Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 02:09

Тажикстанда менчик университетти жапканы жатышат


Тажикстан - Мектептерде жаңы окуу жылы башталды.
Тажикстан - Мектептерде жаңы окуу жылы башталды.

Тажикстандын билим берүү министрлиги өлкөдөгү жападан-жалгыз менчик университетти үч айга жапты. Окуу жайдын жетекчилиги буйрукка баш ийбей,бийликтер менен соттошууда.

Бул окуу жайы Техникалык инновациялар жана байланыш университети деп аталат. Окуу жайын 2003-жылы теги тажик,АКШнын жарандыгын алган Садриддин Акрамов өз каражатына ачкан.Чет жактардан жардам алып турат.Калк аны Америка университети деп атап жүрөт.

Билим берүү министрлиги жай этегинде окуу жайы үч айга убактылуу жабылганы тууралуу буйрук чыгарып, мунун себебин техникалык жүйөөлөр менен түшүндүргөн.

"Университет жабылган,анткени министрликтин талаптарына төп келбейт.Үч ай ичинде ал бардык ишин биздин шарттарга ылайык келтирип,оңдоп чыгышы керек. Ошондон соң кайра иштегенге мүмкүндүк алат",-деп билдирди министрликтин адвокаты Сайвали Кодиров.

Бирок буйрукка карабай университетте 1-сентябрда окуу башталды.

"Окуу жайын биз бүгүн эрте менен ачтык,студенттер сабакка келип, мугалимдер лекция окуп жатышат. Министрликтин чечимин сотко бердик, сот аны колдогон күндө деле мыйзам боюнча биз иштей бергенге укуктуубуз",-деп айтты университеттин негиздөөчүсү Акрамов.

Укук профессору Шокиржон Хакимовдун айтымында, университеттеги окутуучулар кесипкөйлүк камылгасы жагынан өлкөдөгү мыкты адистер,анын үстүнө алардын көбү азыркы бийликтин сынчылары. Мына ушундан улам бул окуу жайы бийликтерге "олуттуу коркунуч" катары көрүнүүдө, бу жерде жаштарды "эркиндикке жана демократиянын салт-санаасына тарбиялайт" деп кооптонушат.

Хакимов өзү оппозициядагы социал-демократтар партиясынын мүчөсү,президент Рахмондун активдүү жана белгилүү оппоненти. Бул партиянын лидери Рахматулло Зоиров да укук профессору, ал эми Ислам кайра жаралуу партиясынын башчысы Мухиддин Кабири университетте саясий илимдерден сабак окуйт.

"Башка эч кандай илинчек таба албай,бийлик акыры техникалык шылтоолорду таап чыкты,- дейт Хакимов.- Министрликтеги чиновниктер бул университетти ылгый коррупцияланып кеткен мамлекеттик окуу жайларына конкурент катары карашат, мындан жеке өздөрүнүн кызыкчылыктарына да коркунуч түшөрүн түшүнүп жатышат".

Студенттердин көпчүлүгү бул университетти чын эле кыйла бийик сапатта билим берген, эң башкысы коррупцияланбаган жогорку окуу жайы катары сыпатташат.

"Бизде пара берүү деген жок, ошо себептен мен ушу жерге киргем. Экинчиден, сабак өткөн мугалимдер башка окуу жайларындагы окутуучулардан деңгээли жагынан кыйла жогору турушат",-дейт төртүнчү курста окуган Жуманазар.

Менчик университет менен министрлик ортосундагы тиреш көпкө созулчудай.Буга чейин бийликтер окуу жайдын аталышын бир нече ирет өзгөрткөнгө мажбурлашкан. Адегенде ал Эл аралык мамилелер институту катары катталган, андан соң Гуманитардык илимдер университети кылып аташкан, өткөн жылы болсо Техникалык инновациялар жана байланыш университети болуп өзгөргөн.

XS
SM
MD
LG