Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 10:19

Казанда Чынгыз Айтматовду эскерүү салтанаты болду


Кыргыз жазуучусу Чынгыз Айтматов

Кыргыз жазуучусу Чынгыз Айтматов

29-апрелде Казанда улуу жазуучу Чынгыз Айтматовду эскерүү кечеси болду. Татарстандын премьер-министринин орун басары, республиканын маданият министри Зиля Валееванын сөзүнчө, “Чыңгыз Айтматовдо улуттук жана жалпы адамзаттык баалуулуктарды жуурулуштарган укмуштай жөндөмү бар эле.”

Казан шаарында болгон Чыңгыз Айтматовду эскерүү салтанаты Шанхай кызматташуу уюмуна мүчө өлкөлөрдүн маданият министрлеринин катышуусу менен өттү. Татарстандын премьер-министринин орун басары, республиканын маданият министри Зиля
Казандагы Чынгыз Айтматовду эскерүү кечеси Шанхай кызматташуу уюмуна мүчө өлкөлөрдүн маданият министрлеринин жыйынына удаа өткөрүлдү. 28-апрель. 2009
Валеева Галиаскар Камал атындагы татар мамлекеттик академиялык театрындагы зыяпатты ачып жатып, Айтматовдун чыгармалары
“Эч ким биздин тарыхый биримдигибизди Чынгыз Айтматовдой түшүнгөн жана сезе билген эмес.”
Татарстандын вице-премьери, маданият министри Зиля Валеева.
жана идеялары Евразия элдери арасындагы карама-каршылыктарды түшүнүүгө жардамдашчу насыят болорун айтты. “Эч ким биздин тарыхый биримдигибизди Чынгыз Айтматовдой түшүнгөн жана сезе билген эмес”, деген Валеева улуу жазуучунун апасынын теги Татарстандан болгонуна токтолду.

Татар маалымат булактарынын жазышынча, Айтматовдун таятасынын теги азыркы Татарстандын Кукмор районундагы Маскар кыштагында жашаган ишман уруусунан болот. Ишмандар Маскарада эки жаами мечитин курган. Биринчи мечит 1791-жылы курулган. Кыштактын мазарында ишмандардын 13 муунунун сөөгү коюлган сагана бар. Маскарада Айтматовдун таятасынын аталарына таандык үй да сакталып калган.

Чынгыз Айтматовдун ысмын түбөлүккө калтыруу үчүн, Татарстандын вице-премьеринин айтышынча, Маскарадагы гимназияга улуу жазуучунун аты берилген. Айтматовдун чоңтаятасы көмүлгөн Балтасин районундагы Бурбаш кыштагына маркумдун эстелиги орнотулмакчы.

"...генийдин жаралашы дайыма табышмак"

Кыргызстандын маданият министри Султан Раевдин айтышынча: “Эс тутум деген сөз Чыңгыз Төрөкулович үчүн философиялык мааниге ээ болгон. Эс тутум деген сөз ал үчүн адамгерчиликтин жана түбөлүктүүлүктүн символу болгон.” Айтматовдун өмүрүнүн акыркы күндөрүндө Татарстанга баруусунун чоң мааниси бар, - деп улантты сөзүн Султан Раев.- Бул Чыңгыз Айтматов өз өмүрүндө
"Чынгыз Төрөкулович чынында эле акырыкы кездерде эне журтуна келип, ушу энесинин сүтү төгүлгөн Татарстандын духун сезейин деген болуш керек деп ойлойм".
КРнын маданият министри С. Раев.
29-апрель. Казан
атасы жашаган кыргыз эли менен эне журтунун духу жашаган Татарстанды, татар элинин өзгөчө бир байланышы бар экенин символу. Бул да бекеринен болбосо керек. Чынгыз Төрөкулович чынында эле акырыкы кездерде эне журтуна келип, ушу энесинин сүтү төгүлгөн Татарстандын духун сезейин деген болуш керек деп ойлойм".

Россиянын маданият министри Александр Авдеев Чынгыз Айтматовдой “генийдин жаралышы дайыма табышмак” экенин, “Чыңгыз Айтматовдой алп адамдар сейрек жарларын” айтып, ал жазуучу, философ катары өз доорунан алдыда жүргөн”, ошон үчүн Айтматов өз чыгармаларында жазган татаал жана универсалдуу дүйнө миллиондогон адамдар үчүн “абийир-намыстын маягы болот” деди.

Кыргыз жана татар ыр-күүлөрү менен коштолгон кечеде татар артисттери Чыңгыз Айтматовдун ысмын адеп дүйнөгө тааныткан “Жамиля” повестинен үзүндү окуп беришти. Кечеде Чыңгыз Айтматовдун үнү ааламга нур чачкан жылдыз сыягы миллиондогон окурмандардын жүрөгүндө өчпөй турганын жөнүндөгү ыр саптар окулду.

Эскерүү кечесинде Чыңгыз Айтматовдун өмүр-чыгармачылыгы жөнүндө Татарстан жазуучулар союзунун төрагасы Илфак Ибрагимов, Саха-Якут Республикасынын эл жазуучусу Николай Лугинов, Алтай эл жазуучусу Бронтой Бедюров, Россия илимдер академиясынын Чыгыш таануу институтунун директору Ростислав Рыбаков да сөз сүйлөштү. Казанда өткөн бул салтанатка улуу жазуучунун эжеси Роза Айматова, жубайы Мария Айтматова жана уулу Элдар катышты.

Айтматовду эскерүү кечесинен бир күн мурда Казанда классик жазуучуга арналган “Жер шарынын жараны” деген даректүү фильмдин жүз ачары болду. Марина Чекалинанын тасмасында жазуучу жөнүндө туугандары, айылдаштары, ошондой эле кинорежиссерлер Болот Шамшиев, Андрей Кончаловский жана Геннадий Базаров ой бөлүшөт. Бул үч режиссер дипломдук иштерин Чынгыз Айтматовдун чыгармаларынын негизинде тартышкан.

Жазуучу Чынгыз Айтматов кызы Ширин менен. 1985-жылдын 19-сентябры.
XS
SM
MD
LG