алганы сейрек кездешчи. Бирок адатта вирус ошону менен жок болуучу. Чочко баккан адам сыркоологону менен башка адамдарга жукчу эмес. Бирок азыркы вирус адамдын организмине абдан ыңгайлашканы анык, ошон үчүн биринен - экинчисине тарап жатат.

“Азаттык”: - Вирус чочконун этин жегенден жугуусу мүмкүнбү?

Пеннингтон: - Жок. Мында эч тобокелчилик жок. Вирустун аталышы бир аз жакшы эмес, анткени чочко этине жана андан жасалган продукцияларга карата бир чара көрүүгө жем таштоодо. Бирок эч кандай коркунуч жок.

“Азаттык”: - Вирустун адамдардагы алгачкы симптомдору кандай?

Пеннингтон: - Ага азыр кабылган адамдарды көбү бир аз табы кеткенин, колу-буту ооруганын сезишкен, эти ысып чыккан, мурдунан суу аккан, жөтөлгөн. Алардын бир-экөөсүндө тамак-ашка уулангандыктын, диареянын белгилери болгон, кусушкан. Бул - кадимки эле сасык тумоонун белгилери. Андыктан кимдир бирөөлөрдүн симптомдорун сурагандан кийин биз анда азыркы вирус же кадимки эле сасык тумоонун вирусу бар экенин ажыратып айта албайбыз.

“Азаттык”: - Эгер биз сасык тумоого каршы азыркы вакциналар менен эмделген болсок, ал коргойбу?

Пеннингтон: - Жок сасык тумоого каршы азыр колдонулуп жаткан вакциналар адамдарды жаңы вирустан коргобойт. Ушу тапта чочконун сасык тумоосуна каршы жаңы вакцина өзүнчө даярдалуусу керекпи же келерки жылдын эле вакцинасы менен бирге даярдаса болобу деген суроонун айланасында кызуу талкуулар жүрүп жатат. Жаңы вакцина боюнча да баштапкы жараяндар башталды. Албетте вакцина сынактан өтүп, кандай таасир берери, коопсуз экендиги аныкталуусу зарыл. Бул үчүн убакыт зарыл. Демек менимче төрт-алты айдын аралыгында адамдарды эмдегидей жаңы вакцина чыкпайт.

“Азаттык”: - Сезондук вакциналар адамдарды коргобосо, анда кантип сактануу керек?

Пеннингтон: Азыр мисалы чүчкүргөндөн кийин колду такай жууп туруу өңдүү жөнөкөй эрежелерди аткаруу керек. Кездеме бет аарчынын ордуна, мүмкүн болсо чүчкүргөндөн соң ыргытып салуучу кагаз майлыкты (салфетка) пайдаланыңыз. Жеке тазалыктын ушул өңдүү эрежелерин бекем кармаңыз. Колду жууп турууга өзгөчө маани берилип жатат. Бул сиздин сасык тумоого кабылбашыңызды кепилдебейт, бирок башка бирөөдөн жуктуруп алуу тобокелчилигин азайтат.
  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG