Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 01:57

Тажикстан террордук лагерде машыгуудан өткөн жана диний экстремисттик уюмдарга мүчө деп шектелген эки адамды кармап, Кыргызстанга өткөрүп берди. Алардын бири Өзбекстандын Анжиян облусунун тургуну Абдувохит Алиев диний-экстремисттик уюмдун мүчөсү жана Анжиян окуяларына катышы бар деп айыпталып, беш жыл бою өзбек бийлиги тарабынан издөөдө жүргөн экен.


Тажикстандын Согди облусунда аты-жөнүн тастыктоочу документтери жок эки атуул кармалып, бир айдан ашык убакыт камакта жаткандан кийин, Кыргызстанга өткөрүлүп берилди. Иликтөө иштери кармалгандардын бири өткөн жылдан бери Кыргызстандын коопсуздук кызматы издеп жүргөн Жалал-Абад облусунун тургуну экенин көрсөттү.

Экинчиси - Өзбекстандын Анжиян облусунун 30 жаштагы тургуну Абдувахит Алиев. Өзбекстан ага мамлекеттик түзүлүшкө каршы аракеттенген, «Ислам жихадынын бирикмеси» жана «Вохобий» террордук уюмдарына мүчө болгон деген күнөөлөрдү коюп, беш жылдан бери издөө салып келаткан экен.

Баткен облустук ички иштер башкармалыгынын экстремизмге каршы күрөшүү бөлүмүнүн башчысы Кеңеш Абдырахмановдун айтымында, азыр Абдувахит Алиевдин үстүнөн кылмыш иши козголгондугу боюнча Өзбекстан тартаптын расмий билдирүүсү келип түшкөнүнө байланыштуу ал өзүнүн өлкөсүнө өткөрүп берилмекчи.

Иликтөө материалдарына караганда кармалган эки адам Пакистандын өкмөтү тарабынан көзөмөлгө алынбаган аймактарда атайын террордук топторду даярдоочу лагерлерде машыгуудан өтүшкөн.

- «Ислам жихадынын бирикмеси» уюумунун мүчөлөрү экен бизде кармалган эки атуул тең. Бул уюмдун негизги максаты Борбордук Азия өлкөлөрүндө Халифат орнотуу. Бул террордук уюмдун мүчөлөрү негизинен мамлекет тарабынан көзөмөлдөнбөгөн аймактарда даярдоочу лагерлерден өтүшөт. Биздеги эки атуул тең 2007-2008-жылдары аталган лагерлерде атайын даярдыктан өтүп келишкен, - дейт Баткен облустук милиция башкармалыгынын экстремизмге каршы күрөшүү бөлүмүнүн башчысы Кеңеш Абдрахманов.

Абдувахит Алиев өзүнө коюлган күнөөлөрдү моюндабай, өзбек бийлиги ага курулай доомат артып жатканын билдирди:

- 2005-жылы Анжиян окуясында мен үйдө болгом, участкалык милициябыз да билет аны. Үйлөнөйүн деп айылда уурулук кылганбыз, шериктерим кармалгандан кийин камалып кетпейин деп Кыргызстанга качып кеткем, ошондон бери Орусияда жүрдүм. Коюлган күнөөлөр мен качып кеткенден кийин эле куру доомат артып жатышат мага. Мен эч кандай агымдарга мүчө да болгон эмесмин. Бирок намаз окуймун. Анжиян окуясына да катышкан эмесмин.

Мындан мурда Кыргызстандын Коопсуздук кызматы Ош жана Жалал-Абаддагы кан тополоң окуяларга сырттан жалданып келген диверсант согушкерлердин катышы бар экенин, алар Тажикстандын аймагынан келгенин алгачкы иликтөөлөр көрсөтүп жатканын билдирген. Тажикстанда эки шектүү адамдын кармалышы Улуттук коопсуздук кызматынын чалгындоо жана иликтөө маалыматтарын кайсы бир деңгээлде ырастап тургансыйт. Тажикстандын аймагындагы тоолордо жашынып жүргөн ар кандай куралчан жана экстремисттик күчтөрдүн бар экендиги жөнүндө буга чейин Кыргызстандын укук коргоо органдары эле эмес, эл аралык уюмдардын да иликтөөлөрүндө көп эле жолу айтылып жүргөн болчу.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG