Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 22:00

Тажикстан чет элдиктердин иштөөсү үчүн атайын эреже иштеп чыкты


Тажикстандын өкмөтү чет элдик эмгек мигранттарына карата атайын уруксат берүү системасын киргизди.

Эмгек жана социалдык коргоо министрлиги тараткан маалыматка ылайык, эми тыштан келген жарандар Тажикстанда иштөөгө уруксат алуу үчүн 7,5 миң АКШ доллары өлчөмүндө каражат төлөшү керек болот.

Ырасмий Дүйшөмбү чет элдик мигранттардын санын көзөмөлдөө жана миграциялык мыйзамдарын иретке келтирүү максатында атайын эрежелерди иштеп чыкты.

Тажикстандын Ички иштер министрлигинин Миграция кызматы, ал эрежелерди президент Эмомали Рахмондун тиешелүү жарлыгына ылайык иштеп чыгып, коомчулукка, ириде өлкөдө иштеп жатышкан чет элдик жарандарга эскертүү жасашты.

«Чет элдик жарандардын жана жарандыгы жок адамдардын Тажикстанда иштөөсүнө уруксат берүү тууралуу» деп аталган президенттин жарлыгында, тиешелүү мекемелер бул боюнча эрежелерди иштеп чыга тургандыгы айтылган. Ал эми бул жаатта иш алып барган Тажикстандын Миграция кызматы 1-апрелден тарта бул боюнча мыйзамдар күчүнө кирерин жарыялады. Ага чейин Тажикстанда иштеп жатышкан бардык чет элдик жарандар документтерин жаңы мыйзамга жараша тууралап, иштөөгө уруксат алуулары керек болот.

Ички иштер министрлигинин алдындагы Миграция кызматынын билдирүүсүндө, жаңы эрежелерди бузгандарга ошого жараша айыптар салынмакчы. Орточо айыптардын суммасы 200 долларга барабар.

Тажикстандын Эмгек жана социалдык коргоо министрлигинин адиси Шүкүр Шүкүровдун айтымында, мындай эрежелер чет элдик дипломаттар менен эл аралык гуманитардык уюмдардын өкүлдөрүнө таркатылбайт. Чет элдик мигранттар үчүн иштелип чыккан эрежелердин башкы максатын Шүкүр Шүкүров мындайча түшүндүрдү:

- Чет элдик жарандарга өлкөдө атайын уруксат кагаздарынын негизинде иштөөсүнө шарттардын коюлушунун бир канча себеби бар. Оболу бул – Тажикстанда иштеп жүрүшкөн чет элдик жарандарды көзөмөлдөө үчүн керек. Андан тышкары эмгек миграциясын жөнгө салуу зарылчылыгы келип чыкты. Ошондой эле бул - чет элдик жарандардын укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоо үчүн керек.
Тажикстанда жүргөн ооган качкыны Фазл-ур-Рахмондун пикиринде, жаңы эрежелер күчүнө кирсе ага бир топ эле кыйын болчудай. Андыктан ага окшогон бир топ жарандар өлкөдөн чыгарылып жибериши да мүмкүн.

Тажикстандын Миграция кызматы билдиргендей, 2008-жылы өлкөдө 62 000 чет элдиктер иштешкен. Алардын 968 чамалуусу өлкөдө жүрүү боюнча көрсөтмөлөрдү бузушкандыктан айып төлөшкөн болсо, жүз алтымыш сегизи өлкөдөн чыгарылган.

XS
SM
MD
LG