Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 03:40

«Салбурун» федерациясынын түзүлгөнүнө 4 жыл болду. Федерация кыргыз элинин илгертен келе жаткан салттуу маданиятын өнүктүрүү максатында ачылган.

«Салбурун» федерациясынын түзүл¬гөнүнө төрт жылдын жүзү болду. Бул федерация кыргыз элинин илгертен келе жаткан салттуу маданиятын өнүктүрүү максатында ачылган. “Салбурун” деген сөз - кыргыздын нукура сөзү. Мындай сөз «Манас» эпосунда да кездешет. Илгери кыргыз жигиттери ат минип, колуна куш кондуруп, жаа асынып, тайгандарын ээрчитип ууга чыгышканы белгилүү.

“Салбурун” деген мына ушундай жагдайда аңчылыкка чыгуу дегенди түшүндүрөт. Аталган федерация жаа атуу, тайган агытуу, куш салуу өнөрлөрүн маданияттын бир тармагы катары өнүктүрүү менен келечекте спорттун түрүнө айлантууну көздөшүүдө.

Үч өнөрдү аздектегендер үчүн аталган федерациянын уюштуруусу менен жыл сайын Эл аралык фестиваль Ысык-Көл аймагындагы Бөкөнбаев айылында өтүп келет. Кыргыз тайганын аздектеп, аны эл аралык деңгээлге даңазалоону максат кылган федерациянын негиздөөчүсү, Эл агартуунун отличниги, грек-рим жана эркин күрөшү боюнча спорттун чебери Алмазбек Акунов менен маектештик.

Азаттык: -Алмаз мырза, салбурун деген сөздүн маани маңызын көпчүлук биле бербейт. Ушул салтты улантууга мезгил жетти көрүнөт?

Алмаз: -Чынында салбурун деген сөздүн өзү кыргыз тилинин лексиконунан жоголуп кете жаздаптыр. Илгертен алдуу күчтүү эр азаматтар чогулушуп, жаа камдап, куштун кыраанын таптап, кыргыздын алгыр тайгандары менен ууга аттанышканы салбурун делчү.

Кыргыз элинин табиятты көздүн карегиндей сактоого болгон улуттук философиясы, ой туюмдары көчмөн цивилизациясы менен тутумдаш жүргөн. Кыргыздар кайберенди, жапайы жаныбарлар менен жырткыч айбанаттарды оголе көп кырганга барбаган, өз керектөөсүнөн тышкары атпаган.

Жаратылышка ашыкча кол салып жиберген көрүнүштөрдү айыптап, "Кожожаш" эпосун эл өзү чыгарган эмеспи. Жигиттер салбурунга чыгарда тажрыйбалуу аксакалдар уй мүйүз тарта кеңешип, "Куштун пири Буудайык, иттин пири Кумайык", жолуңар болуп, шыралгалуу келгиле деп ак батасын жабыла берип узатышчу.

Мына ушул элибиздин улуттук өнөрүн кайра жандандыруу, керек болсо дүйнөгө даңазалоо максатында акыркы төрт жылдан бери "Салбурун" фестивалын өткөрүлүп келатабыз. Тоң районунун Бөкөнбаев айылындагы ат майданында республиканын чар тарабынан эл келип, "Салбурун" фестивалына катышканы мүнүшкөрлөр, тайганчылар, жаа мергендери келүүдө.

Азаттык: -Быйылкы фестиваль Бишкекте өтөт деп мурда айткан элеңиз? Эмнеге Бишкекте өтпөй кайра Тоңдо өткөрүлүп жатат?

Алмаз: -
Албетте, былтыркыга караганада быйылкы фестивалды алда канча жандуу, маштабдуу Бишкекте өткөрүүгө дене тарбия жана спорт агентиги менен мурда макулдашкан элек. Тилекке каршы каражат маселеси чечилбей, жетекчилери дагы алмашып, Бишкекте болбой калды.

