Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 21:32

Талас: дыйкандар кант кызылчасына акчаны толук ала элек


Таластык дыйкандар Маймак станциясына 20-ноябрда эле кант кызылчаларын жеткиргени менен кызылча акысын толук ала элек. Завод кызылчанын тоннасын 3500 сомго баалап, түшүмдүн 50 пайызын даяр кант менен эсептешмей болду.

Быйыл Таласта миң гектар жерге кант кызылчасын айдоо пландалганы менен дыйкандардын жарымы андан баш тарткан. Өкмөттүн облустагы өкүлүнүн орун басары Чолпонбек Төрөкуловдун айтымында, акыркы жылдары кант кызылчасын айдоодон дыйкандар кооптонуп калышкан.

Облуста кызылчага түшүм гектарына 31-35 тоннадан айланды. Эми облус дыйкандары жеткирген Маймак станциясынан Чүйдөгү “Кайыңды кант” заводуна кант кызылчасы темир жол аркылуу ташылып кетет. (SS)

XS
SM
MD
LG