Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 10:14

Орусиядагы эң эски окуу жайлардын бири катары белгилүү болгон Казан университетинин аты өзгөрүп, башка окуу жайга кошулуп жатканына карата Кыргызстандагы окумуштуулар да кабатыр пикирлерин билдирип жатышат.

Казан Университети жакында Президенттин Жарлыгы менен жаңыдан уюшула турган Волга боюндагы федералдык университетке кошула турган болуп жатат. Ошол себептүү тарыхый мааниси чоң, илим-билимдин ири борбору катары таанылган университеттин тарыхый аты өчүп калабы деген кабатыр пикирлер Татарстандын коомчулугун ойго салууда.

Казан университетиндеги өзгөрүүлөргө кыргызстандык илим коомчулугу да кайдыгер эмес. Анткени, Казан университетинен билим алган кыргызстандыктар да аз эмес, алардын ичинде чоң окумуштууга өсүп жеткен инсандар бар. Алардын катарында философия илимдеринин доктору Нур Саралаевди, көзү өткөн тарыхчы илимпоздор Билал Чыныбаевди, Шеримбек Шаршеевди атасак жетиштүү.

Тарых илимдеринин кандидат, Кыргыз улуттук университетинин доценти Нарынбек Алымкуловдун айтымында, тарыхый орду мааниси өзгөчө университеттин башка окуу жайдын курамына кошуп жатканда, анын тарыхый атынын өчүп калышына жеткирбей, этият мамиле кылуу зарыл:

-Кооптонуп жаткан оюбуз, Казан университети жок болуп кетсе, университеттин аты-заты жок болуп, көп университеттин бири болуп калышы мүмкүн. Бул саясий маселе деп ойлоймун. Колдон келсе, Москванын оюн кайра карап чыгып, Казан университетинин мурдагы эле атын сактап калуу чоң мааниге ээ болмок.

Казан Университети Орусияда 19 кылымдын башында негизделген. Ал тарыхта Владимир Ленин-Улянов окуган университет катары кеңири белгилүү. Бул университетте учурунда С. Т. Аксаков, М. А. Балакирев, П. И. Мельников-Печерский, Л. Н. Толстой, В. Хлебников сыяктуу көрүнүктүү окумуштуулар, маданият жана коомдук ишмерлер окуп билим алышкан.

Эки кылымдык тарыхы бар Казан университети 1996-жылы Орусия Федерациясынын өзгөчө баалуу маданий мурастарынын тизмесине киргизилген.
XS
SM
MD
LG