Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 05-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 04:21

«Татарстандын акыркы президенти» күбө өтүүдө


Россияда үч президент алмашса да, "ээрден ообогон" Минтимер Шаймиев(солдо) президент Дмитрий Медведев менен. 2009-жыл.

Россияда үч президент алмашса да, "ээрден ообогон" Минтимер Шаймиев(солдо) президент Дмитрий Медведев менен. 2009-жыл.

Татар жазуучусу Ирек Муртазин Татарстандын президенти жөнүндө жалган маалымат таркатты деп айыпталууда. Шаймиевдин мурдакы пресс-секретары сот адилет болоруна ишенбейт.

Бир мезгилде Ирек Муртазин жана президент Минтимер Шаймиев жакын санаалаштардан болушкан. Муртазин үч жыл бою президенттин басма сөз катчысы ирети Шаймиевди жакшы жагынан көрсөтүүгө жан далбас урган. Бирок, 2007-жылдын күзүндө

"Бул иш Татарстанда калыс тергелбейт. Анткени, доогер республиканын президенти болуп жатпайбы."
Ирек Муртазин

Муртазиндин “Татарстандын акыркы президенти” деген китеби чыккандан кийин алардын мамилеси бузулду.

Китепте 1991-жылы Татарстандын биринчи президенти болуп шайланып, андан бери “ээрден ообой” үч кайра шайлоону баштан кечирген “Бабайдын” башкаруусу авторитардык ыкмага айланып баратат деп жазат автор. Буга чейин Шаймиевдин Татарстанды эркин экономикага чайпалтпай алып өткөн “өзгөчө жолун” мактап-көкөлөткөн бир нече китеп жарык көргөн. Жазуучу-журналист өз чыгармасында “Бабайды” республиканы муунткан жемсөөлүктү ооздуктай албай калды деп күнөөлөйт.

Муртазин 20-июлда сот башталар алдында “Азаттык” радиосунун Татар кызматына берген интервьюда: "Бул иш Татарстанда калыс тергелбейт. Анткени доогер республиканын президенти болуп жатпайбы!?" деген.

Журналисттин сөзүнчө, эгер жергиликтүү сот аны күнөөлүү деп тапса, ал адилеттик издеп Страсбургдагы Европанын адам укугу боюнча сотуна чейин барууга даяр:

Президент Шаймиевдин мурдакы басма сөз катчысы Ирек Шаймиев.
- Конституциялык сот, көзөмөлдөөчү сот Москвада, Страсбургда. Бул негизинен өтүлчү жол. Мен бир нерседен - соттун чечимине каршы доо арыз менен кайрыла албай калам деп корком. Адам жок - проблема жок эмеспи. Непада 29-декабрдагыдай окуя кайталанчу болсо, анын аягы капылет өлүм менен бүтсө, мен таң калбайм.

Былтыр декабрда - китеп жарык көргөндөн бир нече ай кийин - Ирек Муртазин көчөдө баратканда, аны белгисиз бирөөлөр бейсболдун таягы менен койгулап, сабап кетишкен.

Жазуучуга коюлган күнөөлөр Шаймиев анын китебине канчалык чоң маани бергенин көрсөтөт. 45 жаштагы Муртазин Татарстандын президенти жөнүндө жалган маалымат тарткатты, анын жеке турмушун бузду, масс-медиа аркылуу социалдык топтор арасында жек көрүүчүлүк жайылтты деп айыпталууда. Соттун айыптоосу былтыр сентябрда Муртазиндин блогунда чыккан “72 жаштагы Шаймиев Түркияда дем алышта жүрүп, оо дүйнө сапар салды” деген кабарга да негизделген.

Жазуучу азыр Казан шаардык кеңешин катуу сындаган китеп жазууда.
XS
SM
MD
LG