Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 19:14

Пакистанда "Талибандын" жетекчиси алмашты


"Техрик-и-талибан Пакистан" жаңы жетекчисин шайлаганын талиптер ырасташты.
"Техрик-и-талибан Пакистан" жаңы жетекчисин шайлаганын талиптер ырасташты.

"Техрик-и-талибан Пакистан" жаңы жетекчисин шайлады. Эксперттер экстремисттердин мурдагы лидери мерт болгонун айтышууда. Бирок талиптер ал тирүү, болгону ноокастап калды дешет.

Талиптердин лидери алмашканын Пакистан маалымат каражаттары Факир Мохаммад молдонун сөзүнө шилтеме жасап кабарлашты. Ал мурда өзүн кыймылдын утурумдук амири деп жарыялаган эле.

Факир молдо лашкерлерге убактылуу колбашчылык кылуу милдетин тапшырганын тастыктап, корбашылар кеңеши (шура) жогорку амирлик кызматка Хакимулла Мехсудду шайлаганын телефон аркылуу кабарчыларга маалымдады.

"Талибандын" Пакистандагы күчтөрүнө буга чейин Бейтулла Мехсуд колбашчылык кылып келген. Ушул айдын башында Түштүк Вазирстанда америкалык аскерлер экстремисттердин сыйынт жайына ракетадан сокку урушкан. АКШнын жана Пакистандын чалгындоо кызматтары Бейтулла ошол аба жапырык маалында мерт болгон дешет.

Бирок муну Факир молдо ырастаган жок. "Бейтулла тирүү,болгону катуу ноокастап калды, ошондуктан өз ордун Хакимуллага өткөрүп берүүнү чечти", - деп айтты кабарчыларга.

Хакимулла бир топ жыл Бейтулланын оң колу,башкы орунбасары болуп жүргөн жана жанкечти-террорчуларды, ошондой эле федералдык башкаруудагы уруулар аймагындагы операцияларды даярдоо иштерин тескеген. Быйыл июнда Пешевардагы мейманканада бомба жардырган жанкечтилер,ал эми мартта крикет оюну боюнча шриланкалык командага буктурмадан кол салган топ Хакимулланын лашкерлери болгон.

Көз карандысыз эксперт,мурдагы ооган дипломаты Ахмад Саиди талиптердин жаңы шайланган жетекчисин "кыйла ырайымсыз жана агрессивдүү" киши катары сыпаттап, Ооганстан менен Пакистанды чоң коопко салалат деп эскертти.

"Талиптердин айрым командирлери жанкечти-террорчуларды Пакистанда колдонууга каршы,негизинен аларды Ооганстанга гана жөнөтүү керек дешет. Хакимулла болсо жанкечтилик операциялар эки өлкөдө тең өткөрүлүшүн талап кылгандардын бири",-дейт Саиди.

Хакимулла болжол менен 2 миңдей лашкерге колбашчылык кылат. Алар Пакистандын Хубер, Куррам,Оракзай жана башка аймактарында аракеттенишет.

XS
SM
MD
LG