Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 00:13

Тажикстан: Банктагы аудит ири өлчөмдөгү акчанын жоголгонун аныктады


Акыркы көз карандысыз аудиттин тыянагына караганда, Тажикстандын Улуттук банкынан ири өлчөмдөгү каражат банкты Муродали Алимардон башкарган жылдары жоголгон.
Акыркы көз карандысыз аудиттин тыянагына караганда, Тажикстандын Улуттук банкынан ири өлчөмдөгү каражат банкты Муродали Алимардон башкарган жылдары жоголгон.

Тажикстандын Улуттук банкында жүргүзүлгөн акыркы аудит бир миллиард доллардан ашуун акча жетпей турганын аныктады. Мындан улам ири өлчөмдөгү мамлекеттик каражаттын максатсыз жана жеке кызыкчылыкта пайдаланылышын Улуттук банктын мурдагы төрагасы жана өлкөнүн учурдагы вице премьер-министринен көрүп жатышат.

Тажикстандын Улуттук банкында көз карандысыз аудитти бул ирет британиялык “Ernest and Young” компаниясы жүргүзгөн. Аудиттин тыянагы Улуттук банктын интернет баракчасына ушул аптада коюлду. Ага караганда, 856 миллион доллардан ашуун акча Улуттук банктан “Кредит-Инвест” деп аталган жеке компаниянын эсебине кеткен. Ал компания өз кезегинде бир нече миллион доллардык насыяларды бир катар жеке, анын ичинде Улуттук банкты узак мезгил башкарган адам же анын үй-бүлөсү ээлик кылган ишканаларга карматкан.

Учурда Тажикстандын премьер-министринин айыл-чарба боюнча орун басары кызматын аркалап жаткан Мурадоли Алимардон өлкөнүн Улуттук банкын 1996-2008-жылдардын аралыгында же 12 жыл бою башкарган эле. Улуттук банктан болсо жеке компаниянын эсебине акча ал иштеген, 2004-2008-жылдардын аралыгында которулуп турган.

Аудиттин тыянактарына караганда, ошондой эле 2004-2007-жылдардын аралыгында пахта өндүрүшүн колдоо үчүн мамлекеттен бөлүнгөн 220 миллион доллар кайда кеткени белгисиз же өз максатта колдонулганын күбөлөндүргөн документтер жок.

Айтор жеп-ичмейлер менен коррупция Тажикстанда кеңири жайылганы жашыруун эмес экендигине карабай, өлкө бюджетинин бир жылдык кирешесине жакын акчанын жоголуусу - айран таң каларлык.

Азыркы аудиттен бир жыл мурда Тажикстандын Улуттук банкы насыя алуу үчүн жалган маалыматтарды бергени анык болгондон кийин Эл аралык валюта кору 47 миллион долларды артка кайтарууну талап кылган эле. Бул эл аралык каржы институту менен кызматташтыктын келечеги Тажикстандын көз карандысыз үч аудитке көнүүсүнө көз каранды болчу. Аудит Улуттук банктан тышкары аллюминий өндүрүүчү мамлекеттик ишкана – Талкодо жана “Барки Точик” энергетикалык концернинде жүргүзүлмөк.

Тажик бийликтеринин Улуттук банктагы аудитти тездетүү жөнүндөгү убадасына карабай, “Ernest and Young” компаниясынын ырастоосунда, Улуттук банк менен андан акча алган “Кредит-Инвест” компаниясынын бардык эле документтери алардын колуна тийген эмес. Аларга мындан ары керексиз деп эсептелгендиктен финансылык отчеттордун көбү жок кылынганын, маанилүү документтер өрттөлгөнүн айтышкан. Банктын аты аталбаган өкүлдөрүнүн бири, кабарларга караганда, аудиторлор менен маегинде атүгүл эски документтер ажатканада пайдаланылганын да жашырбаптыр.

Аудиторлор ырастаган дагы бир маалыматка караганда, финансылык отчеттор жүктөлгөн жаңы компьютердик файлдар алардын текшерүүсү башталардан жуп алдында эле түзүлгөн.

Айтор бул жаңжал экономикасы ансыз деле чет элдик инвестиция жана тыштагы эмгек мигранттарынын жөнөткөн акчасына көз каранды Тажикстан менен иштешүүдөн чет элдик инвесторлор эми жаа бою качабы деген кооптонууларды жаратпай койгон жок. Эл аралык мамилелер боюнча Дүйшөмбүдөгү институттун бөлүм башчысы Шакиржон Хакимовдун көз карашында, соңку аудиттин негизинде кылмыш иши козголуусу керек. Элдин акчасын жеп-ичкендер сот жообуна тартылуусу, ага катар уурдалган акчаны кайтаруусу абзел:

- Өкмөт элден кечирим сурашы керек. Анткени ошончо өлчөмдөгү акча биздин айыл-чарбабызга жумшалса, тармакты кыйлага оңдомок. Бирок ушуга окшогон көз бойомочулуктар өлкөнүн өнүгүүсүнө, экономикалык программалардын ишке ашуусуна тоскоолдук кылууда.

Эмнеси болсо да Улуттук банкта жүргүзүлгөн аудиттин жыйынтыгы Тажикстан үчүн жагымсыз учурда жарыяланды. Ушул шейшемби күнү эле өлкөнүн Каржы министрлиги бюджеттин киреше бөлүгү бир топко төмөндөп кеткенин, бюджет таңкыстыгын жабуу үчүн четтен бери дегенде 260 миллион доллар талап кылынарын билдирди.

Жогорудагыдай жардамды алуу Тажикстандан Эл аралык валюта кору менен тыгыз кызматташтыкты талап кылат. Валюта корунан Тажикстан буга чейин эле алдыдагы үч жылга жакырчылыкты кыскартуу программасын каржылоону суранган. Валюта корунун Тажикстандагы миссиясынын башчысы Алекс Шиммелпфеннинг “Азаттык” радиосунунун кабарчысы менен маегинде алар Улуттук банктагы аудиттин тыянактарынан кабардар экенин жана тажик бийликтери ага кандай чара көрөрүнө жакындан байкоо саларын белгиледи. Валюта корунун өкүлүнүн айтымында, алар Тажикстандын жакырчылыкты кыскартуу программасын каржылоо маселесин азырынча чече элек:

- Тажик бийликтери жакырчылыкты азайтуу программасын каржылоону чындап эле суранышкан. Бул үч жылга эсептелген программа жана насыянын өлчөмү 120 миллион доллардын тегерегинде. Эл аралык валюта корунун Директорлор кеңеши бул өтүнүчтү караар алдында алар (тажик бийликтери) беш чараны аткарууга милдеттеме алган.Ошол чаралардын көпчүлүгү азыркыга чейин аткарылды жана Директорлор кеңеши Тажикстандын өтүнүчүн жакын арада талкуулайт деп күтүп жатабыз.

Эл аралык валюта корунун өкүлү ага катар тажик бийликтери Улуттук банктагы аудиттин жыйынтыгын интернет сайтка чыгаруусун кубаттады. Буга чейин мындай болгон эмес экен.

Чет элдик компания тарабынан жүргүзүлгөн акыркы аудиттин тыянактарына карата, тажик өкмөтү тараптан азырынча расмий реакция боло элек. Улуттук банктын өкүлдөрү аудиттин тыянактарын комментарийлөөдөн баш тартышты.
  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG