Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 00:46

Референдумга Орусиядан сегиз миңдей кыргызстандык катышат


Москвадагы шайлоо участкасы. Былтыркы парламенттик шайлоо учурунда тартылган сүрөт.
Москвадагы шайлоо участкасы. Былтыркы парламенттик шайлоо учурунда тартылган сүрөт.

Конституцияны өзгөртүү боюнча 11-декабрда өтө турган референдумга Орусияда жүргөн кыргызстандыктардын сегиз миңге жакыны катышат. Москвадагы элчиликтин маалыматына караганда, консулдуктар каттоого алгандардын жалпы саны 7427 адамды түздү. Анын төрт жарым миңден ашууну Москва шаарында жана Москва облусунда.

Элчиликтин басма сөз катчысы Гүлбарчын Байымбетованын айтымында, референдумга катышууга 18 жашка толгон, биометрикалык маалыматын тапшырып, консулдуктарда каттоого алынгандар гана акылуу.

Москвадан тышкары, Екатеринбургдагы шайлоочулардын саны - 593, Красноярскта – 591, Владивостокто – 663, Новосибирскте – 427, Cанкт-Петербургда – 581.

Расмий маалыматтарга ылайык, Орусияда 600 миңге чукул кыргызстандык мигрант иштейт. Бейрасмий миллиондун тегерегинде.

Тышкы иштер министрлиги Референдум күнү 25 чет өлкөдө 35 шайлоо участкасы ачылып, 14 004 жаран добуш берерин маалымдаган. (LzT\SE)

XS
SM
MD
LG