Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:10

Бангкокто чукул кырдаал киргизилди


Паттайя: демонстранттар Түштүк-Чыгыш Азия мамлекеттери бирикмесинин саммитти өтүп жаткан имаратка кирүүгө аракеттенишүүдө, Тайланд, 11-апрель, 2009-жыл
Паттайя: демонстранттар Түштүк-Чыгыш Азия мамлекеттери бирикмесинин саммитти өтүп жаткан имаратка кирүүгө аракеттенишүүдө, Тайланд, 11-апрель, 2009-жыл

Тайланддын борбор шаары - Бангкокко жана анын тегерек четине чукул кырдаал жарыялангандан кийин танктар менен аскерлер киргизилди. Анын алдында антиөкмөттүк чыгуулар Түштүк-Чыгыш Азия мамлекеттери бирикмесинин (АСЕАН) саммиттин үзгүлтүккө учуратышкан. Демонстранттар экс-премьер Таксин Шинаватранын кызматка кайра коюлушун талап кылышууда.

Өлкөнүн ички иштер министрлигине болгон чабуулдан кийин премьер-министр Абхисит Вейжажива чакан телекайрылуусунда демонстранттарга каршы катуу чаралар көрүлөрүн эскертти:

- Силердин башкалардын укуктарын бузууга акыңар жок. Мындай аракеттерди токтотууңарды суранам. Ал эми аларды улантсаңар, бул – мыйзамга каршы катары бааланат жана биз мыйзамды камсыздоого чечкиндүү түрдөө киришебиз.

Ишемби, 11-апрелде Паттайя курортунда демонстранттар тополоң чыгарып, Түштүк-Чыгыш Азия мамлекеттери бирикмесинин (АСЕАН) саммиттине келген чет өлкөлүк лидерлерди тик учактар менен эвакуациялоого туура келген.

Нааразылык чарасынын башында турган адамдардын бири Арисмун Понгрейнгронг жекшембиде камакка алынды. Ушул эле күнү өкмөт башчы Бангкок жана анын жака белдеринде чукул кырдаал киргизилгенин жарыялады.

Буга демонстранттар ички иштер министрлиги жайгашкан имаратка чабуул коюу менен жооп беришти. Премьер-министр дал ошол имараттан чукул кырдаал тууралуу билдирген. Кабарларга караганда, демонстранттар бир катар кан жолдорду жана кеминде бир темир жолду тороп салышты.

Куралчан аскерлер жана полиция падышанын сарайы, парламент жана өкмөт үйү орун алган аймакты катуу кайтарышууда. Бирок алар демонстранттарга каршы азырынча чара көрүшкөн жок.

Анын аралыгында вице-премьер-министр Сутеп Таугсубан армия менен полицияга кайрылып, чукул кырдаал режимин сактоо багытында арактетенүүгө чакырды:

- Бийлик өкүлдөрү, полициячылар жана жоокерлер, иш-аракеттериңерди мыйзам чегинде жүргүзгүлө. Андай болбосо, өлкөгө мындан да көп зыян тиет. Биз тынчтыкты жана тартипти мүмкүн болушунча тезирээк орнотууга тийишпиз. Жетекчи катары, мен силердин иш-аркеттериңер үчүн жоопкерчиликти өзүмө алам.

Саммиттин алдында мурдагы өкмөт башчы Таксин Шинаватранын 100 миңдей тарапкери көчөлөргө чыккан. Таксин 2006-жылы аскерий төңкөрүштүн натыйжасында кызматынан кетирилген. Ал коррупция ишине байланыштуу 2 жылга сыртынан түрмөгө кесилген жана ушу тапта ыктыярдуу сүргүндө жүрөт. Анын колдоочулары азыркы өкмөт башчынын чегинишин жана жаңы шайлоонун өткөрүлүшүн талап кылышууда.

Абхисит 4 ай мурда парламенттик шайлоону жеңип, бийликке келген. Анын алдындагы өкмөт добуш берүү мыйзам бузуулар менен коштолду деп таркатылып жиберген.

XS
SM
MD
LG