Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 20:36

КЫРГЫЗСТАН МЕНЕН ТАЖИКСТАН ООГАНСТАНГА ЭЛЕКТР ЭНЕРГИЯСЫН САТAТ


Кыргызстан 2010-жылдан тарта Тажикстан менен биргелешип Ооганстанга электр энергиясын сатууга кам көрө баштады. Ага негиз берген меморандумга өткөн жумада Кабулда кол коюлду.

Меморандумга Ооганстан, Кыргызстан,Тажикстан жана Пакистандын өкмөттөрүнүн өкүлдөрү 16-ноябрда “Борбор Азия жана Түштүк Азия регионундагы энергетикалык рынок” деп аталган бирикменин үчүнчү конференциясында кол коюшту. Анда белгиленген максаттарга караганда, долбоорду ишке ашырууга 500 миллион доллар сарпталып, ага Кыргызстан жана Тажикстанды Пакистандын аймагы аркылуу Ооганстан менен туташтыруучу 750 чакырымдык электр линиясы курулмакчы. Мындай эл аралык ири долбоорду ишке ашырууга Дүйнөлүк банк менен Азия өнүгүү банкы жана башка эл аралык каржы институттары көмөктөшүүгө ниеттенип жатат. Бул аракетти ишке ашыруу үчүн тараптар Өкмөттөр аралык кеңеш түзүп, анын катчылыгын Кабулда жайгаштырууга да макулдашышты.

Кыргызстандын энергетика, отун-суу ресурстары министринин орун басары Акылбек Түмөнбаевдин айтымында, мындай долбоорду түзүү тууралуу төрт мамлекеттин ортосунда сүйлөшүүлөрдүн башталгандыгына бир жарым жылдын жүзү болгон. Сүйлөшүүлөрдун башында Кыргызстандын долбоорго катышуусуна ынабай жаткан тараптар Кабулдагы конференциядан кийин долбоордун биринчи баскычына кошулууга макулдук беришти. Натыйжада, Кыргызстан эң ириде 220 киловатт сааттык электр энергия ташыла турган линия өтчү эки станцияны курушу зарыл.

- Биз биринчиден Ошто “Датка” электр подстанциясын, андан кийин Алайда “Айгүл таш” деген станциясын курушубуз керек . Андан ары Тажикстандын 220 киловольттук линиясына кошулат дагы бизде 1 миллиард киловатт сааттык энергия сатууга мүмкүнчүлүгүбүз болот. Ошон үчүн бизди биринчи фазадагы долбоорго киргизишти. Менимче, бул жеңилдетилген кредит болот. Ал үчүн азыр Дүйнөлүк банк мамлекеттер бирге иштеп жатат. Жанагы 500 миллион долларлык кредиттин ичинен биз 70тен 100 миллион долларга чейинки каражат берилиш керек. Ага “Датка” подстанциясын андан “Датка-Ходжент” деген 207 чакырымдык 500 киловольттук линияны курушубуз зарыл. Ошондо биз Ооганстанга, Пакистанга өзүбүздүн электр энергиясын сатканга жол ачылат,- Акылбек Түмөнбаев.

Эл аралык каржы институттарынын өкүлдөрү ушул жыл аягында келип, Кыргызстандын долбоорду ишке ашыруу мүмкүнчүлүктөрүн иликтейт:

-Ушул декабрда Кыргызстанга Дүйнөлүк банктын жана акча каражатын издеп жаткан башка эл аралык каржы институттардын миссиясы келет. Алар келгенде биз биздин гидроэлектр станциялардын мүмкүнчүлүгү бар, линиялар мындай тартылат деп, алар бирге иштешип далилдешибиз керек. Эгер биз далилдей алсак, бизге жеңилдетилген кредит берилет. Ага биз 500 киловольттук “Датка” деген подстанцияны, андан кийин Кыргызстан менен Тажикстанды түз бириктирген “Датка-Ходжент” деген 500 киловольттук линияны курушубуз керек.

Анткен менен жылына 14 миллиард киловатт саат электр энергиясын өндүрүп, кыш мезгилинде өлкөнү электр энергиясы менен камсыз кыла албай жаткан Кыргызстандын чет өлкөлөргө ири көлөмдө энергия сатуусуна күмөн саноолор арбын. Кыргызстандын нефтитрейдерлер ассоциациясынын президенти Базарбай Мамбетовдун айтуусуна караганда, Ооганстан менен Пакистанга электр энергиясын сатуу маселесинин козголгонуна 10 жылдан ашты. Бирок, сөздөн ишке өтүү үчүн эч кандай аракет болгон эмес:

-Кол койгон менен аны ишке ашырыш керек да! Азыр эч кандай схемасы, техникалык-экономикалык негиздемеси жок болсо, инвестицияны ким берери ачык болбосо жөн эле популисттик иштерди кылып койгонго машпыз да! Тышкы иштер министрлигинин балдарынын Бишкекте суу-энергетикалык академия ачабыз, Тажикстан менен Кыргызстандын ортосундагы суу-энергетикалык консорциум түзүлөт деген сөздөрүндөй эле бул балдардын жеңил сөздөрү.

Энергетика жана отун-суу ресурстар министринин орун басары Акылбек Түмөнбаевдин айтымында, мындай алдын-ала кооптонууларга жол бербей, эл аралык электр тармактарын курууга белсенүү зарыл. Анткени, бул долбоор 2008-жылдын 1-январында курулушу баштала турган Камбарата-2 ГЭСи аяктагандан кийин өндүрүлчү энергияны сатуу долбоору болмокчу:

-2010-жылга чейин керектүү кубаттагы энергия болот. Камбарата-2 ГЭСининин курулушу башталмак болбодубу.Ага 300 миллион сом которулду. Курулушу 1-январдан тарта ишке киришет. Бюджеттен да бир жарым миллиард сом каралып жатат. Кичине алдыдагы келечекти ойлонушубуз керек да. Кышында электр энергия жетпей деп отура бермек белек? 2010-жылдын башында тажиктер менен бирге электр энергиясын сатканга бүт мүмкүнчүлүктөр бар.

XS
SM
MD
LG