Линктер

logo-print
шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 11:51

Борбордук Азия: Кыргызстанга Тажикстандын тынчтык рецепти


Сүрөттө: Тажикстандагы 1990-жылдардагы атуулдук согуштун бир учуру. Өзбек колбашчы, полковник Махмуд Худайбердиев жетектеген өкмөттүк жоокерлер Түндүк Тажикстандагы Турсунзаде шаарында көтөрүлүшчү Надыр Абдуллаевдин күчтөрүн шаар сыртына сүрдү.

Сүрөттө: Тажикстандагы 1990-жылдардагы атуулдук согуштун бир учуру. Өзбек колбашчы, полковник Махмуд Худайбердиев жетектеген өкмөттүк жоокерлер Түндүк Тажикстандагы Турсунзаде шаарында көтөрүлүшчү Надыр Абдуллаевдин күчтөрүн шаар сыртына сүрдү.

Кыргызстандын түштүгүндө чыккан жаңжалдан кийин ошол жердеги улуттардын ортосунда мурдагыдай инилеш мамиле түзүлүшү мүмкүнбү?



Тасма: Ош: азаптуу жана армандуу күндөр

Ош менен Жалал-Абатта болгон кагылышта үй-жайы өрттөлгөндөр, качып кеткендер жашаган аймактарына кайра кайтып барышканы менен, толук жайгашып, орун-очок алыша элек. Өзбек улутундагы кыргызстандык жарандар жыш жайгашкан андай аймактардын бири - Шейит-Дөбө. JAk (Тасма 27-июнда тартылган)

Алаамат учур


Быйыл июндагы кыргыз-өзбек улуттары ортосундагы кандуу кагылышуу Ош жана Жалал-Абаддын тургундарынын көпчүлүгүн жакындарынан, үй-жайынан ажыратты; миңдеген жарандар мурда турган үйлөрүнөн ажырап, жамааттарынан зордук менен чыгарылды.

Туугандарыңды кыжырланган топтор келип өлтүрүп, үй-жайыңды өрттөп, жашоо-тиричилигиңди бир күндө талкалап кетсе, мурункудай бейкут акыбалга келиш мүмкүнбү? Мындай зомбулук өзүңдүн үйүм деп жүргөн шаарыңда болсо, ал тургай, аны кошуналарың жасаганын билип турсаң, кантип кайрадан кадимки жашоо жолуна түшсө болот?

Үйлөрүнө кайтып келген алардын көпчүлүгү мына ушундай ойлор менен болсо, кыргыз өкмөтүнүн максаты - бери дегенде 310дон ашуун адамдын жанын кыйып (курман болгондордун саны мындан алда канча арбын деген жоромолдор бар), 400 миңге жакын адамды үйлөрүнөн мажбурлап чыгарган кыргыз-өзбек араздашуусунун келечекте кайра кайталанбай тургандыгына жетишүү.

Тажик сабагы жана тажрыйбасы

Кыргызстандын убактылуу өкмөтү өзбектер менен кыргыздардын ортосунда таарынычты жазуу үчүн Тажикстанда беш жылга созулган согуштан кийин элди жараштырууга арналган иштерди үлгү катары кабыл алса болот. Андан бери кыйынчылыктарга карабай, Тажикстанда 13 жылдан бери тынчтыкты сактоодо бул аракеттердин ийгиликтүү болуп жатканында шек жок.

Бирок, Тажикстандын мисалын Кыргызстандын окуясына толук салыштыруу туура болбосо керек.

Анткени тажик согушу, Кыргызстандагыдан айырмаланып, улуттар ортосундагы араздашуунун натыйжасынан чыккан эмес.

Ал - саясатка байланыштуу Орусия колдогон расмий бийлик менен Исламдык Кайра Жаралуу Партиясы (ИКЖП) жетектеген оппозиция ортосундагы конфликт. Эмнеси болсо да, бул согуш Тажикстандын Куляб регионунун жана Рашт өрөөнүнүн тургундарын бири-бирине каршы койгон.

Тажикстанда 1992-жылдан 1997-жылга чейин уланган согушта 50 миңден ашуун адам өлгөн, калктын 20 пайызын түзгөн 1.2 миллион киши башка жакка качканга аргасыз болгон.

Куляб районунунун чакан айылында жашаган 50 жаштагы Сулико Салимова үчүн согуш азаптуу күндөрдү эске салат:

«Мен үйдөн кандай кийимде болсом, ошондой эле качып чыккам. Кайтып келсем, жолдошумду өлтүрүп коюшкан экен, үйүмдү болсо өрттөп салышыптыр. Мен бардыгынан ажырадым. Башкалар качканда, жолдошум: «Араздашкан тараптардын бирине да кошулбасам, мага эмне тиймек эле», деп калып калган болчу. Аны биринчелерден болуп өлтүрүштү, кийин денеси жаныбыздагы суунун боюнан табылды».

Салимова жолдошунан башка дагы төрт тууганынан ажырады. «Булар рашттыктар» деп, алардын баарына кол салышкан.

Кулябдын дагы бир тургуну Гулрухсор Сафарова мындай деп эскерет:

«Мен кулябдык өлгөндөрдүн көп эле денесин көрдүм. Биринчи иретте алардын жанын кыйган адамдарды жек көрөсүң. Ушунун баарын ким кылганын так билбей эле, иши кылса, кимдир бирөө кулябдыктарды өлтүрүп атканын гана байкайсыңда. Ичимде ар түрдүү карама-каршы сезимдер бар болгону эсимде».

Бүгүнкү күндө аялдардын экөө тең таарынычтарын жазууга жетишишти. Сафарова да, Салимова да Тажикистандын түштүгүндөгү Хатлон жамаатынын Кумсангир деген жеринде турушат.

Салимованын айтымында, кырдаал кандай азаптуу, оор болсо дагы, адамдарды элдештирүү керек.

Элдешмек - аста-секинден...

Ал эми Сафарованын айтымында, ал бул жакка жаңыдан көчүп келгенде, башкалар ага ишенбөөчүлүк менен карашчы. Азыр болсо рашттыктар да, кулябдыктар да бири-бири менен кадимкидей мамиле кылып, аралашып калышты.

Буга жетишүү оңой болгон эмес жана жөн эле жерден келип чыккан жок.

Тажик бийлиги, оппозиция жана эл аралык уюмдар бирге иштеп, акча каражат, убакыт жумшалды.

1997-жылы июнда эл аралык коомдун ортомчулугу менен өкмөт жана оппозициянын ортосунда «Биримдик келишими» түзүлүп, андан ары элди ынтымакка чакырган аракеттер жасалды.

Бул аракеттер - эң биринчиден, Элдештирүү боюнча Улуттук Комиссиянын көзөмөлү астында качкындардын кайтып келишине жардам көрсөтүү, алардын жашаган жана иштеген жерлерин оңдоого, мурунку калыбына келтиргенде колдоо көрсөтүү.

Кумсангирдеги азыркы тынч абал чын эле бул айтылган аракеттер туура натыйжага алып келгенине күбө; эл кадимкидей күнүмдүк иштерин жасап, жашап жүрөт.

Борбор шаар Душанбедеги «Диалог» уюмунун жетекчиси жана Элдештирүү боюнча Улуттук Комиссиянын активисти Никматулло Сайфуллозоданын айтымында, «тынчтыкты жана ынтымакты кайра орнотуу аракеттеринин башкы бөлүгү – бул ал жерде жашаган элдин эрки, кечиримге даярдыгы».

«Өч алуу эч нерсеге алып келбей тургандыгын эл ошондо билген. Адамдар кекчилдик кайрадан кандын төгүлүшүнө, зомбулукка гана алып келээрин, бардыгына эң негизгиси, тынчтык керек экенин түшүнгөн», - деди Сайфуллозода.

Уугум, сага айтам, уулум сен ук...

Түштүк Кыргызстандагы быйылкы июндагы кандуу окуяларга бир нече апта болуп, өзбек менен кыргыз тегиндеги жарандардын ортосундагы мамиле мурункудай калыбына келгенине чейин канча бир убакыт өтсө керек.

Учурда Кыргызстандын түштүгүндө эки улуттун аксакалдарынын, жаштардын жана башка коомдук өкүлдөрүнүн катышуусунда элди биргелешип ынтымакка чакырууга багытталган иш чаралар жүрүүдө.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG