Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:12

Тажикстан: Террорчуларга камак, козголоңчуларга мунапыс


Тажикстандын Согди облусунда өткөн айдагы террордук чабуулга тиешеси бар деп шектелгендер кармалды. Раштагы козголоңчуларга мунапыс сунуш кылынууда.

Согди облусунун аймагынан Хожент шаарында өткөн айдын башында болгон террордук чабуулга тиешеси бар деп шектелгендердин тобу кармалганы жөнүндө 13-октябрь күнү бул облустун прокурору Юсуф Рахмонов жарыялады:

- Облустук ички иштер башкармалыгынын уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча аймактык бөлүмүнө террордук кол салууну уюштурган топтун мүчөлөрү кармалган. Анын Истаравшан шаарчасындагы үйүн тинтүү учурунда “Вальтер” үлгүсүндөгү эки тапанча, эки жүз даана ок, жүз детонатор жана жардыруучу заттар табылды. Ал адам менен бирге 14 киши кармалды. Бул багыттагы иштер улантылууда.

Тажикстан: абактан качкандар.
Согди облусунун прокурору тергөөнүн кызыкчылыгына байланыштуу кармалган адамдын ысымын атаган жок. Быйыл 3-сентябрда жанкечти өзү айдаган унаа менен Хожентте, милицияга караштуу имаратты сүзгөндө 4 адам каза таап, 20дан ашуун киши жаракат алган болчу. Тажик бийликтери бул кол салуу үчүн жоопкерчиликти Өзбекстан Ислам кыймылына жүктөгөн. Кийин жанкечти Хоженттин Акмал Каримов ысымдуу тургуну болуп чыккан. Ал Тажикстанда жасаган кылмышынан кийин Ооганстанга качып, ал жерде террордук уюмдардын ишине аралашканы, өлкөгө быйыл майда гана кайтып келгени айтылган. Өткөн аптада Акмал Каримовдун иниси Фирдавас Каримов кармалган.

Хоженттеги кол салуу алдында Тажикстандын улуттук коопсуздук комитетинин Дүйшөмбү шаарындагы абак жайынан согушкер деп шектелген 25 адам качып кеткен эле. Андан бери качкандардын үчөө жок кылынды, жетөө кайра кармалды. Калган он беши балким тажик коопсуздук күчтөрү учурда атайын операция өткөрүп жаткан Рашт өрөөнүндө бекинип жүрөт деп эсептелинүүдө.

Тажик бийлиги козголоңчуларга мунапысты коопсуздук күчтөрүндөгү жоготуулардан кийин сунуш кылууда


Рашт өрөөнүндөгү Камароб капчыгайында аскерий операция 22-сентябрда башталган. Андан эки күн алдыда Раштка абактан качкандарды издөө үчүн деп жиберилген аскерлердин кербенине буктурмадан кол салынганда 26 аскер кызматчысы мерт болгон. Расмий Дүйшөмбү бул кол салуу үчүн согуш учурундагы тажик оппозициясынын талаа командирлери Аловуддин Давлатов, Мирзохожа Ахмадов жана Абдулло Рахимов же молдо Абдуллонун топторуна жүктөгөн. Мындан улам айрым байкоочулар Рашт өрөөнүндөгү аскерий операция мурдагы тажик оппозициянын кийинки кездери расмий Дүйшөмбүнүн саясатына нааразы боло баштаган калдыктарына каршы багытталган деп эсептешет.
Шекхон Салимзода

Эмнеси болсо да тажик коопсуздук күчтөрү Раштагы аскерий операция башталгандан тарта улам жоготууларга кабылып, расмий эсеп боюнча өлгөн аскерлердин саны 34кө жетти. Бирок бейрасмий булактар бул көрсөткүч алда канча көп экендигин айтышат. Ушундан уламбы Тажикстандын башкы прокурору Шекхон Салимзода 12-октябрь күнү президент Эмомали Рахмон Раштагы козголоңчуларга мунапыс сунуш кылып жатканын жарыялады:

-Улуу урматтуу президент Эмомали Рахмондун бүгүнкү буйругу эгер бул куралдуу топтун мүчөлөрү катардагысы болобу, жетекчиси болобу куралын өз эрки менен тапшырса, кылмыш жоопкерчилигине тартылбасы жөнүндө.

Дүйшөмбүлүк көз карандысыз талдоочу Рашид Абдулло “Азаттык” радиосунун Тажик кызматы менен маегинде бийликтин мунапыс боюнча сунушун өкмөттүн куралдуу козголоңчулар менен күрөштө алсыздыгын көргөзүүсү катары мүнөздөдү:

- Балким ар кайсы мекеме өз кызыкчылыгын көздөгөн болушу мүмкүн. Бирок акырында алардын бири да өз максаттарын ишке ашырууда ийгиликке жетпеген болуп чыгышты. Андыктан президенттин айткандары ишеним көргөзбөө болбосо да, жаңы жолду тандоо дегенди билдирет. Президенттин сунушу ал саясатты ошол мекемелер (күч структуралары) сунуш кылган жол боюнча жүргүзө албасын каңкуулоодо.


Ал эми Дүйшөмбүдөгү “Диалог” аналитикалык борборунун өкүлү Хикматулло Сайфуллозода президенттин мунапыс боюнча сунушу бийлик Раштагы кырдаал аскерий жол менен жөнгө салынбасын түшүнө баштаганын белгиси катары баалады. Анын пикиринде, мунапыс боюнча сунуш өкмөт сүйлөшүүлөрдү баштоого даяр экендигин да ишара кылууда.

Ошол эле учурда борбордук бийликке ишеним жок болгондуктан мунапыстан эч майнап чыкпасы мүмкүн деп эсептегендер да бар. Тажикстандын Башкы прокурору Шерхон Салимзоданын айтымында, президенттин сунушун укуктан жактан бекемдөө үчүн парламент атайы мыйзам кабыл алыш керек. Тажик парламентиинин төрагасы Шукуржон Зухуров кырдаал менен жеринде таанышуу үчүн учурда Рашт өрөөнүндө жүрөт.
  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG