Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:29

Тажик бийлиги Раштты сырт дүйнөгө жабык кармоодо


Раш өрөөнү 1990-жылдардагы жарандык согуш кезинде өкмөткө каршы күчтөрдүн ордосу болгон.
Раш өрөөнү 1990-жылдардагы жарандык согуш кезинде өкмөткө каршы күчтөрдүн ордосу болгон.

Тажик бийликтери эки айдан бери Рашт өрөөнүндө ислам козголоңчуларынын “сары изине чөп салып”, жок кыла албай жүрөт.

Тоолуу аймак менен байланыш акыркы эки айда жок. Аскерий операция тууралуу өкмөт эч кандай маалымат бербейт. Көз карандысыз булактар Рашт өрөөнүнөн маалымат алуу татаал экенин айтышат. Мындай шартта эл ичинде ар кандай күбүр-шыбыр кептер арбын болот.
Аскерлер Хоженттеги аскерий машыгуу маалында. 26-апрель 2010

19-сентябрда Раштта аскерий кербен буктурмага кабылгандан кийин Тажик өкмөтү өрөөндө ислам согушчандарына каршы операция баштаган.

Ырасмий булактар Раштта кырдаал аскерлердин көзөмөлү астында экенин айткандан башка маалымат бербейт. Бирок бийлик октябрда милициянын Исфара районундагы рейди Өзбекстан ислам кыймылы менен байланыштагы террорчуларга каршы өткөрүлгөнүн шыр маалымдаган.

3-сентябрда Хожент шаарында жанкечти жасаган бомба чабуулун да бийлик береги кыймылга жүктөгөн. Ошентип ырасмий Дүйшөмбү ислам согушчандарынын коркунучун айтып, Батыштын “этек-этек” гумжардамын жана саясый колдоосун алууда.

Анткен менен Рашт өрөөнү менен байланыш жок. Анын жүйөсүн Ички иштер министрлигинин өкүлү Махмудулло Ассадуллозаде “Азаттыктын” кабарчыларына: “Аймакта террористтер менен кылмыш топторун жок кылуу боюнча операция өткөрүлүүдө. Ошон үчүн ал жак менен байланыш убактылуу токтотулган,”-деп түшүндүргөн. Уруштун жүрүшүндө 20 согушчан жок кылынган жана 30дан ашуун согушчан туткунга алынган. Ассадуллозаденин сөзүнчө, алардын көбү террорчулардын Ооганстандагы жана Пакистандагы базаларында машыгып келгендер.

Түрдүү эсептөөлөргө караганда, 19-сентябрдагы кандуу булоонду кошкондо бүгүнгө чейин Раштта кеминде 65 аскер катардан чыккан.

Улуттук гвардиянын жоокерлери Рашт өрөөнүндө кыйраган "Ми-8" тикучарынын жанында турушат. 6-октябрь 2010
Бийлик Рашттагы коогалаң үчүн жоопкерчиликти Тажик оппозициясынын мурдакы командирлери Абдулло Рахимов же Молдо Абдулло жана Алоуддин Давлатов же ака Али Бедакиге жүктөп келет. Молдо Абдулло өлкөдөгү 5 жылдык жарандык согушка чекит койгон 1997-жылкы тынчтык келишимин таануудан баш тарткан. Анын Ооган талиптери менен “ал-Каидага” кошулду деген да кеп-сөздөр бар.

Бийликтин мындай сөзүнө көпчүлүк эл ишенбейт. Мурдагы вице-премьер жана өлкө мусулмандарынын муфтийи Кожо акбарТуражонзаденин пикиринче, бийликке Раштка аскер киргизүү үчүн Молдо Абдулло шылтоо гана болду:

- Аймактан келген адамдар Молдо Абдуллону деги бир тирүү жан көрбөгөнүн айтышат. Молдо Абдулло бин Ладен кейпи көзгө көрүнбөгөн албарсты болуп калганы талашыз.

Ырас, былтыр коопсуздук күчтөрү Рашта өткөргөн операция маалында оппозициянын беделдүү өкүлү Мирзо Зияев табашмактуу жагдайда өлтүрүлгөн. Бийлик ошондо да Зияевди Молдо Абдуллонун тарапкерлери тындым кылды деп чыга келген. Молдо өзү эч качан ырасмий билдирүү жасаган эмес жана бир да кабарчыга интервью бербеген.

Айрым дүйшөмбүлүктөр Рашттык согушчандар президент Рахмондун бийлигине олуттуу коркунуч жаратпайт деген ишенимде. Ушундай эле пикирин АКШнын элчиси Кен Гросс да “Азаттыктын” кабарчыларына айткан. “Ал жердеги куралдуу согушчандардын Дүйшөмбүнү көздөй жылаары же өкмөткө ар жактан кол салчудай түрү жок”,-дейт дипломат.

Айтмакчы, Тажик өкмөтү Кен Гросско аймакта операция жүрүүдө деп, Раштка баруусуна уруксат берген эмес.

XS
SM
MD
LG