Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:48

Москва шайлоо алдында Текебаевге сокку урду


Өмүрбек Текебаев, "Ата Мекен" партиясынын төрагасы.
Өмүрбек Текебаев, "Ата Мекен" партиясынын төрагасы.

Шайлоо жарышына түшкөн айрым партиялар өлкө тышынан да колдоо издешүүдө. Өзгөчө ири партиялар Москванын көңүлүн алуу аракетинде. Орусия өз кезегинде айрым партияларды бооруна тартып, Кремлге баш ийген маалымат каражаттары аркылуу “Ата Мекен” партиясынын лидерине сокку урулду.

Кечээ Орусиянын НТВ телеканалында “Ата Мекен” партиясынын лидери Өмүрбек Текебаевге окшош адам адепке сыйбаган иштерди жасаган видео тасма көрсөтүлүп, Кыргызстанды башкаргысы келген адамдын жүзү ушундай деген маанайдагы маалымат таратылды.

Чуулгандуу видео тасма

Бул чуулгандуу видео тасманын кеңейтилген варианты www.lifenews.ru интернет баракчасына жайгаштырылып, тасмага түшүрүлгөндөр “Ата Мекен” партиясынын лидери Ө.Текебаев менен Кыргызстандын Каржы министрлигинде иштейт делген бир аял экендиги айтылды.

Былтыр жыл башында пайда болуп, андан кийин жок болуп кеткен бул чуулгандуу видео тасманын азыр, шайлоонун алдында пайда болушу шектенүүлөрдү да жаратууда.

“Ата Мекен” партиясынын лидерлеринин бири Равшан Жээнбеков бүгүн “Азаттыктын” суроолоруна жооп берип, Кремль көзөмөлдөгөн теле каналдардын маалыматтык чабуулун Кыргызстандын ички иштерине кийлигишүү катары баалады:
Р.Жээнбеков

- Орусиянын телекомпаниясы өздөрүнүн ыплас көрсөтүүлөрү менен Текебаевге каршы эмес, бул биздин улуттук намысыбызга, мамлекетибиздин эгемендүүлүгүнө каршы иштеп атышат. Алар элдин тандоо укугуна кандайдыр бир деңгээлде таасир бергиси келип атат.

Биз дагы эле кулчулук, колонизаторлук аң-сезимдерден кете албай атабыз. Биздин кээ бир партиялардын лидерлери, биз лидер болобуз деген адамдар кулдарча алардын (Кремль) алдына чуркап барып атышат. Алардын айтканын жасайбыз деп атышат. Алардын саясатын Кыргызстанда каалагандай жүргүзүп беребиз деп айтышкандан кийин ошол саясатчыларды колдоп, ал эми алардын кызыкчылыгына жооп бербеген адамдарды шайлоо алдында четтеткен атышат. Биздин өз алдынча саясат жүргүзгөн саясатчыларга каршы иштеп атышат.


Орусиянын эң ири делген маалымат каражаттарынын бардыгын Кремль көзөмөлдөп турат. Андыктан ири телеканалдардын бири болгон НТВ да Орусия төбөлдөрүнүн көрсөтмөсүн аткарып аткан болуусу ыктымалдыгы айтылууда.


Эх Россия, Россия...


Шайлоону утурлай бир катар ири саясий партиялардын лидерлери Москвага каттап калышкан. Айта кетсек, ай башында Социал-демократтардын лидери Алмазбек Атамбаев Москвада Владимир Путин менен жолугушса, “Республика” партиясынын жетекчиси Өмүрбек Бабанов Орусиянын президентинин администрация башчысы Сергей Нарышкин менен жолугуп кайтты. “Ар намыс” партиясынын лидери Феликс Кулов болсо Орусия президенти Дмитрий Медведевге жана Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаевге да жолукканга үлгүрдү. Чырлуу видеосу кайрадан пайда болгон “Ата Мекен” партиясынын лидери Ө.Текебаев да жакында эле Н.Назарбаев менен жолугуп кайтты.

Бул жерде бийликке келип калса күчтүү президенттик мамлекет курууну убада кылган “Ар намыс” партиясынын лидерине көңүл буруу ылайыктуу. Анткени аны Орусия президенти өзү кабыл алып, Кремль аны колдой тургандай элес калтырды.

Мындай жагдайда алдыдагы парламенттик шайлоодо негизги талапкер делген “Ата Мекен” партиясынын лидери тууралуу Орусияда каралоочу маалыматтардын таратылышы ырасмий Москванын кимди колдоп, кимди колдобой турганын ачыкка чыгаргандай болду.

