Линктер

шаршемби, 7-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 16:54

Түркиянын «Аваз» аттуу теле каналы кыргыз тилинде да чыкмакчы


"Аваз" теле каналынын кабарчысы Абдухалил Алиев программасын тартуу учурунда

"Аваз" теле каналынын кабарчысы Абдухалил Алиев программасын тартуу учурунда

Түркиянын «ТРТ» аттуу эл аралык ири теле корпорациясы тогуз теле каналга ээлик кылып, дүйнөнүн 30 тилинде өзүнүн көрсөтүүлөрү менен уктурууларын сунуштап келет. Жакында эле «ТРТ» «Аваз» аттуу жаңы теле каналын ишке киргизди.

Каналдын жетекчилигинин маалыматы боюнча, «Аваз» теле каналы казак, кыргыз, түрмөн, түрк, өзбек, азербайжан тилдеринде чыкмакчы.

«Аваз» деп аталган Түркиядагы жаңы теле канал кыргыз тилинде да көрсөтүүлөрдү сунуштап турмакчы. 21-мартта өз ишин баштаган теле канал Борбор Азия, Кавказ жана Балкан аралдарына чейин созулган аймакка көрсөтүүлөрүн тарата алат. «Авазды» эми 27 мамлекет, 13 автономдуу аймак кирген 250 миллион чамалуу адамдар көрө алышат.

Каналдын жетекчилиги тараткан маалыматка ылайык, «Аваздын» негизги максаттарынын бири түрк мамлекеттеринин байланышын жана достугун бекемдөө болуп саналат.

Абдухалил Алиев аттуу кыргызстандык жигит буга чейин «ТРТ» корпорациясына таандык «ТРТ-түрк» теле каналында атайын көрсөтүүлөрдү даярдап жүргөн. Анын «Gurbetten silaya» же кыргызча «Ата-журтка салам», «Чет жерден ата-журтка» дегендей маанини туюндурган теле программасы чет жерде окуп жүргөн студенттердин жашоо-турмушу тууралуу баяндайт. Эми «ТРТ-түрк» каналы жоюлуп, «Аваз» деген аталышта жаңыча багытта иштей баштагандыктан мындан ары кыргызча программаларды да кенен даярдаса болот:

- Кыргызстандык бирөө эми кыргызча программа даярдаса болот. Мисалы, өзбекстандыктар өз тилинде, азербайжандар өз тилинде, биз өз тилибизде. Мен мисалы буга чейин эле өзүмдүн программамда балдар менен өз тилдеринде сүйлөшүп келгем. Кыргыз болсо кыргыз тилинде, башка болсо башка тилде...

«Аваз» теле каналынын жетекчиси Аднан Суердин айтымында, каналдын теле берүүлөрү Борбор Азиядагы мамлекеттердин аймагында өз тилдеринде, жергиликтүү кабарчылардын алып баруусунда көрсөтүлүп турат. Ошондой эле ал мамлекеттерде чыккан көркөм тасмалар менен мультфильмдерге да орун берилмекчи. Анын пикиринде, бул теле канал Евразия чөлкөмүндөгү элдердин тарыхый жана маданий байланыштарын бекемдөөгө салымын кошконго аракет кылат.

21-март Нооруз майрамы күнү жаңы каналдын ачылыш аземине Түркиянын президенти Абдуллах Гүл да катышып, бул канал түрк мамлекеттеринин ортосундагы байланышты чыңдоого салым кошуусу керектигин баса белгилеген.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG