Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 16:21

Таиланддагы тирештин табы кайта элек


Бангкоктогу көчө уруштарынан бир көрүнүш. 15-май, 2010-ж.
Бангкоктогу көчө уруштарынан бир көрүнүш. 15-май, 2010-ж.

Таиландда армия башкалаа Бангкоктун борборунун бир бөлүгүн “ок атылуучу аймак” деп жарыялады. Берилген эскертүүгө ылайык, армия ал аймакка кирген демонстранттарга каршы курал колдонуусу мүмкүн.

Мунун алдында Бангкокто акыркы үч күндөн берки кагылыштардан кеминде 22 адам өлүп, 170тен ашуун киши жаракат алды.

Бангкокто азыр аскерлер өкмөттү кулатууну көздөгөн “кызыл көйнөкчөндөр” жайгашып алган жерди курчап турушат. Өкмөттүн кызматтан чегинүүсүн талап кылган миңдеген демонстранттар көп кабатуу үйлөр, дүкөндөр, баасы кымбат мейманканалар жайгашкан аймакта баррикадаланып, өз лагерин түзүп алганына эки айдан ашты. Өкмөт азыр алар менен сүйлөшүүдөн баш тартып, демонстранттарга кысым көргөзүү үчүн ошол аймакка суу, электр кубаты берилишин, тамак-аш жеткирилишин чектөөдө. Бийлик кырдаал көзөмөлгө алынды деп ырастаганы менен демонстранттар жайгашып алган жердин айланасынан утур-утур жарылуулардын жана атылган октун үнү угулуп жатат.

Армиянын өкүлү Сейнсирн Кеакамнерд бүгүнкү басма сөз жыйында демонстранттар жайгашкан аймактагы акыркы иш-чаралар алардын саны азайуусуна алып барганын билдирди:

- Мурда, күчөп турган кезинде топтолгондор саны күнүнө 10 миң, бери дегенде 9 миңге жетип турган. Бирок кечээ кечтен тартып биз нааразылык өтүп жаткан аймактын айланасына көзөмөлдөп-өткөрүүчү бекеттерди орноткондон кийин демонстранттар саны 5 миңге чейин түштү. Эгер биз дагы олуттуу кысым көргөзсөк, демонстранттар саны мындан дагы төмөндөйт деген ишенимдебиз.

БУУнун башкатчысы Пан Ги Мун тараптарды зордук-зомбулуктан карманууга чакырды. Кошмо Штаттар да өкмөттү жана демонстранттарды ортодогу карама-каршылыктарын тынч чечүүнүн жолун табууга үндөдү.

"Кызыл көйнөкчөндөрдүн" бир өкүлү.


Аскерлер көздөн жаш агызуучу газ, желим окторду, ошондой эле чыныгы
ок-дарыларды да колдонсо, демонстранттар күйүүчү май куюлган бөтөлкөлөрдү, от коюлган дөңгөлөктөрдү пайдаланууда.

Бийлик өкүлдөрүнүн ырастоосунда, аскерлер өзүн-өзү коргоо үчүн гана атып жатат. Кагылышуулар учурунда үч журналист да жаракат алган. Алардын бири канадалык калемгер.

Демонстранттардын лидерлеринин бири Жатупорн Промпандын айтымында, журналисттер демонстранттардын коопсуздугуна кол кабыш кылууда:

- Мен досторум айттым, массалык маалымат каражаттарынын өкүлдөрү бул жерде болгон кезде биз коопсузураакбыз. Эгер алар кетип калса, биз эмне болорубузду билбейм.

“Кызыл көйнөкчөндөрдөрүн” көбү - өлкөнүн айыл жерлеринен чогулган, калктын жакыр -жалчы катмарынын өкүлдөрү жана 2006-жылы аскерий төңкөрүш аркылуу бийликтен кулатылган мурдагы премьер-министр, учурда сүргүндө жүргөн Таксин Чинаватранын жактоочулары. Мурдагы өкмөт башчынын бийликтен кулатылуусун мыйзамсыз эсептеген демонстранттар азыркы премьер-министр Абхисит Ветчачивадан парламентти таратып, жаңы шайлоо жарыялоону талап кылууда. Кезинде Оксфорддон билим алган азыркы премьер шаардык элитанын өкүлү катары эсептелет. Ал шайлоону ноябрда өткөрүүнү сунуш кылды, бирок “кызыл көйнөкчөндөр” менен апрелдеги кан төгүү үчүн ким жоопкер болот деген маселеде мунасага келе албады.

Өкмөт менен “кызыл көйнөкчөндөр” ортосунда эки айдан ашуунга созулган тирешүүдө жалпысынан 42 адам өлдү, 1400дөн ашуун жаракат алды. Азыркы окуяларды Таиланддын акыркы 20 жыл ичиндеги эң олуттуу саясий кризиси катары кароого болот. Анын натыйжасында Бангкоктун бир бөлүгүндө жашоо токтоп, өлкөнүн туризмге көз каранды экономикасына олттуу эле зыян тийди.
  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG