Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 05:04

Дүйшөмбү Москвага нааразы


Тажик ТИМи ЛДПР лидери Владимир Жириновский жасаган билдирүү Тажикстандын ар намысын кордогон мүнөздө деп эсептейт.
Тажик ТИМи ЛДПР лидери Владимир Жириновский жасаган билдирүү Тажикстандын ар намысын кордогон мүнөздө деп эсептейт.

Тажикстандын тышкы иштер министри полиомилит оорусунун таркап кетиши боюнча орусиялык кайсы бир ырасмий кызматкерлердин кесе айткан пикирлерине карата 7-июнда Дүйшөмбүдөгү орус элчисине нааразылык нотасын тапшырды.

Тажикстан ТИМи белгилегенге караганда, ЛДПР лидери Владимир Жириновский менен орусиялык башкы санитардык доктур Геннадий Онищенко жасаган билдирүүлөр Тажикстандын ар намысын кордогон мүнөздө. Андан сырткары Дүйшөмбү мындан ары Маскөөгө как жемиштерин жөнөтүүгө тыюу салууну алып таштоо талабын койгон.

Ырасмий түрдө Тажикстанда полиомелит оорусу менен баланын сырколошу 84 жолу кездешип, экөө каза болгон эле.

Тажикстан ырасмий бийлиги 7-июнда Маскөөгө нааразылык нотасын жиберди. Ал жерде жазылганга караганда, айтылуу саясатчы, ЛДПР жетекчиси саал мурдараакта сыналгыдан: Кыргызстан менен Тажикстан мамлекет боло алышпады, ошондуктан аларды Орусияга кошуп, өлкөбүздүн тогузунчу округуна айланталы деген кебине нааразы экендигин билдирген.

Дагы бир жагдай Тажикстанда балдардын тумоосу (полиомиелит) чыгып, ошондон Орусияга ал жайылып атат деген кеп таркап кеткен. Чынында эле ал оору алты жашка чейинки балага жугат. Ал оору жуккан бала сасык тумоо чалдыккандай эти ысып, чырлап башталат. Бир апта өткөндө баланын буту-колу андан соң бүт тулкусу шал болуп акыры мерт болот. Азыр Тажикстандан келип аткан балдарга орусиялык учак майдандарынан эмдөө жүргүзүү иштери болуп атат. Эмне дегенде ал дарттан коргонуунуну бирден бир амалы - эмдөө болуп эсептелет.

Тоолуу өлкөдө ал дарт менен балдар ооруганы ырас, бирок ал Тажикстанга башка жактан ооп келди деп билдирди өлкөнүн саламаттыкты сактоо министри Саида Жобирова:

- Менимче көптөгөн аймактарда, анын ичинде Тажикстанга бул илдет башка жактан кийинки он жыл арасында ооп келген. Анын аталышы “жапан полиомиелит” делинет.

Маскөө болсо илдеттин тараган жери Дүйшөмбү деп келет. Андай деп айтышына өткөн айда Ангарск шаарына эне-атасы Тажикстанга барып келген кыздын (полиомиелит менен) оорушу себеп болууда. Эл аралык саламаттыкты сактоо уюму билдиргенге караганда, Тажикстанда ал оору менен 432 бала ооруканага түшүп, натыйжасында, 129 бала ал оору менен ооруганы такталып, бирөө каза болгон. Ангыча эле тажиктер сатып акча таап жүрчү как, жер-жемиш жана жаңгакка тыюу салуу, болгондо да мөөнөтсүз убакка тыюу салып коюшту.

Орусиянын баш санитары Геннадий Онищенко айтымында, эми ал жактагы орус балдарды алып чыгуу башталат:

- Биз ал жактагы балдарыбызды алып чыгшыбыз керек. Миңден ашуун орусиялык офицерлер балдары бар ал жакта.

Тыштан көз салгандар мунун артында саясий шаани жаткандай дешет. Бул кезегинде Тбилиси менен чырлашканда Маскөө ушинтип грузин шарабы менен “Боржоми” суусуна тыюу салынган, Кишинев менен оту күйүшпөгөндө молдовандар шарабынын киришине тыюу салынган. Алардын баары Онищенко колу менен жасалган. Ошондой тыюу салуу болуп атат. Демек Тажикстан жүргүзө баштаган саясат Маскөөгө жакпай калган деп айтышат алар.

XS
SM
MD
LG