Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 21:12

Тайван АКШ менен Кытайды тартышка салды


Кытай тышкы иштер министрлигинин өкүлү эгер АКШ Тайванга курал сатуу чечимин өзгөртпөсө,эки тараптуу мамилелерге олуттуу зыян келерин эскертти.
Кытай тышкы иштер министрлигинин өкүлү эгер АКШ Тайванга курал сатуу чечимин өзгөртпөсө,эки тараптуу мамилелерге олуттуу зыян келерин эскертти.

Пентагондун коопсуздук тармагындагы кызматташуу мекемеси Тайванга алты миллиард доллар суммасында курал-жарак сатканы жатканын АКШ конгрессин өткөн жума күнү маалымдар кылган эле. Бул чечим Кытайдын кескин нааразылыгын пайда кылды.

Жекшемби күнү Кытайдын тышкы иштер министри Ян Цзечи мамлекеттик CCTV каналы аркылуу таркатылган билдирүүсүндө Вашингтонду "калпыс аракети менен эки өлкөнүн мамилесин, айрыкча 17-августтагы коммюникени бузганы" үчүн айыптады.
"Кошмо Штаттары Кытайдын ички иштерине одоно кийлигишти, анын улуттук коопсуздугуна зыян келтирди",-деп айтылды документте.

Министр АКШны Кытайдын кызыкчылыктарын урматтоого чакырып, Тайванга курал сатуу тууралуу чечимин тезинен өзгөртүүнү, дегеле Тайбэйди аскери жактан жабдып-колдогонун токтотууну талап кылды.

Вашингтондо бул маселени башкача өңүттө түшүндүрүштү. Атап айтканда, мамлекеттик департаменттин өкүлү Филипп Кроули Тайбэйди коргонуу мүнөзүндөгү курал-жарактар менен камсыздоо жагы Тайванга байланыштуу мыйзамда каралганын айтып, мындай иш "бир Кытай" принцибине каршы келбей турганына, тескерсинче, булуңдагы коопсуздукту чыңдоого салым кошоруна ишендирди.

Пентагон менен Тайбэй ортосундагы аскер соода бүтүмү мурдагы президент Жорж Буштун тушунда макулдашылган. Америкалыктар тайвандыктарга "Пэтриот" үлгүсүндөгү 114 ракета, Black Hawk ("Кара шумкар") деп аталган 60 тикучак, аскери авиацияга керектүү башка да жарак-жабдуу сатканга убада беришкен. Бирок бул бүтүм конгресстин кароосунан өтө элек болчу. Алдыдагы отуз күн ичинде мыйзамгерлерден каршылык болбосо, анда соода келишими ишке ашырыла баштайт.

Вашингтондун чечимин ырасмий Тайбэй кубаттады. "Бул Тайвандын ишенимин бекемдейт, анын коопсуздугун чыңдайт жана Кытай менен теңбирдей мамиле түзгөнгө мүмкүндүк берет",-деп айтты өлкөнүн президенти Ма Инцзю.

Бирок Кытай бул соода-сатык биринчи кезекте Вашингтон менен Пекиндин алакаларына терс таасирин тийгизерин, атап айтканда, Кытай түйүндүү маселелер боюнча АКШ менен кызматташтыгын жыйыштырып коюшу мүмкүн экенин эскертти. Мындан тышкары АКШдагы компанияларга, өзгөчө Кытайда чоң бизнеси жана кызыкчылыктары бар ишканаларга каршы санкциялар жарыяланышы мүмкүн.

Жекшемби күнү Кытайдын коргоо министрлиги эки тараптын ортосундагы аскери карым-катнаштарды убактылуу токтотконун жарыялады. Мекеменин ырасмий өкүлү Хуан Сюэпин өлкөнүн территориялык бүтүндүгүнө жана коопсуздугуна байланышкан маселелерде Кытай "эч качан эч кандай мунасаларга барбай турганын" ырастады.

Кытай менен АКШнын мамилелери акыркы учурларда соода-сатык жана интернет цензурасы боюнча талаштардан улам кыйла кыйгыл тартып кеткен эле. Тайванга байланышкан талаштан улам мамиле ого бетер кыйчалыштап кетиши ыктымал.

Тайван аралын 1949-жылдан бери өзүнчө өкмөт башкарат, бирок Кытай аны өз аймагы деп эсептейт. Кокус аралдын калкы ырасмий түрдө көз карандысыздыкка умтулчу болсо, Кытай ага каршы күч колдоно турганын эскертип келатат.

XS
SM
MD
LG