Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 04:38

Россиядагы кризистин "майда-чүйдө" көйгөйлөрү


Кризисте пара бергенге нак акча табылат экен

Кризисте пара бергенге нак акча табылат экен

Азаттыктын орус кызматынын кабарчысы Олга Романова учурдагы кризиске байланыштуу ой-пикирлери менен бөлүшөт.

Дүйнөдө кызык көп. Айрыкча кризистин убагында, айрыкча Россияда. Анчейин көзгө урунбаган, майда-барат окуялар өзгөчө кызык. Анын үстүнө кептин баары дал ушул майда-баратта болот турбайбы.

Мисалы өткөн аптада Федералдык Финансылык көзөмөл кызматы кылмыштуу топтор акчага колун көбүрөөк матыра баштаганын билдирди. Муну аталган кызматтын директорунун орун басары Дмитрий Скобелкин баяндады. Мен анын айран таң калтырган билдирүүсүнүн айрым идеяларын бир аз талдап өтсөм.

Скобелкиндин айтымында, анын кеңсеси 2008-жылдын этегинен бери берилген мамлекеттик жардамды банктар кандай пайдаланып жаткандыгын териштирген. «Азыр эми мындай мыйзам бузуулар азайды, банктар азыркы кыйынчылыкты түшүнүштү, ошондуктан азыр бардык мамлекеттик жардам максаттуу пайдаланылып жатат» деди ал.

Андан кандай мыйзам бузуулар тууралуу сөз жүрүп жаткандыгын сурашты. Көрсө, айрым банктар жардамга берилген акчаны экономиканын реалдуу тармактарына бергендин ордуна, чет элдик валюта менен кызыл кулактыкка пайдаланышкан экен. Скобелкин ошондой эле банктар ишке ашырган финансылык операциялардын 60 пайызы «шектүү» экендигин билдирди.

Алтымыш пайыз. Эмне деген гана көрсөткүч! Бул сизди жергиликтүү милиция бөлүмүнө чакырып, «сиз шектүү адамсыз, демек кылмышка барууга жөндөмдүүсүз» дегендей эле бар. Бул эки гана нерсени билдириши мүмкүн – же милициянын акыл-эси ордунда эмес, же сиз чын эле коркунучтуу адамсыз, андай болсо, супермаркетке кирип барып, кишилерди туш келди ата баштай элегиңизде, сизди темир тордун артына камаш керек.

Бирок мисалы пенсияларды уурдаган болсоңуз, сизге азыр кечирим берилип жатат. Сизге салык төлөөчүлөрдүн акчасын колуңузга карматып, «базардан казы-карта ал, ашкан майда тыйынды пенсионерлерге бер» дешкен. Сиз болсо акчага бүт казы-карта алып, үйгө алып келип, муздаткычыңызга саласыз. Анан жоро-жолдошторуңузду чакырып, конок кыласыз, аларга да баарын тартпай, анча-мынчасын кымырып коесуз.

Ушундан кийин да, эгер сиз мындан кийин мындай кылбайм деп убада кылсаңыз, эртең сизге дагы салык төлөөчүлөрдүн акчасынан кайра карматышат. Милийсага болсо «муну жайына калтыргыла» деп айтып коюшат.

Нак акчага байланыштуу дагы бир кызык жагдай – Финансылык көзөмөл кызматына ишенсек, азыр мындай акча көбөйүп кетиптир. Ири көлөмдөгү накта акча кимге керек деген суроо туулат. Кризиске чейин бул суроонун эки жообу бар эле, нак акча пара бергенге, жана салыкчылардан жашырып, чоң чоң соода кылганга керек деп саналчу.

Азыр чоң соодага ыңгай болбой турат. Бюрократтар аялдарына, бала-бакыра, куда-сөөккө үй алып берип, же шектүү ишканаларга инвестиция салууга анча көңүлдөнбөй, нак акчаны матрастын алдында катып жаткан чак.

Бирок паракорлук мурдагыдан да гүлдөп атат. Кризис тереңдеген сайын айлык көлөкө экономикага агылууда. Башкача айтканда, нак акча жумушчуларга жең ичинен айлык төлөгөнгө кетип жатат. Нак акчага талаптын өсүшүнүн бир себеби ушундан болуп жатат. Анан албетте, пара бериш керек.

Узун кепти кыскарта турган болсок, Федералдык финансылык көзөмөл кызматынын жетекчисинин орун барасы эл алдында отчет берди. Отчет берди да, түптүз кайра ишке кетти.
XS
SM
MD
LG