Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:12

ТАЖИКСТАНДА ЖАШТАР АРАСЫНДАГЫ ДИНИЙ ЭКСТРЕМИЗМ БИЙЛИКТЕРДИН ТЫНЧЫН АЛУУДА


Төрөкул Дооров, Москва Тажикстандын чыгыш тарабындагы Бадахшан вилоятынын расмий бийлик өкүлү жергиликтүү адамдардын арасында «чет өлкөлөрдөгү медреселерде» билим алып келген жаштар өлкөдө экстремисттик аракеттерге катышканын билдирди.

Бадахшандын баш-прокурору Рашид Гулматшоев 1990-жылдардын башында кайра Тажикстанга кайткан жаш тажик качкындары «чет өлкөлүк радикал топтор» тарабынан уюштурулган бир топ экстремисттик аракеттерге катышкан дейт.

- Мисалы, Ванж регионунда, Язгулом өрөөнүндө жана башка жерлерде айрым адамдар бизге, тажиктерге өөн учураган диний окууларды жайылта башташты. Язгуломдо террор актылары да болду жана аларды чет-өлкөлөрдөгү исламий мектептерде окуп келгендер жасашкан,- деди баш-прокурор Гулматшоев.

Анын маалыматына караганда, Бадахшандын өзүндө эле чет-өлкөлөрдөгү, алардын ичинде Ирандагы жана Пакистандагы, медресе-мектептерди жаңы бүтүп келген 300дөй адам бар.

Гулматшоев ошол жаштардын басымдуу бөлүгү Тажикстандан бала кезинде эле кетишкенин, көптөрү 1992-97-жылдардагы Тажикстандагы граждандык согуш учурунда үй-бүлөлөрү менен өлкөдөн чыгып кетишкенин айтат.

Азыр ал жерде каттоодон өтпөгөн мечиттер көбөйүп кеткени да айтылды.

Иши кылып, Тажикстандагы исламчыл топторго, алардын иш-аракеттерине быйыл көзөмөл бир топ эле күчөгөндөй болуп турат. Ушул эле жылдын июнунда Бишкекте өткөн регионалдык жолугушууда, мисалы, Тажикстандын Коргоо министри Шерали Хайруллаев ишмердүүлүгүнө тыйуу салынган «Өзбекстандын ислам кыймылы» регионалдык стабилдүүлүккө коркунуч туудуруп жатканын белгилеген.

Июлда болсо Душанбедеги прокурорлор дагы бир исламчыл топ «Хизб-ут-тахрирди» расмий түрдө «террорчу» деп таанылган уюмдардын катарына кошуу керектигин айтышкан.

Ал эми августта Ванж районунун бийликтери айтылуу Мавлави исламчыл тобун уруксатсыз эле адамдарды топтогон акциялары үчүн айыпташты. Алардын айтымында, Мавлавини Иранда жана Пакистанда диний окуулардан өтүп келген жаш динаятчы түзгөн.
XS
SM
MD
LG