Кайра эле адаттагыдай Тоңдо өткөрүүгө демөөрчү, каражат издеп чуркап жүрөм. Биздин демилгени ар тараптан колдоп келаткан “Айкөл” үрөөнчүлүк чарбасына быйыл 80 жыл толот. Ошондуктан быйылкы фестиваль аларга арналып, байгелердин алар дагы кол кабыш кылууда.

Оюндардын түрлөрүнө: жааны алыстыкка атуу, жааны бутага атуу, коёнго, түлкүгө, карышкырга тайган агытуу, ушул эле айбанаттарга бүркүт салуу өнөрүбүз чет элдиктердин дагы адаттан тыш кызыгуусун жаратууда. Былтыркы фестивалга Казакстан, Түркмөнстан, Орусия, Тажикстандан мүнүшкөрлөр, өкүлдөр келишкен. Бул ирет каражат маселеси чечилбей аларды чакырган жокпуз.

Азаттык: -Алмаз мырза, салбурун салтыбыз кыргызды дүйнөгө таанытууга бир үлгү болуп бере алабы?

Алмаз: -Улуттук оюндарды кайра жандандырып жайылтуунун максаты тереңде. Монголияда көчмөн элдин абалтадан келаткан маданиятын, каада-салтын, улутту айырмалап турган бардык баба мурастарын сактап калгандыктары үчүн дүйнө туристтеринин ошол өлкөгө көбүрөөк кызыгуусу байкалууда. Испаниялыктардын бука челиш улуттук оюнуна дүйнө эли кызыгып, аны алардын бренди катары санашат. Биздин улуттук оюндардын салбурун фестивалын өткөрүүгө мамлекеттик деңгээлде көңүл бурулбай келатканы, ишкерлер дагы кайдыгер мамиле кылганы абдан өкүндүрөт.

Салбурун - бул жөн эле улуттук оюн-зооктун түрлөрүн жайылтып тим болуу гана эмес. Мергенчилик, мүнүшкөрдүк, саяпкердик өнөрдүн баары кыргыздын турмуш-тиричилигине, жашоосуна тыгыз байланышып келген. Ал көчмөн цвилизациясынын айрылгыс бир бөлүгү.

Жаш муундарга салбурунду спорттун түрү катары өнүктүрүп жайылтуу кажет. Себеби кыргыз баласы 200 жылга чамалаш мезгилдерден бери дээрлик жаа атпай калган. Салбурун буга чейинки кылымдардан бери тиричилик үчүн керектүү ата -бабадан келаткан салт, зарылчылыктан чыккан спорттун түрү болуп келген болсо, ал эртеңки күнү Кыргызстандын туризм тармагынын брендинин бири болуп калары бышык.

Азаттык: -Куш салуу өнөрүнүн эрежелерин иштеп чыктыңыздар беле?

Алмаз:- Ооба, куш салгандын да эрежелери, ирети болот, үндөөк деп коет, куш канчалык алыстан ээсин таанып учуп келсе, ошончолук ага жогорку баа берилет. Андан кийин программа боюнча коенго, көгүчкөнгө, өрдөккө салат кушту. Куш алыстанбы же жакын жерденби, иши кылып жаныбарга кол салып кармаса, ага өзүнчө упай ыйгарылат.

Ошол упайлардын негизинде 1-2-3-орундарды ээлеген 3 куш, 3 тайган, 3 бүркүт болот. Мына ар жыл сайын Англияда куш салуу боюнча эл аралык мелдеш өткөрүлөт, биз ошого жолдомо алып, эки ирет катышып келдик.

Азаттык: - Коңшу казактар мүнүшкөрлүк өнөргө өзгөчө маани берип жүрүшөт? Алар бул салбурун салтын менчиктеп алышпайбы?

Алмаз: -Эртерээк чара көрүп, муну улуттук оюн катары расмий түрдө каттап алышыбыз керек. Казак туугандар да салбурунду өздөрүнө менчиктеп атышат. Ал жакта буга өкмөттүк деңгээлде көңүл бурулган. Биз эртелебесек, дүйнө эли салбурун казакка таандык деп кабылдап калат да, биз экинчи орунда калып калабыз. Улуттук чоң каада-салтыбызды жөн жерден алдырып жиберишибиз мүмкүн. Андыктан, улуттук каада-салтыбызды, кийимдерибизди, тайгандарыбызды бөлөк улутка, бөлөк мамлекетке тарттырбай, ата-бабадан бери келаткан бул жосунду кийинки урпактарга өткөрүп беришибиз керек.

Эң мыкты деген арабдар, түркмөндөр, казактар биздин куштарды, тайгандарды сурап келишет. Биздики баарынан мыкты, тайгандарыбыз таза кандуу. Кошулмасы жок, чыныгы алгыр тайган, куштар бизде болгондуктан, алар бизден чочулап турушат. "Кыйыны кыргыздардан чыгат" деп күтүп турушат.

Бир жылдары Арабияда самолеттон 100 ителги кармалып, кайра кыргыз тоолоруна кое берилди. Анда да чоң чатак чыккан. Ошонун баары арабдардын акчасы көптүгүнөн, андан да биздин куштарга өтө кызыкдар экенинен болду. Кыргызда куш, тайган жөнүндө бир топ уламыштар айтылат.

Мен жаштарыбызга айтарым, бизде кыйла федерациялар бар, жеке эле күрөш эмес, кыргызга таандык ордо, улак тартыш, тогуз коргоол ж.б. Мына, салбурун да кудай буюрса кирип, жаш муун ушул спорттун түрү менен машыкса, дүйнө жүзүнө тараса, бизде да чоң мелдештер өтсө дейм. Биздин оюндар кереметтүү! Олимпиадада, дүйнөлүк чемпионатта ойнолчу оюндар! Ушуга кыргыз өзү күйүп, салым кошуп, кайдыгер карабашы керек.

Азаттык:- Кыргызстандын башка өлкөлөрдү чакырып, салбурун боюнча мелдеш өткөрүүгө мүмкүнчүлүгү барбы?

Алмаз: -
Кыргызстанда мелдеш уюштуруу үчүн биз адегенде өзүбүз куш салуу, ит агытуу боюнча таанылышыбыз керек. Кыргызда "карга баласын кулаалы басат, кулаалыны ителги басат" деген жакшы сөз бар. Ителгини алганда аны балапан кезинен үйрөтөт. Ителгинин эркеги менен ургаачысы бириксе өздөрүнчө аймакка ээ болушат.

-
Ал жерге эч ким барбайт жана алар өздөрү да башка жакка өтпөйт. Бул анын канына сиңип калган. Ителгинин учканын көрсөк, анын уясына барып кабар алып турабыз. Учаарына бир ай, жарым ай калганда алып кетебиз. Ителгинин эркеги кичирээк, ургаачысы чоң, алгыр, кыраан болот. Балапандарын да ургаачысы багат. Эгер эки балапанын алып койсоң, экинчи ал жерге балапан чыгарбай коет.

Өзүңө жакшы үйрөтүп алсаң, сен машине менен кетип баратасыңбы, атчансыңбы, жөөсүңбү, ар убак тээ көктө калкып сени айланып учуп жүрөт, чакырсаң учуп келет. Өрдөккө же коенго саларда томого кийгизип, андан соң чечип салсаң, учуп барып баса калат. Ителги куштун айырмасы ушул.

Мисалы, бүркүт алган жаныбарын басып алып, каалаган жеринен чокуп жей берет. Ал эми ителги учуп барып тээп, тумшугу менен мууздап салат да, ээсин күтүп отурат. Биз ителгини Кызыл китепке киргизип, асырап сакташыбыз зарыл. Ителги менен тайгандын кыргызга таандык экенин өзүбүз да билип, өзгөгө да билдиришибиз керек.

Азаттык:- Ителгини жакшы карабай койсо, ээсин таштап учуп кетери чынбы?

Алмаз:
-Учуп кетет. Учуп кеткен күндө да ал өз жанын өзү багып кетет. Анын канында бар. Бирок таптакыр кол үзбөйт. Кез-кези менен келип турат. Бир жигит куш кармап келип багып жүргөн экен. Армияга кеткенде тууган-туушкандары эми муну кыйнабайлы деп кушту учуруп жиберишет. Ал байма-бай кайрылып, үй башына конуп, кайра кетип жүрчү экен. Эки жыл өтүп, бала армиядан келгенде баягы куш кайра келген.

Азаттык:- Ак шумкар бүркүттөн чыгабы, же ителгиден чыккан кыраанбы?

Алмаз: -
Ителги дегендин 48 түрү болот. Эң бийиги, алп кырааны Ак шумкар менен Кара шумкар. Баары тең эле бир тукумдан тараган ителгилер, аттары гана башкача аталып калган. Ителгини ылаачын деп да атаса болот. Ал калган куштардан айырмаланып, алгыр келип, адам колуна бат көнөт. Бирок бардык кишиге эле дароо көнө бербейт, тандап конот. Кээ бир кишилердин колунан өлүп калат, же учуп кетет.

Илгери колго конуп турган кушту ханга тартуу кылчу экен. Жигиттерди да куш кондуруп сынаган, элдин аң сезиминде ал эр жүрөк, жүрөгү таза кишиге бат көнөт деген ишеним жашаган. Байкасаңар, сүрөттөрдө да баатырлар кушу менен болот.

Андыктан, ата-бабаларыбыз сактап келген улуттук оюндарды ойноп, куштарланып жүрсөк кандай сонун болор эле. Биз деле өзүбүз менен ала кетмек белек, өнөрүбүздү жаштар алып калса дейбиз. Компьютер, техника заманында жашап атабыз, бирок ага карабастан кыргыз болгондон кийин, каныбызда, дилибизде жашаган нерселерди ойготсок, улут катары бекемделип, түбөлүккө жашайбыз.

Азаттык: -Алмазбек мырза, тайганга кызыгып калышыңызга эмне себеп болгон?

Алмаз: -
Кичине кезимден эле тайганды жакшы көрөм. Анан тарыхка кызыгам. Элибиздин өткөн күндөрүн барактай келсем, ар бир баатырдын тайганы болгон экен. Ал тайганы кайда болбосун дайыма жанында жүргөн. Ошондон улам кыргыз тайганынын тарыхын изилдеп, спорттун бир түрү кылып алып чыгууну максат кылдым.

Азаттык: - Учурда сиздин колуңузда канча тайган бар? Аларды кайдан алгансыз?

Алмаз: -
“Салбурунда” азыр он тайган бар. Аларды Кыргызстандын бардык аймактарын кыдырып жүрүп таап келгем. Айрымдарын бекер алсам, айрымдарын 1 карага сатып алдым. Мисалы, Ат-Башыдан 1 тайганды 1 англис жылкысына алмаштым. 1 тайга да алмашкан учурлар болгон. “Соодада достук жок” дегендей, акчага сатып ала турган болсок алгыр тайгандардын баасы илгертен кымбат.
Азаттык:- Кадимки эле тамак-аш калдыктарын бересиздерби же атайын тамак даярдайсыздарбы?

Алмаз: - Учурда 10 тайганды эмес, 1 итти багыш кыйын. Ошого карабай арзан эттерден алып беребиз. Этти кээде бышырып берсек, кээде чийкилей беребиз. Айылда атайын мал союлчу жайлар бар. Алар союлган малдын канын челектерге чогултуп коюшат. Ага жем аралаштырып беребиз.

Азаттык: - Ветеринардык дарылоодон өткөрүп турсаңар керек…

Алмаз: -
Жылына 3 жолу ичеги куртка, кутурмага каршы ветеринардык дарылоодон өткөрөбүз.

Азаттык:- Тайгандар үчүн атайын короо салынганбы?

Алмаз: - Биз Бөкөнбаев айылында жашайбыз. Айылдын четинде инимдин мал баккан чоң сарайы бар. Тайгандар ошол жерде кармалат. Жайкысын кадимкидей жайлоого чыгып келишет.

Азаттык:- Кадимки иттердей эле булар деле короо, мал кайтарабы?

Алмаз: -
Тайган илгертен эч качан короо да, мал да кайтарбайт. Булардын мүнөзү иттердикиндей эмес. Үйгө чоочун адам кирсе ажылдап үрүп, тиштегилебейт. Жөн гана жата беришет. Булардын жооштугун ушундан билсең болот. Ким жетелеп кетпесин кың дебей кете берет. Тайгандарды аңчылыкка гана алып чыгабыз. Алардын жүрөктүүлүгүн ошондо билебиз.

Азаттык:- Тайган канча жаштан баштап агытылат жана кантип үйрөтөсүздөр?

Алмаз: -
Тайганды 6-7 айынан тарта аңчылыкка алып чыгабыз. Аларды үйрөтүүдө эч кандай деле кыйынчылык жок. Анткени алар аркар-кулжа алууга жаратылышынан жөндөмдүү. Башкача айтканда, канында бар. Болгону, жаңы агытылган тайганды, жемин коё бербеген алгыр тайгандардын жанында көп алып жүрүү керек.

Азаттык:-Тайгандар канча жашка чейин күчтөн тайбайт жана канча жылга чейин жашашат?

Алмаз: -
Негизи, тайгандар 12-13 жашка чейин жашашат. Бирок 8-9 жашка чейин күч беришет. Андан кийин аңчылыкка алып чыксаң текеге да алы жетпей калат. Азыр мендеги тайгандардын үчөө карып калды.

Азаттык:- Мисалы, англис тайгандарынын көрүнүшү абдан кооз. Аны Кыргызстанга алып келсеңер болобу?

Алмаз:-
Башка элдин тайгандарын алып келбейбиз. Анткени аларды кошсок кыргыздын таза кандуу тайганын жоготуп алабыз. Кыргыз тайганы жүгүргөндө ага адам эмес, эч бир жандык жетпейт. Бир карасаң тигил тоонун башында, бир карасаң бул тоонун башында дегендей. Аркар- кулжалар биякта эле калышат. 10 чакырым алыска качып кеткен текеге жөн эле жетип коёт.

Накта кыргыз тайгандарынын тукуму аз калып, кызыл китепке түшкөндүктөн, республикадан сырткары чыгарууга тыюу салынган. Илгерки убакта кызга сеп бергенде, тайган кошулса ал кыздын барган жерине даңкы чыгарылчу.

Азаттык:- Башка жерден тайган издебесеңер деле өзүңөрдөн көбөйөт да.

Алмаз:-
Тайгандар бир тууганда 10го жакын күчүк туушат. Тайган бакканды жактыргандар ырымын жасап алып кетишет. Негизи, тайгандардын жүрөктүүлөрү жана коркоктору болот. Кыргыз тайганынын башка тайгандардан айырмасы - жүрөктүүлүгүндө. Аңчылыкка салганга жүрөктүү тайгандарды издөө керек.

Кыргыз тайганы жөнүндө маалымат:
Боюнун бийиктиги - 65-70 сантиметр.
Куйругу - чыгырык тартып турат.
Көзү - күрөң, кызыл түстө.
Бели - ичке.
Көөдөнү - кең.
Кулагы - шалпаң кулак.
Өңү - кара, куу, көк.
Жүнү - тыбыттуу.
Буттары - арткы 2 буту иймегирээк келет.

XS
SM
MD
LG