Коомдук телерадио корпорациянын байкоочу кеңешинин мүчөсү, конфликтолог Жыргалбек Касаболотовдун пикиринде, Орусияда Кыргызстандагыдай коомдук телеканал жок. Ири, таасирлүү маалымат каражаттарын Кремль көзөмөлдөйт. Андыктан Ө.Текебаев делген чуулгандуу тасманын көрсөтүлүшүндө Орусия жетекчилигинин салымы болушу толук мүмкүн:
Ж.Касаболотов

- Орусияда маалымат каражаттарынын көпчүлүгү бийликтин көзөмөлүндө. Ошондуктан ал жакта бийликте отургандардын бул ишке таасири бар болушу керек деп ойлогонго толук негиз бар. Шайлоо жакындаган сайын мындай ыплас технологиялар дагы күч алат болушу керек.


Шайлоодо татыктууларды эл тандайбы, же Кремлби?


Ошондой эле Ж.Касаболотовдун пикиринде, кыргыз саясатчылары Кремль төбөлдөрү менен жолгушууга кезекке туруп жаңылыштык кетиришүүдө. Анткени алар эң оболу кыргыз элинин көңүлүн алып, коомчулуктун сынынан өтүшсө болмок. Азыр болсо Москва менен кудалашып жүргөндөрдү нааразы болгон эл шайлабай коюшу мүмкүн:

- Биздин шайлоого аттанган саясатчылардын Москвага улам-улам каттап атышканы, чет жакка улам-улам каттап ошолордун көңүлүн алалы деген аракети бир нерсени көрсөтүп турат. Бизде өзүбүдүн элибиз саясий жактан жетилип калды бир топ. Ал эми биздин саясатчылар жетилбей, дагы эле ошол эски стереотиптер менен ой жүгүртүп атышат. Биринчи кезекте кыргыз элинин көңүлүн алыш керек. Кыргыз элинин каалоосун, позициясын билгенден кийин, бийликке келгенден кийин гана башкалар менен байланышса болот. Азыр башкалар менен миң сүйлөшкөн күндө да кыргыз эли кимди өткөрбөйм десе, ошону өткөрбөй коёт. Эл менен эсептешпеген саясатчы эмне болору эгемендик алгандан бери эле эки жолу далилденди.

“Кыргыз парламентарийлери коррупцияга каршы” коомдук бирикмесинин жетекчиси Кубанычбек Өмүралиевдин пикиринде, маалыматтык чабуул жаатында оболу Москвага сын айтуудан мурда кыргызстандык саясатчылардын өзүн карап көрүү керек. Анткени алар кичине бир нерсе болсо эле Москвага жөнөп, өз алдынча маселе чече албай келишет.

Анын үстүнө Орусия президенти Д.Медведев да ар кыл жыйындарда бир канча жолу Кыргызстанга парламенттик система жарашпасын, ал тургай бул кыйроого алып келерин айткан. Ал эми ошол парламенттик системаны алып келгендердин башында 7-апрелден кийин Ө.Текебаев турганы белгилүү:

- Орусиянын президентинин жанагинтип бир-эки жолу Кыргызстан тууралуу сүйлөгөнү, жумшак айтканда дипломатиялык иш болбой калды. Силерге парламенттик система жарашпайт деп атпайбы ал. Жаманбы же жакшыбы биз өзүбүз жазып баш мыйзамды, биздин эл өзү кабыл алгандан кийин башка өлкөнүн президенти терс пикирин айтканы дегеле туура болбойт, эл аралык дипломатияда жок андай. Мына президенттин ушундай сөздөрү алардын түрдүү технологияларды колдонуусуна себепчи болууда.

Шайлоо алдында минтип Москванын көңүлүн алуу аракеттери күч алганы, Орусиянын маалымат каражаттарынын Кыргызстандагы саясий оюндарга батыл аралашуусу - парламенттик шайлоонун жыйынтыктарына таасир этүүчү куралдар болуп калды. Бирок эки жолу ыңкылапты баштан кечирип, ушул тапта авторитардык коңшуларга караганда кыйла жогору эркиндиктерге ээ, ар-тараптуу маалымат алганга мүмкүнчүлүгү болуп калган кыргыз коомчулугу андай амалдарга алданабай коюшу да мүмкүн.

XS
SM
MD
LG