Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 21:07

Беларус кайыкчылары допинг колдонушкан эмес


Кайык жарышы учуру. Рио-де-Жанейро, август, 2016-жыл.
Кайык жарышы учуру. Рио-де-Жанейро, август, 2016-жыл.

Эл аралык спорттук арбитраж соту беларус спортчу жигиттердин каноэ жана байдарка командасынын Рио-де-Жанейродогу Олимп оюндарынан четтетилиши чекилик болгон деген бүтүм чыгарды.

23-январдагы чечиминде сот өткөн жылдын июлунда Эл аралык каноэ федерациясынын беларустарды бир жыл оюнга катышпасын деген чектөөсүн да четке какты.

- Антидопингдик эрежелер бир нече жолу бузулушу ыктымал деген шекке ишенүүгө жетиштүү далилдер болгон эмес,- деди сот.

Өткөн жылдын апрелинде беларус командасынын 17 мүчөсүнүн бешөөнүн канынан тыюу салынган мельдоний заты табылганы кабарланган.

Беларустар 2012-жылкы Лондондогу Олимп оюндарында каноэден эки күмүш медаль уткан.

XS
SM
MD
LG