Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 13:48

17 жылдан бери тажик атуулдары Пакистанга баруу үчүн визаны 3-4 ай күтүп келген. Жакында эле Пакистандын Ички иштер министрлиги Тажикстанды “кара тизмеден” чыгарды. Айрым адистер муну менен Тажикстанда радикал диний агымдардын саны көбөйөрүн эскертишүүдө.

Көзөмөлгө алынбаган өспүрүмдөр

Акыркы мезгилде тажик атуулдарынын Пакистандын аймагында мыйзамсыз жүргөн окуялары көп катталууда. Буга байланыштуу Тажикстандын Пакистандагы элчиси Зубайдулло Зубайдов “Ховар” маалымат агенттигине маек курду. Анда элчи Пакистанда мыйзамсыз жүргөн тажиктердин көбү бул өлкөгө диний окуу жайларда билим алууга барышканын айтат.

Жабык мекемелерде билим алган студенттердин ой-жүгүртүүсү 3-5 жылдан кийин толугу менен өзгөрүп калат.
Элчинин айтымында, Тажикстандын үч атуулу акыркы алты ай ичинде Пакистандагы түрмөдө кармалышкан. Аларга “Пакистанда мыйзамсыз окуп жүргөн” деген айып коюлган. “Менимче, - деп улантат сөзүн элчи Зубайдулло Зубайдов, - Пакистанда диний багыттагы окуу жайларда билим сапаты өтө төмөн деңгээлде. Бул студенттер сүрөттөп бере алгыс начар шарттарда жашачу экен. Бир жылда аларга болгону эки жолу кийим-кече жана самын берилген. Өз балдарын ушундай окуу жайга жиберүүгө ата-эненин кантип дити барат? Мен ушуну түшүнбөйм”.

Элчиликтин маалыматы боюнча, адатта Пакистанга Тажикстандын алыскы аймактарынан, тил билбеген 13-14 жаштагы өспүрүмдөр барышат. Пакистанга келгенде алардын паспортторун, документтерин тартып алышат да, өспүрүмдөр бул өлкөдө мыйзамсыз жүрүшөт. Алар көчөгө чыгып, коомдук жайларга баруудан коркушат.

Бүгүн окуучу, эртең радикал диний агымдын мүчөсү

Бейрасмий маалыматтар боюнча ушул тапта Пакистанда 300дөн ашуун тажик атуулу мыйзамсыз жүрөт. Алар Пакистанда диний багыттагы жабык окуу жайларда билим алышат. Адистердин айтымында, акыркы убактарда Тажикстанда көбөйүп жаткан радикал диний агымдардын мүчөлөрү дал ушундай окуу жайларда тарбияланып чыгышкан.

Тажикстандын Билим берүү министрлигинин алдындагы чет өлкөдө окуган студенттердин иши боюнча бөлүм жетекчиси Фарида Кодированын айтымында, мындай студенттерди көзөмөлдөө мүмкүн эмес:

- Билим берүү министрлиги буларды көзөмөлдөй албайт. Пакистанга окууга кетип бараткан студенттер бизге келип, “биз мына бул окуу жайда окуганга баратабыз” деп айтышпайт. Билим берүү министрлиги айрым Араб өлкөлөрү менен макулдашуу түзгөн. Ошол өлкөлөрдөгү студенттерди көзөмөлдөй алабыз. Эгерде биз бул өлкө менен макулдашуу түзгөнүбүздө, анда студенттерди диний окуу жайларга гана эмес, техникалык же башка багыттагы университеттерге жибермекпиз. Ал эми Пакистанга барган студенттер өз жолу менен кетишет.

Тажикстандын Пакистандагы элчилиги жабык мекемелерде билим алган студенттер 3-5 жылдан кийин ой-жүгүртүүсү, көз-караштары толугу менен өзгөрүп мекенине кайтып келишерин эскертип, тынчсыздануусун билдирүүдө.

Бирок “мындай шарттарда кандай чаралар көрүлүп жатат” деген суроого тийешелүү мекемелер алакан жайып тим болушат. Тажикстандын Тышкы иштер министрлигинин басма сөз өкүлү Даллат Назриевдин айткандарын уксак:

- Пакистанга биздин атуулдардын көбү түрдүү жол менен кетишет. Биз аларды көзөмөлдөй албайбыз. Алар бизге окуганга, билим алганга кетип жатабыз дешет. Бирок биздин атуулдар бир гана Пакистанга эмес, ошондой эле Араб өлкөлөрүнө да кетип жатышпайбы. Болгондо да ар кандай жолдор менен кетишет. Биз бардыгын көзөмөлдөй албайбыз да.

Бир катар адистер тажик бийлиги араб өлкөлөрүнө кетип жаткан студенттерди бекем көзөмөлгө алышы керектигин, болбосо диний кырдаал ансыз да татаал Тажикстанда абал коркунучта болгонун эскертишүүдө.

Учурда Тажикстандагы эл аралык компанияда котормочу болуп иштеген Саади Юсуфи мындай кооптонууларга негиз жок деп эсептейт. Юсуфи Пакистанда диний багыттагы окуу жайда билим алып келген.

- Көптөр азыр айтып жаткандай Пакистанда кырдаал коркунучтуу деле эмес. Пакистанда бир топ мыкты университеттер, окуу жайлар бар. Мен окуган университеттин шарттары абдан жакшы болчу. Мен өзүм эңсеген билимге ээ болдум. Мындан сырткары англис жана араб тилдерин абдан жакшы өздөштүрүп, азыр эл аралык компанияда котормочу болуп иштейм. Пакистанда билим алганыма абдан кубанычтамын.

Кыргызстан-Тажикстан: кырдаал бирдей, көзөмөл жок

Соңку учурларда Борбор Азияда, анын ичинде Кыргызстанда да дин маселеси олуттуу талкууларды жаратууда. Теология илиминин доктору Бакыт Мурзубраимовдун айтымында, башка өлкөдө диний окуу жайда билим алып, өз идеологиясын башкаларга таңуулагандар Кыргызстанда да көбөйдү. “Бул өлкөдөгү диний кырдаалды курчутат” деп эсептейт адис.

Бакыт Мурзубраимов: Тажикстандан, Кыргызстандан Пакистанга барып, диний багытта билим алгандардын көпчүлүгүн көзөмөлдөө мүмкүн болбой калууда. Ошонун айынан ар кимиси ар кандай идеологияны алып, Кыргызстанга, же Борбор Азияга таратууда. Же ал жактан, же бул жактан жок, сабатсыз балдар идеологияны туура эмес түшүнүп алып, ошону өзүнүн жеке көз-карашы менен аралаштырып, анан башкаларга таратканга аракет кылып жатышат.

“Азаттык”: Пакистанда ушундай жабык окуу жайда билим алып, Кыргызстанда өз ишмердүүлүгүн жүргүзгөн диний агымдар жөнүндө маалыматыңыз барбы?

Бакыт Мурзубраимов: Мындай агымдардын бирөө Кыргызстанда бар. Ошону толук ушундай агымга кошобузбу же жокпу, муну так айта албайм. Менин жеке пикиримче, Пакистандын өзүндө ушул ислам багытында 19-кылымдын башында пайда болгон "Ахмадия" агымы бар. Ошол агым өз ара экиге бөлүнгөн. Ошонун бири Кыргызстанда иш жүргүзүүдө. Анын идеологиясы Борбор Азиядагы мусулман жамаатынын идеологиясына туура келе бербейт.

"Ахмадия" агымынын мүчөлөрүнүн кол алдында окуп калган кыргыз же тажик балдар өз өлкөсүнө кайтып келгенде сөзсүз өзүнүн көз-караштарын башкаларга таңуулап, кайчылаш пикирлерин айтып, ортодо пикир келишпестиктер жана жаңжал чыгат.

Тажик бийлиги көзөмөлдү өз колуна алгысы келет

Тажик бийлиги дин маселесине олуттуу көңүл бура баштагандай. Маалым болгондой, ушул жылдын сентябрь айынан баштап, тажик окуучулары “Ислам таануу” дарсын өтө башташат. Учурда Дүйшөмбү шаарындагы Айни атындагы педагогикалык университетте 400 мугалим атайын курстан өтүүдө. Алар жаңы окуу жылынан баштап мектептерде 8-класстын окуучуларына “Марифати ислам” (же “Исламды таануу”) деп аталган жаңы дарс өтүшмөкчү.

Тажикстандын Билим берүү министрлиги ислам боюнча сабакты мектептерде молдолор же Ислам университетин бүткөндөр эмес, мектептеги тарых жана адабият дарстарын окуган катардагы эле мугалимдер өтүшөрүн билдирди. Министрлик муну менен мектеп окуучуларына дин тууралуу, Мухаммад пайгамбар жана анын хадистери жөнүндө бейтарап маалымат берүү максатын көздөгөнүн ырастайт.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG