Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:47

Борбор Азияда кургак учуктун кооптуу түрүнө чалдыккандар көбөйдү


Тажикстандын Хужанд шаарында жыл сайын 24-мартта кургак учуктан жабыркагандарга жардам берүү акциясы өткөрүлөт.
Тажикстандын Хужанд шаарында жыл сайын 24-мартта кургак учуктан жабыркагандарга жардам берүү акциясы өткөрүлөт.

Кургак учукка каршы күрөшүү күнүнө карата жарыялаган докладында Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму бул илдеттин дары-дармекке туруштук берген түрү көбөйүп жатканын белгилейт. Cоциалдык же жакырлардын оорусу деп атаkuан кургак учук Борбор Азияда да өсүп жатат.

Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун маалыматына ылайык, ар бир секундада дүйнөдө 1 адам кургак учуктун микробактерияларын жуктуруп алат. Жылына 8 миллионго жакын адам кургак учуктун активдүү формасына чалдыгат, 2 миллиондой киши оорудан көз жумат. Алардын 95 проценти өнүгүп келаткан өлкөлөргө туура келет. Эң оор абал Африкада түзүлгөн. Дүйнөдө кургак учук менен ооруган адамдардын 29 проценти Африка континентинде жашайт. Соңку 15 жылдын ичинде ал жерде илдетке чалдыккандардын саны 2 эсеге көбөйдү.

Кургак учуктун өнүккөн өлклөрдө кеңири тарашына, адистердин айтымында, ВИЧ инфекциясы, миграциянын күчөшү өбөлгө түзүүдө. 1993-жылы Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму бул дартты глобалдык проблема деп жарыялаган. Кургак учуктун салттуу дары-дармектерге туруштук берген түрү да көбөйүп жатат.

Дүйнөлүк Саламаттыкты сактоо уюмунун кургак учук боюнча бөлүмүнүн жетекчиси доктор Марио Равильоненин айтымында, Борбор Азия мурдагы советтик жумурияттардын көбүндөй эле кургак учук кеңири жайылган аймактардын бири. Чөлкөмдөгү көрсөткүчтөрдү Африканыкы менен салыштырса болот. Ал эми илдетке чалдыккандардын абсолюттук саны боюнча региондо Казакстан 1-орунду ээлейт:

- Казакстанда жылына дээрлик 20 миң киши бул инфекцияны жуктуруп алат, Кыргызстанда – 6 миңдей, Түркмөнстанда – 3 миң, Өзбекстан – 30 миң, Тажикстанда – 15 миңге жакын киши чалдыгат.

Борбор Азия кургак учуктан көз жумгандардын саны боюнча да дүйнөдөгү алдынкы орундарды ээлейт.

Адистер мурдагы советтик жумурияттарда илдеттин антибиотиктер менен дарыланбаган түрү тездик менен жайылып жатышына өзгөчө тынчсызданышат.

Кургак учукту социалдык же жакырлардын оорусу деп коюшат. Доктор Равильоне ырастагандай, илдеттин көбөйүшүнүн себептери ар кандай болушу мүмкүн, мурдагы СССРдин жумурияттарында кайра куруу жүрүп, эл кедейчиликтин сазына бата баштаганда инфекция өтө ылдам темп менен жайылган дейт:

- Инфекцияны жуктуруп алсаңар, бул – сөзсүз түрдө кургак учук менен ооруп калдыңар дегенге жатпайт. Күчтүү тамак-аш жалпысынан жакшы жардам берет. Ал эми жакырчылыктын айынан тое тамактанууга шарты жок, күнүнө жетиштүү белок, углевод жебеген адамдарда уктап жаткан инфекция активдүү формага өтөт.

Оорунун өнүгүшүнө тамеки тартуу, алкоголь ичимдиктерин ичүү да чоң салым кошот. Мунун бардыгы мурдагы советтик өлкөлөрдө кеңири тараган көрүнүш.

Равильоне мурдагы советтик өлкөлөрдө кургак учукка каршы дары-дармек бар болгону менен, туура эмес берилчү же колдончу деп белгилейт. СССРде дарыгерлер эларалык стандарттардан айырмаланган схемага ылайык дары жазып беришчү. Ал эми Советтер Союзу кулаганда, кээ бир өлкөлөр дары-дармексиз калышкан, - деген адис 1994-жылы Бишкекке барганын эскерет:

- Бишкектеги кургак учук диспансеринде, мындайча айтканда бүтүндөй өлкөдөн келген бейтаптар дарыланган борбордук ооруканада 1994-жылдын күзүндө изонеазид, стрептомицин, рефампицин өңдүү дарылар гана бар болчу. Айрымдары Япониядан гуманитардык жардам катары алыныптыр. Ал эми күчтүү пиразинамид сыяктуу дары жок болчу.

Доктур түшүндүргөндөй, кургак учук 4 дары менен дарыланат. Ал эми бул схема бузулса, оорунун жогоруда сөз болгон дары-дармекке туруштук берген түрү өнүгө баштайт.

24-март кургак учукка каршы күрөшүү күнү деп бекер жеринен тандалган эмес. 1882-жылы ал күнү немис окумуштуу-микробиолог Роберт Кох илдетке алып келген козуткучту ачканын жарыялаган. Ошондон бери ал “Кохтун палочкасы” деп аталат.

XS
SM
MD
LG