Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 12:12

Тайландда коменданттык саат үч күнгө узартылды


Тайланд. "Кызыл жегдечендерди" колдогон аял полицияканага баратат. 20-май 2010
Тайланд. "Кызыл жегдечендерди" колдогон аял полицияканага баратат. 20-май 2010

Тайланд өкмөтү баш калаа Бангкокто жана өлкөнүн 23 провинциясында коменданттык саатты ишембиге чейин узартты. Коменданттык саат шаршембиде армия оппозициянын Бангкоктогу лагерине чабуул койгондон кийинки талап-тоноолорго байланыштуу киргизилген болчу.

Өткөн бейшембиде башталган башаламандыкта кеминде 50 киши набыт болуп, 400дөй адам жараат алганы, 20дан ашуун имарат өрттөлгөнү маалымдалды.

Калаба учурунда Бангкокто бир нече банк, телестанция, кинотеатр, Түштүк Азиядагы экинчи чоң соода борбору (Central World) болуп, 20дан ашуун имарат өрттөлдү. Алты киши, анын ичинде италиялык фотожурналист өлгөнү маалымдалды. Бейбаштык армия шаршемби күнү анти-өкмөтчүлөрдүн Бангкоктогу лагерине чабуул коюп, басып алгандандан кийин башталган.

Анти-өкмөтчүл эрегишчилердин бир тобу полицияканада отурушат. Бангкок. 20-май. 2010

Шаршемби күнкү күнү коменданттык саат “уюшкан кылмыштуулукту” ооздуктоо үчүн зарыл экенин өкмөт өкүлү Панитан Ватанягорн билдирди:

- Талап-тоноочулукка жана имараттарга өрт койууга чыдабайбыз. Биз алардын(эрегишчилердин) иренжүүсүн түшүнөбүз. Бирок бүгүн түнү болгон зомбулукту эч кандай көңүл калуу менен актап болбойт. Бул уюмдашкан кылмышкерлик жана терроризм. Биз зобун-зордуктарды токтотуу үчүн колдон келгендин баарын жасайбыз.

19-майда Тай армиясы “кызыл жегдечендердин” Бангкоктун ортосундагы баррикадалар менен курчалган лагерине жасаган чабуулдан кийин башталган башаламандык баш калаага чектеш аймактарды да козголтту. Борбордук өкмөт кырдаалды көзөмөлдөө үчүн

Демонстранттар коопсуздук күчтөрүнө каршы аракетте. Бангкок. 15-май 2010

Тайланддын түндүк жана түндүк-чыгышындагы 23 провинцияда 19-майда киргизилген коменданттык саатты 22-майга дейре узартты.

Коогага байланыштуу япондордун эл аралык “Honda Motor“ компаниясы Бангкоктогу мотоцикл жана Аютия шаарындагы автомобиль заводдорун жапты. “Honda” компаниясы Тайландда жылына “Accord sedan” жана “Civic” маркасында 240 миң жеңил машине чыгарат.

Кызыл жегдечендердер мартта баштаган саясый тополоңдун кесепетинен өлкөнүн туризм өнөр жайы олуттуу зыян тартууда. Туризм Тайландда улуттук дүң өнүмдүн 6 процентин берип, 15 процент жумуш орундары ушу тармакка байланышкан. Тай өкмөтүнүн эсебинче, 9 жумалык саясый эрегиш 3 миллиард доллар чыгыша алып келди. Бул ички дүң жыйымдын 1 процентине тете сумма.

Бейшемби күнү оппозиция лидерлери кызыл жегдечендердин жактоочуларын талап-тоноочулукту жана зобун-зордукту токтотууга чакырышты. “Демократия өч алуу менен орнотулбайт. Асылзат иштер зобун-зордуксуз курулат”, деп кайрылды аларга Демократия диктатордукка каршы бириккен фронтунун башчысы Виира Мусикапон. Шаршемби күнү “Кызыл жегдечендер” кыймылынын төрт лидери армияга багынып, өз тарапкерлерин тынч тарап кетүүгө чакырган болчу.

Солчулдар, демократтар жана мурдакы премьер-министр Таксин Ваттанягорндун тарапкерлери март айынан бери Абсихит Ветчачиванын өкмөтүнүн отставкага кетүүсүн жана парламентти таркатып, кезексиз шайлоо өткөрүүнү талап кылып жатышты. Алардын ырасташынча, Абсихиттин өкмөтү шаардык элитанын камын көрүп, бей-бечаралар менен элет элинин көйгөйүн унутта калтырган.

Жоопкерчиликтен качып, өлкөнү таштап кеткен Таксинди бийликтен 2006-жылкы аскерий төңкөрүш алып түшкөн. Премьер-министр Абсихит 2007-жылкы шайлоонун жыйынтыгы боюнча өкмөт башына келген.

XS
SM
MD
LG