Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 06:00

Пхеняндын «айбалтасы» жана айбаты


Түндүк Корея армиясы жаңы ракеталарды сыноодон өткөрүүдө
Түндүк Корея армиясы жаңы ракеталарды сыноодон өткөрүүдө

Түндүк Кореянын армиясы дүйшөмбү күнү күжүрмөн даярдык абалына өткөрүлдү. Бул чара АКШ жана Түштүк Корея аскерлеринин Корей жарам аралында башталган жылдык машыгуусун утурлай кабыл алынды. 9-мартта Пхенян бир кыйла каардуу билдирүүлөрдү жасады.

Ырасмий Пхенян эбактан бери эле Кошмо Штаттар менен Түштүк Кореяны Түндүк Кореяны басып алганга камданып жүрөт деп күнөөлөп келет. Бирок 9-мартта Түндүк Корея мурдакыга караганда бир кыйла каардуу билдирүүлөрдү жасады.

«Эгер согуш отун тутандыруучулар биздин кайра-кайра эскерткенибизге карабай согуш баштачу болсо, биздин ынкылапчыл куралдуу күчтөрүбүз чечкиндүү, айоосуз жооп берет. Бул согуш биригүү үчүн болот»,- деди Түндүк Корея армиясынын өкүлү өкмөттүк телеканалдан сүйлөп. Ал Пхенян космоско учурчу жердин жасалма жандоочусу атып түшүрүлсө, согуш башталат деп да эскертти: «Биздин тынчтык максатында пайдалануучу жандоочуларыбызды атып түшүрүү, албетте, согушту билдирет».


Түндүк Корея ошондой эле Пхенян- Сеул арасындагы бирден бир байланыш каналы 9-марттан кечиктирбей кесиле турганын да маалымдады: «Биздин армия Түндүк жана Түштүк Корея ортосундагы 9-мартта иштеп турган жападан жалгыз байланыш каналын кесет».

Пхеянындын ырасташынча, жердин жасалма жандоочусу улуттук телекоммуникация системасын өнүктүрүү максатында учурулат.

АКШ жана Япония коммунисттик Корея жердин жасалма жандоочусун сыноодон өткөрөбүз деп коюп, алыс аралыкка уччу «Тепходон-2» ракетасын сынамакчы болууда деп шектенишүүдө. Себеби, буга чейин Түндүк Корея ядролук бомбаны сынап көргөн. Улуттар Уюму Түндүк Кореянын ядролук программасына, анын ичинде баллистикалык ракеталарды сыноосуна тыйуу салган.

Маалымат каражаттары өткөн жумада Түндүк Корея жандоочусун космоско учурса, Япония жана АКШ жасалма жандоочу жүктөлгөн ракетаны атып түшүрүшү мүмкүн экенин билдиришкен.

Япония бүгүн Түндүк Кореяны кырдаалды курчутпоого жана сабырдуулукка чакырды. «Биздин өкмөт Пхеняндын сабырдуу болуусун суранат. Анткени, Түндүк Кореянын сүйлөгөн сөздөрү регионду бейстабилдештирип, тынчтыкты бузат», - деп билдирди Япониянын министрлер кабинетинин катчысы Такэо Кавамура.

Пхенян орбитага жандоочусун качан учураарын маалымдай элек. Бирок серепчилер - бул окуя АКШлык-Түштүк Кореялык 12 күндүк аскерий машыгуу жүрүп жаткан тушта болушу мүмкүн деп боолгошот. 50 миңдей аскер катышкан машыгуу 20-мартка чейин созулуп, аскерлер Түштүк Кореяны тышкы жоодон коргоонун жолдорун үйрөнүшөт.

Айырым талдоочулардын пикиринче, Түндүк Корея согуш добулбасын президент Барак Обама башындагы жаңы администрациянын көңүлүн өзүнө бурдуруу, ядролук программасына таянып, көбүрөөк саясый-экономикалык утушка жетишүүнү көздөйт.

Түндүк жана Түштүк Корея 1950-53-жылдардагы согуштан кийин ок атууларды токтотуу жөнүндө гана макулдашып, тынчтык келишимине кол коюшпагандыктан алиге согуш абалында.

Ушундан улам, ырасмий Пхенян учурдан пайдаланып, Вашингтондон дипломаттык колдоо алып, ордуна Сеул менен тынчтык келишимин түзүшү да ыктымал.

Эгер коммунисттик Корея Түштүк Корея менен тынчтык келишимин түзүүгө ынанса, Япония жана Батыш Түндүк Кореядагы кимдер династиясынын режимин өзгөртүүнү талап кылбай калат, деп Ройтерс агенттиги жоромол кылат.

XS
SM
MD
LG