Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 08:49

Кулябдыктар суу ташкындан кийин өкмөткө нааразы


Куляб шаары. Суу ташкындан кийин. 7-май.

Куляб шаары. Суу ташкындан кийин. 7-май.

Тажикстандын түштүгүндөгү Куляб дубанында 7-майда болгон суу ташкында набыт болгон адамдарды издөө иштери улантылууда.

Маалыматтар боюнча, табигый апаатта 21 кишинин өмүрүн ажал алган. Чукул кырдаалдар министирлиги дагы ондогон адамдар дайынсыз жок экенин билдирген. Жергиликтүү калк “жаратылыш алааматы учурунда ыкчам аракеттенбеди” дешип, бийликке нааразы.

Куляптагы суу ташкындан кийинки бир көрүнүш. 9-май

Бир нече саат нөшөрлөп куйган жаандан соң 7-майда таң азанда кирген сел ырасмий маалыматтар боюнча, Кулаяб шаарында жана анын тегерегиндеги кыштактарда 1500дөн ашуун турак үйдү, бир нече мектепти жана өкмөттүк кеңселерди, 12 көпүрөнү кыйратып кеткен.

Куляб шаар калкы апааттан бери эки күн өтсө да аларга бийлик тарабынан азык-түлүк, кургак кийим-кече жана даары-дармектен жардам берилбегенине нааразы. 100 миң калктуу шаарда таза суу да жетишпей жатат. Тамдын чатырына чыгып, аман калгандар болсо өкмөт тезинен тикучарларды жөнөтпөгөнүн айтып даттанышууда.

Кулябдык Аслиддин Дустиевтин сөзүнчө, чукул кырдаалдар кызматынын куткаруучулар тобу кеч, жабдуулары жана чатырлары жок келген.

Апасын суу алып кеткен Мухаммад Шарифов эгер куткаруучулар убагында келсе, көптөгөн

Куляб шаары. Мал-мүлкүн сел жалмап кеткен аял. 9-май

адамдар аман калат эле деген ишеничте:

- Менин апам, эжем жана жээним башка бөлмөдө уктап жатышкан болчу. Мен өзүм менен кошо жаткан жаш балдарымды куткарып калдым. Апамдын суу алып бараткан денесин көрүп калдым. Эгер чукул кырдаал кызматы эрте келсе, эчендеген адамдар тирүү калмак. Алар саат сегизден кийин келишти да: "Кийимибиз ылай болду" дешип, көп деле жардам көрсөтүшпөдү.

Катаал шартта, Ахмад Иброгимовдун айтышынча, “адамдар бири бирине көмөктөшкөн. Бирөө тамак-аш алып келсе, экинчи бирөөлөр жылуу кийим алып келген”.

Куляб шаары. 9-май

Тажикстандын чукул кырдаалдар министрлигинен “Азаттыктын” тажик кызматына билдиргенге караганда министрликтин адистери азыр суу ташкындан жабыркаган аймактарда “жоголгон, зыян тарткан адамдардын тизмесин түзүп, тургундарды коопсуз жайларга көчүрүүдө”.

“Азаттыктын” Кулябдагы кабарчысы Мумин Ахмадинин сөзүнчө, көпчүлүк селде бийлик маалымдагандан көп адам өлгөнүн айтышууда:

- Адамдар суу ташкында ажал тапкан 50дөн ашуун кишинин жасаты жайга берилгенин айтышты. Алар дайыны белгисиз 60-70-тей адам өлдү деп коркушат.

Элди коопсуз жайга көчүрүүгө дубандагы россиялык аскерлер да жардамдашууда. Oxfam жана Эл аралык Кызыл крест уюму да суу ташкында жабыркаган калкка чатыр, жылуу кийим жана ысык тамак жеткирип жатканы маалымдалды.

Куляб облус бийлиги ар жылы суу ташкынга каршы чара көрүү үчүн 2,5 миллион доллар алып турат. Бирок анти-коррупциялык агенттиктин билдиришинче, бул акчанын көбү кайда жумшалганы беймаалым.

XS
SM
MD
LG